Пенсияны көбөйтө албасак өлөлүбү? Жапаров Мадумаров менен кайым айтышты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2023
Жазылуу
Конституция боюнча, быйыл январдан тарта эң төмөнкү пенсия менен жөлөк пул 6000 сомдун тегерегинде болушу керек эле.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кайым айтышты.
Депутат министрлер кабинети эмне себептен Баш мыйзамда белгиленген пенсия, жөлөк пулдарды жашоо минимумунан төмөн болбосун деген норма (44-берене) талаштуу деп Конституциялык сотко кайрылганын сурады.
Андан ары төмөнкүдөй диалог болду:
— Өзүбүздүн укугубузду колдонуп, ошол беренени чечмелеп берүүсүн сурап кайрылдык.
— Анын эмнесин түшүнбөй жатасыңар?
— Биз колубуздан келген жардамды гана бере алабыз, өзүбүздүн экономикабызга чактап.
— Анда эмнеге Конституцияга жаздыңар?
— Конституцияга жазылып жатканда мен каршы чыккам, бирок ошондой болуп калды.
— Анда иштебеш керек, "мен пенсия, пособие төлөй албайм" деп айтыш керек да.
— Адахан Кимсанбаевич, мен төлөй албайм, министрлер кабинети өзүнүн алына жараша төлөйт. Бүт дүйнө жүзүндө ошондой. Жашоо минимуму жыл сайын өзгөрүп турат. Аны Америка, Япония дагы кубалап жеткен жок. Ошондо кызуу кандуулук кылып жазылган. Так маалымат болушу үчүн биз өз укугубузду колдонуп Конституциялык сотко кайрылдык.
— Конституциялык сотко кайрылуунун кажети жок. Ал жерде "төлө" деп турат, бүттү. Аны түшүнүштүн зарылчылыгы жок.
— Төлөбөсөк өлөлүбү?!
— Эмне?
— Төлөбөсөк өлүп калалыбы эми?!
— Төлөй албасаңар "иштей албайбыз, Конституцияны аткара албайбыз" дегиле да.
— Ошол Конституциянын беренесин так чечмелеп бере турган орган бар. Аны сиз да, мен да чечмелей албайбыз.
— 44-беренеде так "Кыргызстанда пенсия, пособиелер эң төмөнкү керектелүүчү куржундан кем болбойт" деп жазылып турат. Анын эмнеси түшүнүксүз?
— Бүгүн аны так аткарганга экономикалык мүмкүнчүлүгүбүз жетпей жатат. Ошону чечмелеп бериңиздер деп Конституциялык сотко кайрылдык.
— Анда биздин Конституция күмөн экен да, туурабы?
— Ошол бир беренесин так чечмелеш үчүн кайрылдык.
— Эгер күмөн санап жатсаңыз, анда эмнеге ушул кезге чейин кайрылган жоксуз?
— Биз даярданып келдик, анан тапшырдык.
Белгилей кетсек, Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүмүндө "Пенсиялар, социалдык жөлөк пул жана башка социалдык жардам мыйзамда белгиленген жашоо минимумунан кем эмес жашоо деңгээлин камсыз кылууга тийиш" деп жазылган. Бул мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген. Бирок учурда эң төмөнкү пенсия 3 170 сом. Ал эми пенсионерлердин жашоо минимуму 6 395 сом, жөлөк пул ала турган балдардыкы 6 099 сом болууда.
Буга чейин да Акылбек Жапаров бул норманы быйыл аткара албай турганын айткан. Ошол эле учурда Дастан Жумабеков эгер эл ушул иш боюнча Конституциялык сотко берсе, жооп беришерин эскерткен.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2023
Чыдаңыз, премьер-министр болосуз. Спикер министрди трибунадан кетирбей койду
Жаңылыктар түрмөгү
0