Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Чонтоев: Кыргызстан энергетиканы учурдагыдан үч эсе көп өндүрө алат

© Sputnik / Асел АкматИлимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев
Илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Жазылуу
Илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев өлкөнүн жылына 40 миллиард кВт/саат электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү бардыгын белгиледи.
Советтер Союзу учурунда Кыргызстандын суулары Борбор Азия мамлекеттеринин калкынын санына жараша бөлүнгөн. Учурда бул боюнча 1992-жылы түзүлгөн соңку келишим жарактуулугун жоготту. Анткени келишим түзүлгөн 1992-1998-жылдар аралыгы Кыргызстанда 4,5-5 миллион калк жашаса, азыр 7 миллионго жеттик. Андыктан аталган документтерди кайрадан карап чыгуу керек. Бул тууралуу Догдурбек Чонтоев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Чонтоев: Кыргызстан энергетиканы учурдагыдан үч эсе көп өндүрө алат
Анын айтымында, суунун табигый ресурс деп бааланганынын бир чети туура, анткени көмүрдү казбай турса, газды жаап койсо болот. Ал эми сууну белгилүү бир учурда гана кармап турбаса, толук кандуу көзөмөлдөө мүмкүн эмес.
"Сууну табигый ресурс катары баалоонун бир чети туура. Анткени анын толук кандуу көзөмөлдөнүшү мүмкүн эмес. Мисалы, эгер Орто-Токой суу сактагычына сууну кармап турабыз дей турган болсок, анда Чүй өрөөнүн сазга айландырабыз. Андыктан азыркы маалда Кыргызстан өзүнөн агып чыккан сууларды толугу менен көзөмөлдөй албайт. Бирок азыркы маалда Токтогул суу сактагычында эле 19,5 миллиард куб метр, башка суу сактагычтарды кошкондо жалпысынан 22 миллиард куб метр суу топтоп, жылына 13 миллиард киловатт/саат электр энергиясын өндүрөбүз. Ал эми кыргызстандыктардын электр энергиясынын бир жылдык керектөөсү учурда 19 миллиард киловатт/саатты түзөт. Ошондуктан биз калган жетпеген бөлүгүн сатып алганга аргасыз болуп жатабыз. Биздин эсептөөлөр боюнча Кыргызстандын суу потенциалы менен 36-38 миллиард куб метрге чейин суу топтосок болот. Ал үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСине 5-5,5 миллиард куб метр сууну кармап, ошондо Токтогул ГЭСине суу толтуруу да калыбына келет. Мындан сырткары, Камбар-Ата-2, Нарын ГЭС каскады, Кытайга агып чыгып жаткан 7 миллиард куб метр сууну тосуп Сары-Жазга суу сактагыч куруп, Өзбекстанга 7 миллиард куб метрдей сууну берип жаткан Чаткал дарыясына ГЭС куруу менен биз жылына 36-38 миллиард куб метрге чейин суу топтой алабыз. Андан 40 миллиард киловатт/саат электр энергиясын өндүрсөк, жарымы гана калктын керектөөсүнө кетип, калганын экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгүбүз бар", — деди Чонтоев.
Окумуштуу мындай суу сактагычтардын пайда болушу өлкө климатына терс таасирин тийгизбей турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0