Бишкек мэри: Свердлов району сынамык долбоордун аянтчасы болот

© Sputnik / Акылбек БатырбековДрондон Бишкектин көрүнүшү. Архив
Дрондон Бишкектин көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2023
Жазылуу
Шаар башчысы адистер долбоор боюнча жарым жылдан бери иштеп жатканын айтты.
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Эки-үч айдын ичинде Бишкек шаарында реформалар жүрөт, Свердлов району сынамык долбоордун аянтчасы болот. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров райондун жашоочулары менен жолугуп жатканда айтты.
Марттын соңунда Бишкекте акимчиликтердин ордуна шаардык башкармалыктар түзүлөрү боюнча маалымат тараган эле.
Жаңы башкаруу үлгүсү пилоттук режимде биринчи Свердлов районунда ишке ашары, анда шаардык үч мекеме түзүлөрү айтылган.
"Мураптардын, директорлордун, аймактык комитеттердин иштерин жергиликтүү жашоочулар көзөмөлгө алышы керек. Башкармалыктар ал тургай дүкөндөрдүн, тротуарлардын курулушу менен алектенип, бюджетти карап турат. Мен башка жерде отуруп мектептин директорлору эмне иш кылып жатканын билбейм да. Андыктан бул реформалардын алкагында ыйгарым укуктарды бергим келет. Сынамык долбоор болот", — деп түшүндүргөн мэр.
Абдыкадыров адистер бул долбоор боюнча жарым жылдан бери иштеп жатканын айтты.
Маалыматка караганда, ар бир башкармалыкка 90-100 миңден калк туура келет, жаралган көйгөйлөрдү майнаптуу чечүү үчүн аларга ыйгарым укуктар берилет жана каржыланат. Мэрия башкаруунун жаңы үлгүсү Бишкек шаарынын жашоочуларына муниципалдык, социалдык жана тейлөө кызматтарын жеткиликтүү көрсөтүүгө өбөлгө болот деп эсептейт. Шаардык башкармалыктар маселелерди өз алдынча чечип, карамагындагы аймактардын калкына тиешелүү маселелер боюнча түз жооп беришет. Таштандыны ташып чыгуу, дарактарды кыюу, аймакты жашылдандыруу жана башка маселелер боюнча келишимдерди түз түзүп, түз кол коё алышат.
Муниципалитеттен шаардагы башкаруунун мындай моделин тереңдетүү Бишкектин өнүгүшү боюнча стратегиялык суроолорду чечет деген үмүттө. Бул кадамдар менен муниципалдык, социалдык жана тейлөө кызматтарынын иштешин жакшыртуу, сапатын арттыруу максаты коюлган.
Тротуар куруу иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2023
Бишкекте кайсы көчөлөр тротуарлуу болот. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0