Бишкектеги Кыргызстан менен Ирандын футболчуларынын беттеши. Кызыктуу ирмемдер
Бишкектеги Кыргызстан менен Ирандын футболчуларынын беттеши. Кызыктуу ирмемдер
Sputnik Кыргызстан
Борбор азиялык CAFA турнириндеги оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп, Кыргызстан менен Ирандын курама командалары беттешти. 17.06.2023, Sputnik Кыргызстан
Максат - турнирдин финалына чыгып, Өзбекстандын курама командасы менен беттешип, жеңилгени коло медаль үчүн күрөшүү болчу.Таймаш борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Биринчи тайм 2:0 эсебинде ирандык команданын пайдасына аяктады. Экинчи бөлүктө кыргызстандыктар Мирлан Мурзаевдин аракети менен эсеп айырмасын бир голго кыскартты. Ирандыктардын күчтүү чабуулчусу Мехди Тареми эсепти 3:1 кылды. Дагы эки голду Ирандын спортчусу Сердар Азмун киргизди.Кыргызстандыктар жайынтыгында ирандыктарга 1:5 эсебинде жеңилди.Бишкекте оюндун кандай өткөнүн Sputnik Кыргызстан сунуштаган сүрөттөрдөн көрө аласыз.
Борбор азиялык CAFA турнириндеги оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп, Кыргызстан менен Ирандын курама командалары беттешти.
Максат - турнирдин финалына чыгып, Өзбекстандын курама командасы менен беттешип, жеңилгени коло медаль үчүн күрөшүү болчу.
Таймаш борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Биринчи тайм 2:0 эсебинде ирандык команданын пайдасына аяктады. Экинчи бөлүктө кыргызстандыктар Мирлан Мурзаевдин аракети менен эсеп айырмасын бир голго кыскартты. Ирандыктардын күчтүү чабуулчусу Мехди Тареми эсепти 3:1 кылды. Дагы эки голду Ирандын спортчусу Сердар Азмун киргизди.