Маданият министрлиги: Моргенштерн* Бишкекке келбей турган болду

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүРоссиялык рэпер Моргенштерн. Архив
Россиялык рэпер Моргенштерн. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2023
Жазылуу
Россиялык рэпердин маселесин парламентте депутат Алишер Козуев көтөргөн. Анын айтымында, музыкант жаштарга терс таасирин тийгизет.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россиялык рэпер Моргенштерн* Бишкектеги музыкалык фестивалга катышпай турган болду. Артисттин келишине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги каршы чыкканын ведомстводон билдиришти.
Моргенштерндин концерти 23-июнга белгиленген. Бирок социалдык тармактарда айрым кыргызстандыктар жана ЖК депутаттары рэперди "коомду бузган адам" катары баалап, келишине каршы болуп жатышкан.
Мындан улам министрлик бул маселени карап чыгууну убадалаган.
* Россиянын Юстиция министрлиги тарабынан чет элдик агент деп таанылган.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Депутат кесиптештерине: "Тик-Токтогу" жылаңачтарды кайдан таап аласыңар?
Жаңылыктар түрмөгү
0