Батыштын Борбор Азияда чындап көздөгөнү эмне? Талдоо

© Sputnik / Костис НтантамисНааразычылык акциясы. Архив
Нааразычылык акциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Жазылуу
Эл аралык алакалар жаатындагы эксперт Батыш Борбор Азияда чындыгында кандай саясат жүргүзөрүн айтып, чөлкөмдү Россиядан "ажыратып" алуу кыялын эмне үчүн ачык эле жар салып жатканын боолголоп берди.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров КМШ мамлекеттеринин ТИМ башчыларынын жыйыны жана Борбор Азия — Россия форматындагы алтынчы жолугушуусунан соң Москва менен кызматташуудан баш тартууга мажбурлап, Россиянын өнөктөштөрүнө кысым көрсөтүп турган Батыштын аракеттери чектен чыгып баратканын билдирди. Анын айтымында, Борбор Азияга Европа биримдигинин делегаттарынан тышкары, санкцияларга жооптуу болгон америкалыктар да кирип ар кандай басым жасоодо. Мындай көрүнүш чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн өз алдынчалыгы менен көз карандысыздыгын түк сыйлабастыгын айгинелейт.
Буга чейин Астанада АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кошмо Штаттар Борбор Азияны РФтен "ажыратып алууну" көздөй турганын ачык эле билдирип, региондогу өлкөлөрдү Москвага каршы биригүүгө үндөдү.
Казакстан ТИМ башчысы Мухтар Тлеуберди өлкөсү Россия менен биргеликте Евразия экономикалык биримдиги, Жамааттык коопсуздук келишим уюму, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги жана башка бирикмелерге мүчө экенин, РФ тараптан эч кандай коркунуч туйбаганын баса белгилеген.
Батыштын мындай саясатынын себеби кандай, Батыш менен Россиянын геосаясий тиреши Борбор Азия чөлкөмүнө кандай таасир этери туурасында тарых илимдеринин кандидаты, "Разумные решения" аналитикалык борборунун директору, эл аралык мамилелер жаатындагы эксперт Эсен Усубалиев Sputnik Кыргызстанга айтып берди.
© Sputnik / Асель СыдыковаТарых илимдеринин кандидаты, "Разумные решения" аналитикалык борборунун директору, эл аралык мамилелер жаатындагы эксперт Эсен Усубалиев
Директор аналитического центра Разумные решения Эсен Усубалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Тарых илимдеринин кандидаты, "Разумные решения" аналитикалык борборунун директору, эл аралык мамилелер жаатындагы эксперт Эсен Усубалиев

Бир нече багыттагы аракет

Батыш менен Россиянын тиреши бүгүн ачык фазага өткөнү байкалат. АКШ менен Батыштын башка мамлекеттери Россияга, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнө карата кастыгын, аларды Москвадан бөлүп алуу ниетин эми жашырбай деле калышты. Бирок мындай кырдаалда бул максатка жетүү үчүн таасир этүү аракети же инструменти жакшыртылышы ыктымал.
Кыязы, Вашингтон ушул өңдүү билдирүүлөрү менен Борбор Азия чөлкөмүнө каршы туруу үчүн Россияны алаксыткысы бар. Бирок кеп АКШнын андай аракеттери канчалык майнаптуу болорунда. Борбор Азияда абал кыйла татаал, ал түгүл өтө кыйын. Аны бир нече багытка: коопсуздук, транспорт, коммуникация, экономикалык, тил жана маданий байланыштар, анын ичинде саясий диалог жана өз ара аракет этүү маселелерине бөлүп карап көрөлү. Алардын эч биринде: АКШ да, Европа биримдиги да, Батыштын башка эч бир өлкөсү да үстөмдүк кылбаганын анализ айгинелеп турат. Себеби Борбор Азия — кантсе да Россия, Кытай менен жана географиялык жактан жакын, бул чөлкөм менен тарыхый тамыры бир бардык өлкөлөр менен байланышкан мейкиндик.

