Кыргызстанда беш объектиге стратегиялык статус берүү сунушталды

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевРаззаков аэропорту. Архив
Раззаков аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстанда стратегиялык объектилердин тизмесин жаңылоо сунушталды. Коопсуздук кеңеши бул тизмеге дагы беш объектини кошуу өтүнүчүн билдирди.
Алар:
1.
"Учкун" басмаканасы — улуттук паспорт сыяктуу маанилүү документтер басылып чыкчу жай;
2.
Раззаков аэропорту — улуттук коопсуздукка түз тиешеси бар, Баткен эли үчүн маанилүү тиричилик объекти;
3.
"Гознак" ЖЧКсы — мамлекеттик маанидеги документтерди даярдайт;
4.
Башкы прокуратуранын маалыматтык автоматтык тутумдары жайгашкан имараттары — маалыматтык коопсуздукту камсыздоо зарыл;
5.
Жалал-Абад шаарындагы учкучсуз учактар аэродрому.
Тизмени министрлер кабинети бекитип берүүсү керек. Андан соң алардын коопсуздугу мамлекет тарабынан жогорку деңгээлде камсыздалат.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Садыр Жапаров: Кыргызстан Борбор Азияда аналогу жок куралдарды сатып алды
Жаңылыктар түрмөгү
0