Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Атайын операция: РФ аскер күчтөрүнө Артемовскинин батыш тарабы ачылды

© Sputnik / Медиабанкка өтүүАртемовск линиясынын жанында орус аскер кызматкерлери
Артемовск линиясынын жанында орус аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2023
Жазылуу
"Бахмут фортециясы" кыйраган соң Россия армиясы батышка чабуул жасап, Донбасс, Запорожье жана Херсон облустарын толук бошотууга мыкты мүмкүнчүлүк алды деп эсептейт Sputnik агенттигинин аскерий баяндамачысы Александр Хроленко.
РФ Куралдуу күчтөрү каршылашка жогорку тактыктагы сокку урууну улантып жатат. Буга чейин Украинанын убадаланган "контрчабуулу" азырынча батыш басылмаларынын маалыматтарында гана "ишке ашууда".
29-майдын таңы Украинанын борбор калаасында, Киев, Днепропетровск, Сумкая жана Чернигов облустарында аба айгайынан, Абадан коргонуу күчтөрүнүн башаламан аракетинен жана аскер объектилериндеги жардыруулардан башталды.
РФ Куралдуу күчтөрү Одесса, Киев, Кременчуг, Винницкий, Харьков облустарындагы аскер объектилерин жок кылды. Одесса порту күйүп жатат. Россиянын канаттуу ракеталары Украинанын батыш аймактарына да жетти, Львов облусунда "бир нече айдан берки ыкчам соккулардын бири" жасалганы маалымдалды. Львовдун өзүндөгү маанилүү объектилер, батыш курал-жарагы ташылган регионалдык транспорттук-логистикалык түйүндөр жардырылды.
Жекшембиде да Киев менен Житомирдин тургундарын ондогон объектилердеги арсеналдын жардырылышы, өрт ойготту. Киевдин аскердик администрациясы бул соккуларды атайын операция башталгандан берки "эң эле күчтүүсү" деп атады. Россиянын Коргоо министрлиги командалык пунктуларга, постторго, авиацияга жана Украина Куралдуу күчтөрүнүн курал-жарагы менен ок-дарысы сакталган кампаларга сокку урулганын тастыктады.
Украина он күндөн бери "Кинжал", "Искандер", канаттуу ракеталар жана учкучсуз "Герандар" жараткан апокалипсисте жашап жатат. Кырдаал кудум РФ армиясы чабуулга даярданып жаткандай элес калтырат. Мунун фонунда Украина Куралдуу күчтөрүнүн Константиновка жана Крематорскидеги аскер техникасы менен өздүк курам жайгашкан пунктуларга жасалган сокку анча билинбей калгандай. Анткен менен "бахмут фортециясы" кыйрагандан кийин дал ушул Донбасста Россия армиясы чабуулга жана Часов Яр, Краматорск, Славянск, Дружковка жана Констатиновканы бошотууга мыкты мүмкүнчүлүк алган.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн чегинен өткөндөн кийин аталган калктуу конуштарга Россия күчтөрү жайгашып, андан соң алар сол жээкти толук ээлеши мүмкүн.
F-16 истребителдери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинага берилчү F-16 учактары: буюкканга жылдыз — от

