https://sputnik.kg/20230616/atkaminer-at-akcha-ukmk-nomer-1076263693.html
Аткаминердин атын жамынып сизден акча талап кылыштыбы? УКМКга кайрылыңыз
Аткаминердин атын жамынып сизден акча талап кылыштыбы? УКМКга кайрылыңыз
Sputnik Кыргызстан
Кечээ УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулумун деп алдап башка адамдардын мүлкүн тартып алган адам кармалган. 16.06.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-06-16T08:53+0600
2023-06-16T08:53+0600
2023-06-16T08:53+0600
кыргызстан
укмк
кармоо
кылмыш
эскертүү
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/04/1049832181_0:55:1598:955_1920x0_80_0_0_209f49c579db73472f60a5e4e5e9f24c.jpg
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же алардын жакын туугандарынын атын сатып, кылмышка баргандарга карата катуу чара көрүлөрүн эскертти.Мындай фактылар болгон учурда УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө 0312 620585 же 0312 660475 номерлери аркылуу кайрылууга болот.Атайын кызмат кечээ Камчыбек Ташиевдин уулумун деп алдап башка адамдардын мүлкүн тартып алган адам кармалганын билдирген. Кылмышка шектүү Кыргызстандын жаранынын Toyota Prius унаасын, Россия жаранынын 400 миң рублин коркутуу жолу менен алып кеткен.Мындан башка да окуялар катталган. 2022-жылдын март айында УКМК Ташиевдин өкүл баласы ишкерден опузалап акча талап кылды деп кармалгандыгын билдирген.Ал эми 2021-жылы Садыр Жапаровдун агасынын атын сатып, 1,2 миллион доллар алмак болгондор колго түшкөн.
https://sputnik.kg/20230611/sadyr-zhaparov-mamlekettik-kyzmatker-kajryluu-1076150319.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/04/1049832181_179:0:1598:1064_1920x0_80_0_0_732400a34daec05dce8238c1b1773988.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, укмк, кармоо, кылмыш, эскертүү
кыргызстан, укмк, кармоо, кылмыш, эскертүү
Аткаминердин атын жамынып сизден акча талап кылыштыбы? УКМКга кайрылыңыз
Кечээ УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулумун деп алдап башка адамдардын мүлкүн тартып алган адам кармалган.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же алардын жакын туугандарынын атын сатып, кылмышка баргандарга карата катуу чара көрүлөрүн эскертти.
Мындай фактылар болгон учурда УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө 0312 620585 же 0312 660475 номерлери аркылуу кайрылууга болот.
Атайын кызмат кечээ Камчыбек Ташиевдин
уулумун деп алдап башка адамдардын мүлкүн тартып алган адам кармалганын билдирген. Кылмышка шектүү Кыргызстандын жаранынын Toyota Prius унаасын, Россия жаранынын 400 миң рублин коркутуу жолу менен алып кеткен.
Мындан башка да окуялар катталган. 2022-жылдын март айында УКМК
Ташиевдин өкүл баласы ишкерден опузалап акча талап кылды деп кармалгандыгын билдирген.
Ал эми 2021-жылы Садыр Жапаровдун
агасынын атын сатып, 1,2 миллион доллар алмак болгондор колго түшкөн.