Өлкөдө сугат суу көйгөйү курч, күздө түшүм эмне болот? Талдоо

© Sputnik / Табылды КадырбековТалаадагы дыйкан. Архив
Талаадагы дыйкан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Жазылуу
Өткөн айда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун фермерлери президенттик администрация жана министрлер кабинетине кайрылып, митингге чыгышты. Дыйкандар сугат суунун жоктугуна нааразы.
Мындай көрүнүш биринчи ирет болуп жаткан жери жок, мындан туура эки жыл мурун да ушундай абалга тушукканбыз. Быйыл таза суу тартыштыгы гана эмес, Токтогул суу сактагычы да бөксө экени байкалууда (ушундай эле аталыштагы ГЭС — Кыргызстандагы эң ири станция). Бирок макалабызда сугат суунун тартыштыгынан гана кеп салып, бул маселенин түшүмгө, анын ичинде эгинге кандай таасир этерине токтололу.
2021-жылдагы кургакчылыктын айынан өлкөдө түшүм пандемиялык 2020-жылдагыдан да эки эсе аз алынганы маалым.

Эмне үчүн Кыргызстанда суу тартыш болууда?

Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев май айында дайралардын агымы нормадан төрт эсе, ал эми 2021-жылдагыдан эки эсе төмөн болгонун айтат. Эмне үчүн анда сугат суунун тартыштыгы ошол кездегидей катуу туюлбаганын сураганыбызда ал акыркы жылдары каналдарды тазалоо жана башка тийиштүү иштерге бир кыйла каражат бөлүнүшү менен түшүндүрдү.
Адатта 200 миллиондон ашпаган каражат каралса, 2022-жылы ушул максатта 950 миллион сом, 2023-жылы — азыр эле 430 миллион (алдыда дагы бар) бөлүнгөн. Натыйжада кургак саратанга камынууга мүмкүнчүлүк жаралган. Чоң Чүй каналынын пайдалуу аракет коэффициенти бул жолу 86 пайызды, ал эми эки жыл мурун 60 гана пайызды түзгөн.
© Sputnik / Табылды КадырбековСуу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев
Директор Государственного агентства водных ресурсов при Минсельхозе Алмазбек Сокеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев
"Ошол убакта биз суунун 40 пайызын коротуп алсак, азыр ал көрсөткүч — 14. Чоң Чүй каналында суунун көлөмү да көбөйүп, агып кирүү ылдамдыгы да жогорулады", — деп түшүндүрөт Сокеев. Анын айтымында, 8-9-июнда суу нормага жетип, бирок май айында фермерлер бардык тилкелерин сугарууга үлгүрбөй калышкан. Ошондуктан азыр жапырт сугат жүрүүдө.
Дыйкандардын баары сугарып үлгүрүшү үчүн суу кезек менен берилип жатат. Кырдаал кыйла жакшырып калды. Маселен, эки жыл мурун Панфилов районуна (Чоң Чүй каналынын ылдый жагы) эң көп дегенде секундасына 1,5 куб метр акса, азыр бул көрсөткүч 2,5-3 куб метрди түзөт. Адис башка маанилүү маалыматтарды да мисалга келтирди.
"Республика боюнча жердин 25 пайызы суу сактагычтагы суу менен сугарылат. Бизде сугарыла турган жер бир миллион гектарды түзөт, анын 250 миң гектарына гана сөзсүз суу берилет. Ал эми калганы жаан-чачын, дайралардын толушунан, демек, табияттан көз каранды", — деп белгилейт Суу ресурстары кызматынын башчысы. Көйгөйдү чечүү үчүн, Сокеевдин пикиринде, төмөнкү чараларды көрүү абзел:
суу топтоочу бассейндерди куруу (иш жүрүп жатат);
каналдарды бетондоо же ал жакта сууну курулай коротпоо үчүн түтүктөрдү орнотуу;
өлкөдө чарбалар аралык (аталган кызматка карайт) жана ички чарбалык каналдар (суу пайдалануучулар биримдигинин балансындагы) бар. Ушул экинчилери аябай начар абалда, ошондуктан мекеме эң көйгөйлүү 55 каналды өз карамагына алды (реформа уланууда, бирок бул көп убакытты алат);
тартыштыкты жоюунун дагы бир ыкмасы — тамчылатып сугаруу, бирок бул фермерлердин өз чечими болууга тийиш. Бул үчүн тийиштүү жабдууга насыя берилет.

Мындай абал түшүмгө таасир этеби?

