Өкмөттүн отставкасы: сунуш четке кагылып, Шакиев менен Мадумаров кайым айтышты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин жыйынында спикер Нурланбек Шакиев. Архив
Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Нурланбек Шакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2023
Жазылуу
Спикер парламентарий комитеттин жыйындарына катышпай палатага келгенде эле сындай берерин айткан.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Адахан Мадумаров кайым айтыша кетти.
Депутат тармактык комитет акыйкатчы Атыр Абдрахматованы жүйөлүү себеби жок эле иштен бошотууну колдоп, бирок "Бүтүн Кыргызстандын" министрлер кабинетин отставкага кетирүү сунушун четке какканына нааразы болду.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Адахан Мадумаров
Депутат Жогорку Кенеша Адахан Мадумаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2023
Депутат Адахан Мадумаров
"Акыйкатчынын өзүн чакырып себептерин угалы. Азыр өтө жаман, мыйзамсыз ишке себепчи болуп калышыбыз мүмкүн. Адамдын тагдыры, мамлекеттик институт, конституциялык орган менен иш кылып жатпайбызбы. Бир фракция бошотсун деп койсо бошотуп, анан биздин фракция Конституциянын 44-беренесин аткарбаганы үчүн өкмөттү кызматтан кетирүүгө сунуш киргизсек "жок, болбойт" деп чечим чыгарып атасыңар. Ошол чечимди кабыл алгандар чыксынчы, сурайын, эмненин негизинде четке кагышты", — деди Мадумаров.
Шакиев бул жерде отурган депутаттардын баары сабаттуу экенин айтты.
"Жогорку Кеңеш сабаттуулугун көрсөтүп эле келе жатат, Абдрахматова расмий түрдө чакырылган, өзү келген жок. Өзүңүздүн маалыматыңыз жок болсо эле сындай бересизби", — деди Шакиев.
Мындан улам Мадумаров акыйкатчыны кызматтан кетирүүгө негиз кылып жаткан 122-берене эмне жөнүндө экенин сурады.
"Комитеттин жыйындарына барып ошол жерден сурабайсызбы. Өзүңүз мүчө болгон комитеттен башка комитеттерге такыр катышпайсыз да, анан ушул жерге чыгып акылдуу сөздөрүңүздү айтасыз. Андай болбойт, сиз айтсаңыз эле жараша береби", — деп жооп кайтарды төрага.
Андан соң депутат анын сунушун комитет жабык эшик артында караганын белгиледи. Экинчиден, ошол убакта ал парламенттин чечими менен Өзбекстандагы референдумда жүргөнүн айтып, спикерден сөзүн артка алышын талап кылды.
"Мени кайсы комитетке чакырган болсо катышам, өзүмдүн комитетимде такай отурам. Мен Ташкентте болуп туруп бул жактагы комитетке катыша албайм", — деди Мадумаров.
Белгилей кетсек, 27-апрель күнү "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы парламентке министрлер кабинетинин курамын толугу менен отставкага кетирүүнү сунуштаган. Буга өкмөттүн Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүн — 2023-жылдын 1-январынан баштап эң төмөнкү пенсия, пособие жашоо минимумунан кем болбосун деген норманы аткарбаганы себеп болгон.
Жыл башында министрлер кабинети пенсия, жөлөк пулдарды жашоо минимумунан төмөн болбосун деген норма талаштуу деп Конституциялык сотко кайрылган. Депутат Адахан Мадумаров мунун себебин өкмөт башчы Акылбек Жапаровдон сураганда "төлөй албасак өлөлүбү" деп жооп берген.
Натыйжада Конституциялык сот "пенсия, пособие өлкө экономикасынын абалынан көз каранды, жашоо минимумуна жеткирүү боюнча Баш мыйзамдагы норма мамлекеттин сөзсүз аткара турган милдети эмес" деген бүтүм чыгарып берген.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2023
Парламент Атыр Абдрахматованы отставкага кетирди. "Ата-Журт Кыргызстандын" жүйөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0