https://sputnik.kg/20230613/korrupciya-kyymyl-zhetekchchi-karmaldy-1076212800.html
УКМК: "Коррупцияга каршы кыймылдын" жетекчиси кайра колго түштү
УКМК: "Коррупцияга каршы кыймылдын" жетекчиси кайра колго түштү
Sputnik Кыргызстан
Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. 13.06.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-06-13T19:28+0600
2023-06-13T19:28+0600
2023-06-13T19:28+0600
кыргызстан
укмк
коррупция
опузалоо
кылмыш
камакка алуу
видео
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e7/06/0d/1076208493_0:355:960:895_1920x0_80_0_0_d054d0a9bda3db964e4a9b80f0e1b3a8.jpg
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. "Коррупцияга каршы элдик кыймыл" коомдук бирикмесинин төрагасы К.А.С. жана аталган коомдук бирикменин Чүй облусу боюнча координатору С.К.М. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.Алар Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда ("Уюшкан топ тарабынан опузалап талап кылуу") каралган кылмыш белгилери боюнча колго түшүрүлгөн.УКМК белгилегендей, кармалган К.А.С. 2023-жылдын февраль айында ушул сыяктуу кылмышты жасагандыгы үчүн 20 000 сом алып жаткан жеринен кармалган. Ошол эле учурда соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Ал эми 12-апрелде 20 миң сом айып салуу өкүмү чыккан."Бул жагдай Чүй облусунун Кемин районунун тургундарынын нааразычылыгын жараткан. Алар К.А.С. мыйзамдын күчөтүлгөн тартибинде жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен президентке, башкы прокурорго жана УКМКнын төрагасына кайрылышкан", — деди УКМКдан.Шектүүлөр Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
https://sputnik.kg/20230611/sadyr-zhaparov-mamlekettik-kyzmatker-kajryluu-1076150319.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/06/0d/1076208493_0:280:960:1000_1920x0_80_0_0_861774082a270bef5481944586e38351.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, укмк, коррупция, опузалоо, кылмыш, камакка алуу, видео, сүрөт
кыргызстан, укмк, коррупция, опузалоо, кылмыш, камакка алуу, видео, сүрөт
УКМК: "Коррупцияга каршы кыймылдын" жетекчиси кайра колго түштү
Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. "Коррупцияга каршы элдик кыймыл" коомдук бирикмесинин төрагасы К.А.С. жана аталган коомдук бирикменин Чүй облусу боюнча координатору С.К.М. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Алар Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда ("Уюшкан топ тарабынан опузалап талап кылуу") каралган кылмыш белгилери боюнча колго түшүрүлгөн.
"Бул адамдар тийиштүү органдар тарабынан текшерүүлөрдү уюштурабыз деп коркутуу менен системалуу түрдө опузалоо менен алектенишкен. К.А.С. жана С.К.М. курулуш иштерин жүргүзүү үчүн тендер утуп алган субъектилердин биринин өкүлдөрүнөн 700 миң сом талап кылганы аныкталган. Ошол эле учурда кармалгандар акчанын 70 миң сомун банктык которуу жолу менен алышкан", — деп айтылат маалыматта.
УКМК белгилегендей, кармалган К.А.С. 2023-жылдын февраль айында ушул сыяктуу кылмышты жасагандыгы үчүн 20 000 сом алып жаткан жеринен кармалган. Ошол эле учурда соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Ал эми 12-апрелде 20 миң сом айып салуу өкүмү чыккан.
"Бул жагдай Чүй облусунун Кемин районунун тургундарынын нааразычылыгын жараткан. Алар К.А.С. мыйзамдын күчөтүлгөн тартибинде жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен президентке, башкы прокурорго жана УКМКнын төрагасына кайрылышкан", — деди УКМКдан.
Шектүүлөр Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.