Сакеев баары эле суудан көз каранды эместигин баса белгилейт.
"Суунун тартыштыгы таасир этер, бирок түшүм үрөндүн сапатынан да, жер семирткичтен, агротехникалык талаптардын аткарылышынан да көз каранды. Мындан тышкары, бизде үшүк да жүрдү. Кайра сээп чыккандарда көчөт жакшы эле, ал эми ошол боюнча калтыргандарда түшүм көйгөйү болуп калышы ыктымал", — дейт ал.
Тегирменчилер бирлигинин президенти Рустам Жунушов да быйыл жаз кеч келип, суук болгонун, сугат көйгөйү да жаралганын эске салды.
"Биз жер-жерлерге чыгып, буудайдын сабагы анчейин узун эмес экенин көрдүк. Дыйкандар түшүм начар болорун болжоп жатышат: буудай дээрлик жок. Айрым райондордо түшүм жыйноонун кажети барбы, чыгым акталабы деген да суроо жаралууда", — дейт Жунушов.
Бирликтин башчысы башка орчундуу факторлорду да атады.
Биринчиден, Кыргызстан адатта тийиштүү эгиндин 90 пайызга жакынын импорттойт. Мисалы, азык алынчу эгиндин түшүмү (мындан ун тартылса, тоют болчу түрү да бар эмеспи) 50-60 миң тоннаны түзөт. Республика боюнча жылына 700-800 миң тонна керектелет.
Экинчиден, өлкө буудайды негизинен Россиядан импорттойт. Россиялык эгиндин бир килограммы 18-19 сом болсо, Казакстандыкы 5-6 сомго кымбат.
Үчүнчүдөн, Кыргызстан импорттоп келген РФтин айрым аймактарындагы табигый шарттардан улам түшүм төмөн болот.
Жергиликтүү тегирменчилер түшүмдүн жыйналышы жөнүндөгү маалымат түшкөндөн кийин гана өз кадамдарын пландашат.
Төртүнчүдөн, тегирмендер дандын кеминде эки айлык корун сакташат.
Бешинчиден, кошумча нарк салыгынын жоюлушунан улам республикада буудайды 33 ун комбинаты импорттойт (эки жыл мурун манжа санагына араң чыгар эле) бул тармак дээрлик калыптанып калды. Сырьё базасын да калыптандырууга тийишпиз, бирок ал үчүн буудай сактай турган чоң аянтчалар зарыл. Бирок көпчүлүк дыйкандарга эгин менен иштөө кирешесиз.
Алтынчыдан, быйыл былтыркыга караганда буудай Россиядан бир топ арзан баада келүүдө. Себеби рублдин курсу сомдун кунуна дээрлик теңделип калды.
Нарын дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2023
Суунун ордуна газ, көмүр, дан алган система кайра кириши керек. Окумуштуунун маеги

КР азык-түлүк таңсыктыгын жоюп (толуктап) алды

Чындыгында Кыргызстан аба шарты жакшы жылдары да азык-түлүктүн көп көлөмүн сырттан алчу. Анан да басымдуу бөлүгү Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттерден келет. Ушул интеграциялык биримдикке мүчө болгондуктан өлкө товарларды, анын ичинде азык-түлүктү пошлинасыз ташый алат.
Жакында эле Айыл чарба министрлиги республика өзүн картошка, бакча өсүмдүктөрү менен толук, ал эми эт, нан азыктары жана кант менен 70-100 пайызга камсыздай турганын билдирген. Анткен менен өлкөдө өсүмдүк майын өндүрүүдө орчундуу көйгөйлөр байкалат.
2023-жылы январь – апрель аралыгындагы импорт туурасындагы Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы төмөнкүчө:
Буудай (144,7 миң тонна):
Россиядан — 140 656;
Казакстандан — 4 083,7.
Өлкө буудайды былтыркы жылдын ушул мезгилине (69,3 миң тонна) караганда эки эсе көп сатып алган.
Кант (дээрлик 21 миң тонна):
Азербайжандан — 8 690,5;
Беларустан — 4 499,3;
Бельгиядан — 2 575,4;
Германиядан — 2 429,6;
Индиядан — 1 802,4;
Ирандан — 780.
Канттын чакан көлөмү дагы бир нече өлкөдөн сатып алынган. 2022-жылдын январынан апрель айына дейре Кыргызстан бул өндүрүмдү эки эседей азыраак (10,9 миң тонна) импорттогон.
Күн карама майы (11,8 миң тонна):
Россиядан — 9 866,7;
Казакстандан — 1 847,9.
Азыраак көлөмдө Армения менен Азербайжандан сатып алынган. Ал эми былтыр ушул убакыт аралыгында сырттан 8,5 миң тонна алып келинген.
Илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Радио
Чонтоев: Кыргызстан энергетиканы учурдагыдан үч эсе көп өндүрө алат
Жаңылыктар түрмөгү
0