Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Артемовскинин бошотулушу — РФтин стратегиялык жеңиши. Эми кадам кандай ташталат

© Sputnik / Иван Родионов / Медиабанкка өтүүАртемовскинин эң бийик жеринде "Вагнер" жоокерлери желеги менен
Артемовскинин эң бийик жеринде Вагнер жоокерлери желеги менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2023
Жазылуу
Россиялык күчтөрдүн 224 күнгө созулган Соледар-Бахмут чабуулдук операциясы Артемовск калаасынын толук бошотулушу менен аяктады.
РФтин бул стратегиялык ийгилиги атайын аскердик операциянын жаңы багыт, чектерин ачып, украиналык согуштук аракеттер театрында Батыштын аракеттерине бөгөт болуп, киевдик режимдин ресурстарын жок кылат. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул окуяга кеңири токтолгон.
Россиянын "Түштүк" тобунун артиллериясы жана авиациясынын колдоосундагы "Вагнер" жеке аскердик ишканасынын чабуулдук отряддарынын аракетинин натыйжасында 20-май күнү Артемовск шаары бошотулду.
Аталган жеңиштин мааниси кармаштын географиясынан алда канча чоң экенин, РФ Куралдуу күчтөрүнө жаңы, эң оболу Славянск-Краматорск багытында ыкчам, чабуулдук аракеттерге жол ачылганын белгилей кетели. Россиялык күчтөр 224 чабуулдук сутка аралыгында 100 миңге жакын жоокерди, миңдеген техниканы жок кылып, логистикалык түйүндү бузуп, Украина Куралдуу күчтөрүнүн аскердик дараметин жана моралдык абалын бир топ начарлатып койду.
Артемовскинин бошотулушу дүйнө жүзүнө Украина Куралдуу күчтөрүнүн "контрчабуулунун" катаал чындыгын көрсөтүп, НАТОнун алсыздыгын, Батыштын Киевди колдоосунун маңызсыз экенин айгинелейт. Бахмут/Артемовскиден кол жууп калуу – киевдик режимдин лидеринин чоң трагедиясы. Ал Россия менен "ийгиликтүү күрөшчү" деген жеке тышкы саясий имиджи, Батыштын жабдуусу жана насыясы үчүн украиналык армиянын дээрлик жарымын курмандыкка чалды.
АКШ менен НАТО Украина Куралдуу күчтөрүн F-16 истребителдери менен жабдып, учкучтарды даярдоого убада берүүдө.
Бирок америкалык F-16 истребителине Киевдеги Patriot зениттик-ракеталык комплексинин тагдырын кайталаштын кажети эмне? Кошмо Штаттардын аскердик көмөгүнүн кечээги – 375 миллион долларга бааланган "топтому" деле киевдик режимдин маңдайын жарып кубанта албачудай...
Анда 155 мм жана 105 миллиметрлик артиллериялык дүрмөттөр, HIMARS үчүн ок-дары, Javelin, AT-4, TOW танкага каршы комплекстери камтылат. Украиналык согуштук аракеттер театрында HIMARS, Javelin жана комплекстер өздөрүнүн майнапсыздыгын көрсөткөнү белгилүү эмеспи. Америкалык акча Украина Куралдуу күчтөрүн "кайра жандандыра" албай турганы айдан ачык. 375 миллион долларды ок-дарыга айландырсак, бул болгону –155 миллиметрлик 75 миң гана снаряд, ал эми бул "контрчабуулсуз" эле Украина Куралдуу күчтөрүнүн артиллериясынын эки апталык чыгымы.
Бахмуттун жанында аскердик дарыгерлер украиналык жоокерлеринин сөөктөрү менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Бахмутту жоготконун моюндады
Артемовскинин, андан мурун Соледардын бошотулушунан соң россиялык командачылык чабуулдук аракеттер үчүн ыкчам багыттардын, тактикалык чечим, күч жана ок атуучу каражаттардын кеңири түрүнө ээ. "Бахмуттук фортециядан" анча алыс эмес жерде Украина Куралдуу күчтөрүнүн утурумдук оккупацияланган, бекемделген ири райондоруна айландырылган: Часов Яр, Торецк, Константиновка, Дружковка, Славянск, Краматорск калктуу түйүндөрү жайгашкан.
Россиялык күчтөр Украина Куралдуу күчтөрүнүн аталган калаалардагы, ошондой эле Николаев менен Одессада, Днепропетровск менен Харьковдогу ички курамын, аскердик техникасын, объектисин, арсенал жана күйүүчү май кампаларын таамай ракеталык куралдары менен жок кылууда.
Украина президенти жана жогорку башкы командачы Владимир Зеленский Японияда Хиросиманын тарыхын изилдөөдө. Жалгызсыраган Украина Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы украиналык жана дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн алаксытуу үчүн аргасыз аракеттерге барууда. Бүгүн РФтин Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара кызматы жана Коргоо министрлиги Белгород облусундагы диверсанттарды ыкчам жок кылды.
Жамааттык Батыш эки оттун, Россияны опузалоо менен дүйнөнүн эң күчтүү өзөктүк державасынан коркуунун, ортосунда калды. Чыгымга батырган украиналык жаңжалды тезирээк бүтүрүүнү, "тескелүүчү эскалацияны" НАТОнун аймагындагы толук кандуу согуштук аракеттерге айландырууну самайт.
The American Conservative басылмасы: "Узарып кеткен жаңжалдын, айрыкча каржы жагынан бушайман, ал эми саясий жактан туруксуз Америкада тобокелдиктери да чоң болот", — деп жазды. Ошондуктан Вашингтон Украинага болгону НАТОго мүчөлүктү гана сунуштай алат. Бул "израилдик модель" боюнча коопсуздуктун кепили болмокчу.
Ал ортодо Европа биримдигинин тышкы иштер министрлери Европа тынчтык фондунан Украинаны курал менен жабдуу жана Россияга каршы санкциялардын 11-топтому боюнча бир чечимге келишкен жок. CNBC телеканалынын маалымдаганына караганда, европалык аткаминерлер келерки жылдагы президенттик шайлоодо Байдендин утулушуна тымызын камынып жатышкан өңдүү. Ошол эле учурда "Украина көйгөйүн" Кошмо Штаттарсыз чечүүгө аргасыз болуп калуудан чочулайт.
Америкалык саясий баяндамачы Жексон Хинкл: "Бахмут кулады, кезекте – Часов Яр. Украина кыйын абалда. Жазгы контрчабуул баштала элек. Украина ого эле көп адамды жоготту. Зеленский Батыш Европада кайыр сурап жүрөт", —деп жазды. Newsweek байкоолоруна үңүлсөк, украиналык согуштук аракеттер театрында дасыккан, сүрдүү, мурдагыдай эле кынтыксыз куралданган жаңы россиялык армия пайда болду.
НАТОнун Чыгыш канатында альянстын күчтөрү РФ менен тирешке даярданып жатат. Украина "урандылар арасынан дале мүмкүнчүлүктөрдү көрөт", анткен менен Батыш түзүлгөн катаал кырдалда киевдик кол куурчагынын абалын эске албай туруп Россияны виртуалдык жеңүү жөнүндө талкуулай албайт. Россиянын аскердик атайын операциясы уланууда...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Минскидеги MILEX-2023 көргөзмөсүндөгү учкучсуз аппараттар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2023
Минскидеги MILEX-2023 көргөзмөсү: учкучсуздардын артыкчылыгы
Жаңылыктар түрмөгү
0