18-июнга карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жекшембиде күндүз айрым тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Ош, Жалал-Абадда жана өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жана өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +32...+37, Талас аймагында +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл чөлкөмүндө +23...+28 жана Нарын жергесинде +24...+29 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте +34...+36, Ош калаасында +36...+38 жана Чолпон-Ата шаарында +23...+25 градусту көрсөтөт.
Ала-Арча капчыгайына бара жаткан жолду оңдоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2023
Ала-Арча капчыгайына алып барган жол оңдолууда
Жаңылыктар түрмөгү
0