Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Беш жерден мүдүрүлүп... Украинанын НАТО стандартындагы чабуулунун жагдайы

© AP Photo / LibkosБахмуттун жанындагы баш калкалоочу жайда украин аскерлери
Бахмуттун жанындагы баш калкалоочу жайда украин аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2023
Жазылуу
Атайын операция зонасындагы россиялык аскердик бөлүктөрдүн тобу фронттун линиясында жана каршылаш тараптын ыкчам тылынын бүтүндөй территориясында Украина Куралдуу күчтөрү жайгашкан жерлерин, объектилерин, резерв жана ресурстарын мурдагыдай эле кыйратууда.
Украина армиясы бир нече багыттан чабуул коюп, алаксытуучу соккуларын урууда. Анткен менен чоң жоготууларга учурап, Батыштын жеңишке жетүү үмүтүн актай албай жаткан чагы. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул сапар да атайын аскердик операциянын жүрүшүнөн кеп козгогон.
Россиялык күчтөр мурдагы түнү Түштүк Донецк багытындагы фронттун беш тилкесинде Украина Куралдуу күчтөрүнүн 4000 киши жана ондогон танкаларынан турган сегиз батальондун күчү менен уюштурулган чабуулунун мизин кайтарды. РФтин касташкан тарабы эч бир тилкеде ниетин ишке ашыра албастан, 250 жоокеринен, 16 танк, үч пехота унаасы, 21 аскердик ок өткөрбөс машинасынан кол жууду.
Фронттун 1000 чакырымдык линиясындагы башка тилкелердеги украиналык күчтөрдүн активдүүлүгү артиллериялык ок менен басылып, чалгындоо кызматы көздөгөнүнө жете албады. Россиянын артиллерия жана авиациясы Красный Лиман багытында Украина Куралдуу күчтөрүнүн эки механизациялаштырылган бригадасынын (63 жана 67) жана Улуттук гвардиясынын 5-бригадасынын бөлүктөрүн чегинүүгө аргасыз кылды.
Бир аз мурдараак эле украиналык президент Владимир Зеленский "контрчабуулга" даярдыгын билдирген. НАТОнун стратегдери украиналык аскердик бөлүктөрдүн багыттардын бириндеги жигердүүлүгүн белгилеп, активдүү аракеттердин 72-96 сааттык циклдеги динамикалык мүнөзү жана бир нече толкунун болжойт. Пентагондогулар Украина Куралдуу күчтөрү америкалык танк жана F-16 учактарысыз эле ийгиликке жетерине үмүт артат. Бирок украиналык согуштук аракеттер театрындагы кырдаал андай баа жана пландардын курулай экенин айгинелейт.
Батышта жана америкалыктарга ыктаган Чыгышта киевдик режим үчүн курал, ок-дары түгөнүп барат. Бул – жакынкы жылдарда орчундуу да, чечилбей турган да маселе. Россия Куралдуу күчтөрү Славян-Краматорск агломерациясы жана Днепропетровскидеги украиналык аскердик бөлүктөрдү жок кылууну күчөтүүдө. Киев, Харьков, Кировоград, Сумы облустарындагы аскердик объектилери да аралаш таамай соккулар менен кыйроодо.
Пилотсуз учакты башкарып жаткан Россиялык аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ министрлиги: Украина күчтөрүнүн кол салууга камынган техникасы талкаланды
Россиялык чабуулдук отряддар Марьинкага карай ынанымдуу жылып, натыйжада калаанын территориясынын 70тен ашуун пайызы бошотулган. Украина Куралдуу күчтөрүнүн "масштабдуу контрчабуулу" башталганга чейин эле украиналык армиянын россиялык ТОС-1 "Солнцепек" оор огнеметтук тутумунун соккусу менен жок болуу ылдамдыгы америкалыктардын оозун ачырды. Ал аз келгенсип Батышты россиялык коргоо өнөр жай комплексинин быйыл беш ай ичинде 600дөн ашуун жаңы Т-90М танкын чыгарганы чочулатпай койбостур. Украина Куралдуу күчтөрү жарым жыл аралыгында болгону 60 эски немец "Леопарддарын" алышты. Булар – Т-54 жана Т-55 танкалары менен "курдаш".
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливан CNN каналына берген маегинде Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулу Киевге ушул тапта Россия көзөмөлдөгөн "стратегиялык маанилүү территорияны" ээлөөгө көмөкчү болушу ыктымал экенин билдирген.
Ошондой эле АКШ президенттигине Республикалык партиядан талапкер жана БУУдагы мурдагы элчи Никки Хейли "эгер Украина Москвага каршы согуштан чыгып кетсе", дүйнөлүк согуштун тутанып кетиши толук ыктымал экенин билдирип, союздаштарын Украинаны курал менен жабдууну токтотпоого чакырды. Батыштагылар украиналык согуштук аракеттер театрында утулуудан чочулап туру.
Түндүк атлантикалык альянс Украина жана Россия менен түз аскердик жаңжалга байланыштуу көйгөйлөрдөн оолактоого ачык да, тымызын да тырышууда.
НАТОнун келерки айда Вильнюста өтө турган саммитинен деле Киевге жарытарлык жаңылык күтүлбөйт өңдөнөт. Германиялык саясат таануучу Вольф Меркель ушул тапта Россия аябай күчтүү экенин, Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери Батыштын куралдарынан мурун түгөнүп каларын эскертти. Ал эми альянска коргоо бюджети жылына 100 миллион доллар чегиндеги Черногория менен Түндүк Македония өңдүү символикалык мүчөлөр Украинасыз эле жетиштүү.
Британиялык The Times гезити Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулу "болжоп болгус согуш", "эбегейсиз белгисиздик" болорун боолголойт. Украиналык чалгындоо топторунун Белгород облусундагы чагымчыл аракеттерине польшалык жалданма аскерлердин тартылып, ошол рейддерде америкалык техника жана бельгиялык куралдардын пайдаланышын эске алганда, бул чындап эле ошондой абалга алып барышы ыктымал.
Кошмо Штаттар менен НАТОго реалдуулукту моюнга алуу кыйын болууда. Батыш үчүн украиналык "контрчабуул" жакшы аяктаган күндө да жаңжал бүтүп калбайт, россиялык атайын аскердик операция баары бир аягына чыгарылат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Россиялык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ Коргоо министрлиги: Украина күчтөрүнүн ири чабуулдары үзгүлтүккө учурады
Жаңылыктар түрмөгү
0