Эрдоган: Түркия Батыштын антироссиялык санкция боюнча талаптарын аткара бербейт

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүТүркия президенти Режеп Тайип Эрдоган.Архивдик сүрөт
Түркия  президенти Режеп Тайип Эрдоган.Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2023
Жазылуу
Стамбулдагы иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Эрдоган Түркия Батыш талап кылганды эмес, өзүнүн улуттук кызыкчылыгына туура келген кадамдарды жасай турганын айтты.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркия Батыштын бардык талаптарын, тагыраагы, Россияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү боюнча талаптарын аткарбай турганын жана президенттикке талапкер Кемал Кылычдароглу Москвага катуу айтып, ката кетиргенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кылычдароглунун Россиянын шайлоого кийлигишүүсү тууралуу билдирүүсүнө комментарий берип, Москва башка мамлекеттердин ички саясатына жана шайлоо процесстерине кийлигишпей турганын айткан.
Эрдоган атаандашы Кылычдароглунун Россиянын өлкөдөгү шайлоолорго болжолдуу кийлигишүүсү боюнча билдирүүлөрүнөн кийин аны "уялып калышы керектигин" айткан. Республикалык элдик партиянын төрагасынын орун басары Огуз Салыжы РИА Новостиге Түркиядагы оппозиция кайсы бир мамлекеттин, анын ичинде АКШнын шайлоого кийлигишүүсүнө каршы экенин белгилеп, ал ошондой эле "РФтин кийлигишүүсү" тууралуу маалымат берген маалымат булактарын ачыктоодон баш тарткан.
"Оппозиция Түркиянын башка өлкөлөр менен болгон мамилесин кайрадан түзөбүз деп жатат. Бир жагынан Россияга тийишип, экинчи жагынан мамилени калыбына келтиребиз деп жатасыңар. РФ президентинин өкүлү "далилдегиле" деди. Эми далилдеп бергиле. Бирок чындыгында аларда эч нерсе жок. Эмне үчүн? Анткени бул жолду басып өткөн саясатчынын мындай катачылык кетирүүсү кечирилгис", — деген Эрдоган Стамбулдагы иш-чарада сүйлөп жатып.
Ал Түркия бийлиги АКШдан тышкары батыштын бардык өлкөлөрү, ошондой эле Россия жана Кытай менен алака-катнашта экенин эске салды.
"Ушул убакка чейин Түркиянын президенти катары баары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенбиз. АКШ аларга С-400дү өткөрүп берүүнү талап кылды, биз "жок" дедик. Силер бизге Patriot берүүдөн баш тарттыңар, биз коргонуу тармагында ушундай чечим кабыл алдык. Эгер аны алган болсок, мындай кадамга бармак эмеспиз. F-16 менен F-35 жөнүндө болсо, биз позициябызда туруп, чегинген жокпуз", — деген Эрдоган.
Түркиянын президенти республика Батыштын талаптарына баш ийбей тургандыгын убадалады.
"Түркиянын эң ири соода өнөктөшү болгон Россияга каршы санкцияларга келсек, алар (оппозиция - ред.) Батыш талап кылгандын баарын аткарабыз дешти. Бай-бай Кемал, Түркия Батыштын талабын эмес, биз каалаганды жасайт. Биздин саясатта эч убакта мындай болбойт", — деди президент.
Буга чейин түрк ЖМКлары Эрдоган шайлоонун экинчи айлампасы үчүн шайлоо өнөктүгү маалында өзүнүн атаандашына карата дайыма колдонулуп жүргөн "бай-бай Кемал" деген каймана атын таштайт деп ырасташкан, бирок ал жума күнү аны кайра айтты.
Кылычдароглу шайлоонун биринчи турунан кийинки биринчи кайрылуусунда өлкөгө мыйзамсыз мигранттардын агымын токтотуу үчүн ага добуш берүүгө чакырып, Эрдоганды "Россияга баш ийген жалган лидер" деп атады.
Президенттик шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыгы боюнча Эрдоганды шайлоочулардын 49,52 пайызы, Кылычдароглуну 44,88 пайызы колдоду.
Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 28-майга белгиленген. Анда добуштардын көбүн алган талапкер жеңишке жетет.
Түркия лидери Режеп Тайып Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Эрдоган: дан келишими эки айга узартылды
Жаңылыктар түрмөгү
0