Депутаттар ЖМКны жабууну татаалдаштырган мыйзам долбоорун четке какты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин жыйыны. Архив
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
Жазылуу
Эл өкүлдөрү бирөөнү жамандап, ар-намысына шек келтирип жатса, ага реакция кылуу үчүн үч күн күтүү өтө көп убакыт экенин айтышууда.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жогорку Кеңеш ЖМКлардын сайттарын бөгөттөө жол-жобосун татаалдаштырган мыйзам долбоорун четке какты.
Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген.
Жыйында негизги маселе катары ЖМКга даттанган учурда арызды 24 сааттын ичинде эмес, үч күндүн аралыгында кароо сунушу талкууланды.
Депутаттар Шайлообек Атазов, Айбек Маткеримов, Балбак Түлөбаев жана Мейкинбек Абдалиев бул демилге улуттун кызыкчылыгына каршы келерин, бирөөнү жамандап, ар-намысына шек келтирип жатса үч күн күтүү өтө көп убакыт экенин айтышты. Натыйжада мыйзам долбооруна 56 депутат "каршы", жетөө "макул" добушун берип, биринчи окуудан артка кайтарды. Авторлор учурдагы мыйзамда бардык укуктар арыз ээсине берилип калганын айтууда. Мында маалыматты жарыялаган адам же уюм анын иш-аракетине болгон даттанууну кароого катышпай, өз укуктарын коргой албай каларын белгилеген.
Андыктан "Интернет тармагындагы сайттын же баракчанын ээсинин аракеттерине даттануунун тартиби" деген өзүнчө берене иштеп чыгышкан.
Ал төмөндөгүдөй:
Анык эмес маалымат таратылса жабыр тарткан тарап интернет сайттын же социалдык баракчанын ээсине ал маалыматты өчүрүү же төгүндөө тууралуу арыз менен кайрылууга укуктуу;
Маалыматты алып салуу жөнүндө арыз жалган экенин негиздеген фактыларды камтууга тийиш;
Интернет-сайттын же социалдык баракчанын ээси арызды үч күндүн ичинде карап чыгууга милдеттүү (учурда 24 сааттын ичинде);
Анык эмес маалыматты өчүрүү жана төгүндөөдөн баш тарткан учурда жабырлануучу министрлер кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу же электрондук түрдө арыз менен кайрылат;
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган анык эмес маалыматты өчүрүүдөн мурда милдеттүү түрдө арыз ээсин жана сайттын же баракчанын ээлерин чакырышы керек. Анын чечими административдик иштер жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанышы мүмкүн же сот тартибинде каралат;
Сотко даттанган учурда мамлекеттик органдын чечимин аткаруу токтотулат;
Анык эмес маалыматты өчүрүү тууралуу арызды кароонун тартиби жана арызга тиркелүүсү зарыл болгон документтердин тизмеги министрлер кабинети тарабынан аныкталат.
Бишкектеги Башкы прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
Прокуратурадан тергөөнү алып салуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү
Жаңылыктар түрмөгү
0