Жүрөккө зыян төрт адат. Кардиологдон кеңеш

© Photo / Pexels / superlens photographyЖүрөт оорусу. Архивдик сүрөт
Жүрөт оорусу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Жазылуу
Дарыгер ашыкча салмак кошуудан алыс болууга да чакырган.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Спирт ичимдиктерин ичүү, чылым чегүү, туура эмес тамактануу, аз кыймыл — жүрөк-кан тамыр системасына терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине кардиолог Мария Кириллова айтып берди.
Анын айтымында, кесепети эң оор адат – тамеки тартуу.
"Ал кан тамырларга терс таасир берип, жыйынтыгында кан тамырлардын атеросклерозуна, андан соң жүрөк менен мээнин ишемиялык ооруларына алып келет", — деп түшүндүрдү дарыгер.
Ошондой эле ал туура эмес тамактануу кантип жүрөккө таасир берерине токтолгон. Тез татымдар, кумшекер көп кошулган азыктар, жарым фабрикаттар кан басымды көтөрүп, кандагы холестерин менен глюкозанын нормадан ашып кетишин шарттайт. Мындан тышкары, бул азыктар менен тамактануу семирүүгө алып келет. Адам семирген сайын кант диабети, инсульт, инфаркт жана башка ооруларга кабылуу коркунучу жогорулайт.
"Майлуу жана туздуу тамак-аштар өзгөчө зыян", — деди Кириллова.
Алкоголдук ичимдиктерди көп ичүү жүрөктүн иштешин бузуп, кандын уюп калуусуна алып келет, мындан улам спирттик ичимдиктер да жүрөккө зыян деп саналат.
"Жүрөктүн алсызданышына адамдын кыймылынын аздыгы да себеп болот. Жөө басуу, велосипед тебүү, лыжа тебүү жана сууда сүзүүнү активдештирүү менен аны алдын алууга болот. Бирок спорт менен машыгууда жүрөктүн ритмине ашыкча күч келтирип албоону көзөмөлгө алуу зарыл", — деп түшүндүрдү кардиолог.
Кыз колун көкүрөгүнө басып жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2022
Кардиолог Токтосунова жүрөк ооруларын алдын алуунун жөнөкөй жолдорун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0