https://sputnik.kg/20230531/bishkekte-suu-forumu-boldu-1075818146.html
Бишкекте суу форуму өттү. Өкмөт аймактын кызыкчылыгын көздөгөн идеяларды күтөт
Бишкекте суу форуму өттү. Өкмөт аймактын кызыкчылыгын көздөгөн идеяларды күтөт
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын аймагынын 4 пайыздан ашыгын мөңгүлөр жана кар баскан тоолор ээлейт. 31.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-31T13:28+0600
2023-05-31T13:28+0600
2023-05-31T13:28+0600
кыргызстан
бишкек
суу
форум
акылбек жапаров
мөңгү
https://sputnik.kg/img/07e5/05/06/1052401819_4:0:3645:2048_1920x0_80_0_0_7ae4d940b168b92f2ef6b7bd928ff1f1.jpg
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча эки миллиардга жакын адам ичүүчү сууга жетпей, дүйнө калкынын 40 пайызы суунун тартыштыгынан жапа чегип келет. Бул тууралуу Бишкектеги суу форумуна катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.Форумга мамлекеттик кызматкерлер, көп тараптуу институттар, академиялык чөйрө, жарандык коом жана жеке сектор катышкан. Алар суу ресурстарын майнаптуу башкарууну камсыз кылуу менен байланышкан ар кандай көйгөйлөрдү чечүү маселелерин талкуулашкан.Жапаров климат өзгөрүп жаткан учурда ичүүчү суунун коопсуз болушу, талапка ылайык санитария жана гигиена адамдын ден соолугу, бакубат жашоосу үчүн эң негизги муктаждыгына айланганын белгиледи.Жапаров туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн суу – планетанын жана адамдардын ден соолугунун жана гүлдөшүнүн ачкычы экендигин белгилеп, Кыргызстандын аймагы дарыялардын орточо жылдык агымы 50 миллиард метр кубга жакын болгон зонада жайгашканын кошумчалаган."Кыргызстандын аймагынын төрт пайыздан ашыгын мөңгүлөр жана кар баскан тоолор ээлейт. Мөңгүлөрдө сакталган суунун жалпы кору 650 чакырым куб деп бааланып, Борбордук Азиянын суу ресурсунун 38 пайызга жакынын түзөт. Белгилей кетсем, Кыргызстан жалпы суу ресурстарынын 20-25 пайызын пайдаланат. Бул агымдын негизги көлөмү (93 пайызга жакыны) айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн колдонулат", — деди Жапаров.Ал аймактын кызыкчылыгын көздөгөн креативдүү идеялар канааттануу менен кабыл алынарын айткан."Дүйнөлүк тарыхта суу гүлдөгөн улуу цивилизациялардын тарыхын түзгөн. Бүгүн жогорку технологиялык XXI кылымда суу өнүгүүнүн башаты болуу позициясын жоготкон жок. Бүгүн да бирөө ичээрге суу таппай жүргөн доор. Демек, суу – дүйнөлүк актуалдуу тема. Ошол себептүү бүгүнкү Бишкек суу форумунун алкагында, аймактын кызыкчылыгын көздөгөн креативдүү идеяларды күтөбүз", — деген Жапаров.Бишкек суу форумунун катышуучулары эгерде 2050-жылга чейин планетаны сактоого багытталган координацияланган чаралар көрүлбөсө, дүйнө глобалдык жылуулук жана жаратылыштын башка кубулуштары менен байланышкан орду толгус кесепеттерге туш болуу кооптуулугун белгилешти. Ошол себептүү жаратылышка этият жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуу деген сөздүн чыныгы маанисин түшүнүүнүн зарылдыгын кошумчалашкан.
https://sputnik.kg/20221206/borbor-aziyada-mongulor-erip-baratat-1070751596.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/06/1052401819_539:0:3270:2048_1920x0_80_0_0_85f1b883533df51fd47c6b8bd56d8b3b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, суу, форум, акылбек жапаров, мөңгү
кыргызстан, бишкек, суу, форум, акылбек жапаров, мөңгү
Бишкекте суу форуму өттү. Өкмөт аймактын кызыкчылыгын көздөгөн идеяларды күтөт
Кыргызстандын аймагынын 4 пайыздан ашыгын мөңгүлөр жана кар баскан тоолор ээлейт.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча эки миллиардга жакын адам ичүүчү сууга жетпей, дүйнө калкынын 40 пайызы суунун тартыштыгынан жапа чегип келет. Бул тууралуу Бишкектеги суу форумуна катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.
Форумга мамлекеттик кызматкерлер, көп тараптуу институттар, академиялык чөйрө, жарандык коом жана жеке сектор катышкан. Алар суу ресурстарын майнаптуу башкарууну камсыз кылуу менен байланышкан ар кандай көйгөйлөрдү чечүү маселелерин талкуулашкан.
Жапаров климат өзгөрүп жаткан учурда ичүүчү суунун коопсуз болушу, талапка ылайык санитария жана гигиена адамдын ден соолугу, бакубат жашоосу үчүн эң негизги муктаждыгына айланганын белгиледи.
"Дүйнө жүзү боюнча эки миллиардга жакын адам ичүүчү сууга жетпей, дүйнө калкынын 40 пайызы суунун тартыштыгынан жапа чегип келет. Сууну керектөөнүн 70 пайызга жакынын айыл чарбасы түзөт. Белгилүү болгондой, Борбор Азия өлкөлөрү дагы агрардык мамлекет. Адамзаттын сууга болгон суроо-талабы өсүүдө жана ал 2050-жылга карата 40 пайыздан ашат деп болжолдонууда", — деди ал.
Жапаров туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн суу – планетанын жана адамдардын ден соолугунун жана гүлдөшүнүн ачкычы экендигин белгилеп, Кыргызстандын аймагы дарыялардын орточо жылдык агымы 50 миллиард метр кубга жакын болгон зонада жайгашканын кошумчалаган.
"Кыргызстандын аймагынын төрт пайыздан ашыгын мөңгүлөр жана кар баскан тоолор ээлейт. Мөңгүлөрдө сакталган суунун жалпы кору 650 чакырым куб деп бааланып, Борбордук Азиянын суу ресурсунун 38 пайызга жакынын түзөт. Белгилей кетсем, Кыргызстан жалпы суу ресурстарынын 20-25 пайызын пайдаланат. Бул агымдын негизги көлөмү (93 пайызга жакыны) айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн колдонулат", — деди Жапаров.
Ал аймактын кызыкчылыгын көздөгөн креативдүү идеялар канааттануу менен кабыл алынарын айткан.
"Дүйнөлүк тарыхта суу гүлдөгөн улуу цивилизациялардын тарыхын түзгөн. Бүгүн жогорку технологиялык XXI кылымда суу өнүгүүнүн башаты болуу позициясын жоготкон жок. Бүгүн да бирөө ичээрге суу таппай жүргөн доор. Демек, суу – дүйнөлүк актуалдуу тема. Ошол себептүү бүгүнкү Бишкек суу форумунун алкагында, аймактын кызыкчылыгын көздөгөн креативдүү идеяларды күтөбүз", — деген Жапаров.
Бишкек суу форумунун катышуучулары эгерде 2050-жылга чейин планетаны сактоого багытталган координацияланган чаралар көрүлбөсө, дүйнө глобалдык жылуулук жана жаратылыштын башка кубулуштары менен байланышкан орду толгус кесепеттерге туш болуу кооптуулугун белгилешти. Ошол себептүү жаратылышка этият жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуу деген сөздүн чыныгы маанисин түшүнүүнүн зарылдыгын кошумчалашкан.