Батыштын жеңишке ишеними

Батыш аналитиктери Россия командачылыгынын Донбасстагы башкы максаты Артемовскиден беш чакырым аралыктагы Часов Яр шаары болорун боолголоп келишет. Ошол эле убакта согуш талаасындагы кырдаал Украина үчүн "анча жакшы эмес экенин", өлкө ушу тапта аскердик дараметин мурунку калыбында сактап калууга кудуретсиз болуп жатканын эскертти.
АКШнын аскердик-аналитикалык Military Watch басылмасы "Вагнер" тобундагы келишимдик негизде кызмат өтөгөн 60 миң киши 224 күндүн ичинде украин армиясынын Артемовскидеги мыкты делген күчтөрүн жок кылып келгенин жазды.
Бул факт Украинанын улам жаңыланып, улам күчтөнүп жаткан РФ күчтөрүнө каршы туруу мүмкүнчүлүгүнөн күмөн санатат. Мисалы, Россия Куралдуу күчтөрү ай сайын дүйнөдөгү эң мыкты делген Т-90М танктарынан 100дү алып турат.
Киев 27-май күнү "өзүбүзгө тиешелүү нерсени кайтарууга мезгил жетти" деп контрчабуул акыры боло турганын дагы бир жолу эскертти. Бирок ошол эле учурда аныгын даана айта албай Владимир Зеленский олку-солку болуп турат.
Германиянын чалгыны Украина Куралдуу күчтөрүнүн батыштын көмөгүнө карабай жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жок, болгон да эмес деген пикирде. Германия федеративдүү республикасынын чалгын кызматынын жетекчиси Бруно Каль: "Россия мурункудай эле алыстан туруп согушууга жөндөмдүү. Бир эле убакта жаңы жоокерлерди да тартып, ок-дары, курал-жарак да чыгара бере алат", — деди.
Британиянын Sky News телеканалы НАТО курал-жарагы Россия менен согушуп жаткан Украинанын шаабайын бир топ эле суута турганын белгилеген. Бул керек болсо укмуш делип жаткан F-16 истребителдерине да тиешелүү экени айтылды. Киевде "Украинаны бошотуу үчүн" F-16 истребителинен болгону 48и жетиштүү дегендер бар экенин эскерте кетейин.
Американын Newsweek басылмасы аскер эксперттерине таянуу менен Батыш убадалаган танктардын баары келсе да Украинанын маселесин чечип бербей турганын жазды, техника адистердин кесипкөйлүгүн арттыра албайт, согуш талаасында ок-дары да болуп бербейт.
Киевдин аскер башчылары дендароо абалда калгандай. Күтүүсүз жасалат деген контрчабуулдун маани-маңызы да жоголуп кетти. Батыштын ресурсу туура эмес пайдаланылууда. Украина негизи эле масштабдуу чабуул жасоого жөндөмсүз — Россия географиялык жактан абдан кеңири, ал эми аскердик көз караштан алып караганда өтө кубаттуу.
260 миң кишиден турган украин армиясы дээрлик кыйрады. Атайын операциянын жүрүшүндө мыкты даярдыктан өткөн жүз миңдеген жоокери туткунга алынды, жаракат алды, жок болду. Резервдегилер Куралдуу күчтөрдүн тиешелүү деңгээлин камсыздай албайт, өлкөнүн мобилизацияланган потенциалы аягына чыгып бара жатат.
Батыштын аскердик-өнөр жай комплекси өз мүмкүнчүлүгүнүн чегинде иштөөдө. Москва эгер Батыш аргасыз кылса эскертүүчү өзөктүк сокку урарын айтып коркутуп келет. Сокку, албетте, Россияга географиялык жактан жакын жайгашкан Украинадан алыс аймакка жасалат.
АКШ менен НАТОнун 14 миң санкция жана Украинага миллиарддаган доллар/евролук курал-жарак жеткирүү менен Кремлди багындырам деген эсеби оңунан чыкпай калды. Эми Зеленскийдин карамагында калган Украинанын азганактай бөлүгүнө түз аскердик инвестиция жасоого батынабы? Азырынча жооп жок. Кандай гана күн болбосун, АКШ менен НАТО Россияны жеңе албайт. Буга Украинанын мисалы далил. Батыш жардам бере албайт.
"Согуштун кыймылдаткычы" акча деп эсептелип келет, анткен менен кандай гана армия болбосун анын күчү өкмөтүнүн жүргүзгөн саясатында. Белгилүү америкалык экономист Жеффи Сакс АКШны Украина боюнча "афган сценарийи" күтүп жатканын билдирди. Анын айтымында, Вашингтондун Москва берген коопсуздук боюнча сунуштарды көз жаздымда калтырып, азыркы апаатка кептеди.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Артемовскинин эң бийик жеринде Вагнер жоокерлери желеги менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Артемовскинин бошотулушу — РФтин стратегиялык жеңиши. Эми кадам кандай ташталат
Жаңылыктар түрмөгү
0