https://sputnik.kg/20230525/kyrgyzstan-ministr-eaeb-emgek-rynok-tizme-1075619269.html
КР министри ЕАЭБдин эмгек рыногун өнүктүрүү боюнча чараларды сунуштады. Тизме
КР министри ЕАЭБдин эмгек рыногун өнүктүрүү боюнча чараларды сунуштады. Тизме
Sputnik Кыргызстан
Эмгек министри мигранттардын статусун өзгөртүүгө, илимий-техникалык жана интеллектуалдык чөйрөлөрдө эмгек мигранттарынын өкүлчүлүгүн жогорулатууга мезгил... 25.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-25T00:01+0600
2023-05-25T00:01+0600
2023-05-25T00:06+0600
еаэбдеги кыргызстан
форум
миграция
кудайберген базарбаев
https://sputnik.kg/img/07e6/09/1b/1068355767_0:64:1600:965_1920x0_80_0_0_67d115ab2a3aae5c3879d1b07670ffe3.jpg
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Москва шаарында өткөн II Евразиялык экономикалык форумдун сессиясына катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.Кыргызстан ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногун өнүктүрүү үчүн эмгек рыногунун талаптарын эске алып, кесиптик жана техникалык билим берүү системасын өркүндөтүүнү, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринде бирдиктүү талаптарды шайкеш келтирүү жана киргизүү үчүн сертификациялоо жана квалификацияны таануу борборлорун түзүүнү сунуштады.Базарбаев миграцияны башкаруунун жетишкендиктеринин бири чет өлкөдө цивилизациялуу ишке орноштуруу системасын түзүү экендигин белгиледи.“Эмгек миграциясынын оң натыйжаларына акча которуулардын келип түшүүсү, жаңы технологиялар, жаңы кесиптерди өздөштүрүү , квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик көндүмдөр кирет. Мунун баары аймактардын экономикасынын өнүгүшүнө, үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугунун өсүшүнө өбөлгө түзөт”, — деди министр.Евразия экономикалык форуму — ЕАЭБдин жыл сайын өтүүчү экономикалык иш-чарасы. Иш-чарага бийлик органдарынын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдар менен ЖМКлардын 2,5 миңден ашык өкүлү катышат.Өткөн жылы форум Кыргызстандын борбору Бишкекте уюштурулган.Sputnik — ЕЭФ-2023түн маалыматтык өнөктөшү.
https://sputnik.kg/20230524/sadyr-zhaparov-eaeb-biznes-akiykatchy-institut-1075617681.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/09/1b/1068355767_102:99:1309:1004_1920x0_80_0_0_cd5ea4fb1a4ee299c0b6fd46756a5acc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
еаэбдеги кыргызстан, форум, миграция, кудайберген базарбаев
еаэбдеги кыргызстан, форум, миграция, кудайберген базарбаев
КР министри ЕАЭБдин эмгек рыногун өнүктүрүү боюнча чараларды сунуштады. Тизме
00:01 25.05.2023 (Жаңыртылды: 00:06 25.05.2023) Эмгек министри мигранттардын статусун өзгөртүүгө, илимий-техникалык жана интеллектуалдык чөйрөлөрдө эмгек мигранттарынын өкүлчүлүгүн жогорулатууга мезгил келгендигин билдирди.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Москва шаарында өткөн II Евразиялык экономикалык форумдун сессиясына катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
“ЕАЭБ өзүнүн экономикалык потенциалын гана бириктирбестен, бирдиктүү эмгек рыногун да курууда. Биздин өкмөттөрдүн алдында актуалдуу милдет турат - билим берүү аркылуу адам капиталын калыптандыруу ыкмаларын координациялоо. Эмгек мигрантынын статусун өзгөртүүгө, илимий-техникалык жана интеллектуалдык чөйрөлөрдө эмгек мигранттарынын өкүлчүлүгүн жогорулатууга мезгил келди”, — деди Базарбаев.
Кыргызстан ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногун өнүктүрүү үчүн эмгек рыногунун талаптарын эске алып, кесиптик жана техникалык билим берүү системасын өркүндөтүүнү, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринде бирдиктүү талаптарды шайкеш келтирүү жана киргизүү үчүн сертификациялоо жана квалификацияны таануу борборлорун түзүүнү сунуштады.
“Кызматкерлерди, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн коргоонун жана коопсуздугунун бирдиктүү системасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн туруктуу өсүшү үчүн шарттарды түзүү маанилүү”, — деди министр.
Базарбаев миграцияны башкаруунун жетишкендиктеринин бири чет өлкөдө цивилизациялуу ишке орноштуруу системасын түзүү экендигин белгиледи.
“Эмгек миграциясынын оң натыйжаларына акча которуулардын келип түшүүсү, жаңы технологиялар, жаңы кесиптерди өздөштүрүү , квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик көндүмдөр кирет. Мунун баары аймактардын экономикасынын өнүгүшүнө, үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугунун өсүшүнө өбөлгө түзөт”, — деди министр.
Евразия экономикалык форуму — ЕАЭБдин жыл сайын өтүүчү экономикалык иш-чарасы. Иш-чарага бийлик органдарынын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдар менен ЖМКлардын 2,5 миңден ашык өкүлү катышат.
Өткөн жылы форум Кыргызстандын борбору Бишкекте уюштурулган.
Sputnik — ЕЭФ-2023түн маалыматтык өнөктөшү.