Тил башкы вектор катарында

Жалпыга белгилүү болгондой, Казакстан латын алфавитине өтүү аракетинде, ал эми Өзбекстан эбак өткөн. Бирок дээрлик эч кимиси бул кандай татаал экенин, калкка канчалык кыйынчылык жаратарын ачык талкуулабайт. Мында баары эле түшүнүктүү, бул үчүн кеминде эле 70-100 жыл өтүп, бала бакчага, мектеп, университетке бара турган бир нече муун алмашуусу шарт. Алар латын алфавитинде толук кандуу билим алып, кайра балдарды окута билгендей болуусу абзел. Башкача айтканда, кыска убакыт ичинде бир муундун ой жүгүртүүсүн заматта алмаштырып жиберүү мүмкүн эмес.
Бирок 1991-жылдан тарта эле Америка Кошмо Штаттары жана башка мамлекеттер чөлкөмгө сүңгүп, Борбор Азияны өз бооруна тартууга далалат кылышат. Мында дароо эле бизди бириктирип турган орус тили жана алфавитинен оолактатууга тырышышат. Демек, латын алфавитин киргизүү боюнча аракеттер Борбор Азияны Россия мейкиндигинен чыгарууну көздөйт.
Жаңы арипти, аны кабыл алуунун кыйынчылыктарына, эбегейсиз чыгымга, ошондой эле адабият, окуу куралдарынын тартыштыгына, баарын латынга которуунун мүмкүн эмес экенине карабастан ушундай аракеттер жасалууда. Мунун баары эмне үчүн зарыл? Батыш Россияны оолактатууну көксөйт. Бул үчүн анын курчаган мейкиндигинде маданий-тарыхый, билим берүү, илимий таасирди чектеп коюу жетиштүү.
Мында бүгүн негедир эч ким элес албаган бир фактыны эскертип койгон оң. Совет убагында бардык республикаларга дал улуттук аспектини жаратууга болгон шарттар түзүлүп берилген. Тилдер системалаштырылып, калыпка салынып, илимий жактан негизделип гана тим болбостон, ушул тилдерде билим алуунун илимий системасына чыйыр салынган. Кыргыз, казак жана башка тилдердин грамматикасы түзүлгөн. Сөздүктөрдөн тарта окуу куралдарына дейре, дегеле кыргыз грамматикасы түшүнүгү совет маалында түптөлгөн. Бүтүндөй улуттук адабият Советтер Союзунун тушунда чыгарылган. Эми ошонун баарын талкалоого умтулуп жатышат.
Орус тил сабагындагы окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2023
Кыргызстанды Россиядан ажыратуу аракети. Латын арибине өтүү тууралуу

Дегеле Батыштын көздөгөнү эмне?

Батыштын мындай саясатынын түпкүрүндө ресурстарга ээ болуу ниети жатат: экономиканы өнүктүрүү, турмуштун жогорку деңгээлин кармап туруу үчүн ресурс зарыл, мүмкүн болушунча бекер алынышы кажет. Советтер Союзу ыдыраган соң арзан газ, мунай, ал тургай адам ресурстары да дайра сымал Батышка карай агылган. Ой жүгүрткөн катмарды тартып кетүү деле пландалганы сыр эмес.
Башкача айтканда, 90-жылдары Батыш, тагыраагы, капиталисттик дүйнө өзүнүн каржылык жана экономикалык көйгөйүн жаңы территорияларды өздөштүрүүнүн эсебинен чечип келген. Англосактар өз колонияларын кантип тоногонун эстесек, Россия жана постсоветтик мамлекеттерге карата саясаты даана айкындала түшөт. Себеби Батыш өз оюнун узактан бери жүргүзүп келет. Азыр башыбыздан кечирип жаткан нерселер алар тарабынан эбак эле жазылган. Бир нерсени кертип алууга жол ачкан мындай стратегияны алар Экинчи дүйнөлүк согуштан соң дароо кабыл алышкан.
Эгер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Батыштын саясатын карап көрсөк, ресурс жагынан гана эмес, Россияны чабалдатуу позициясынан да биз аларга кызыкпыз.
РФтен ажыратып алуу менен алар мында Россияга кас чөлкөм жаратып, кийин аны туруксуздуктун зонасына айлантып салышат. Башкача айтканда, талап-тоноп, өрткө таштап басып кете беришет. Глобалдуу максат үчүн эмне каражат болбосун жакшы эмеспи.

Коопсуздук вектору

Мында да иш ар бир багытта жүрүүдө. Коопсуздук маселесин алалы. Жакында эле АКШнын Кыргызстандагы мурдагы элчиси, ал эми ушул тапта мамлекеттик катчынын орун басары Дональд Лу Борбор Азия өлкөлөрү Россия өзүндөгү курал жетишсиздигинен алардын муктаждыгын канааттандыра албай тургандыгын, мындан улам өз коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатканын билдирген. Ошондуктан Кошмо Штаттар Борбор Азия мамлекеттерине өз курал-жарагын берүүгө даяр имиш. Эске салсак, Тажикстан менен Өзбекстан кезегинде америкалыктардан ар кандай, анын ичинде техникалык жана аскердик көмөк алышкан. Мунун баары террорчулукка каршы күрөш, Афганстандан келчү коркунучтун эпкининен коргонуу деген шылтоо менен берилет.
Бир караганда кооптуу деле эч нерсе байкалбайт, болгону америкалыктар жардамга кол сунуп турушат. Бирок курал берүү менен алар Борбор Азия өлкөлөрүнүн акырындап НАТОнун куралдануу стандартына өтүшүн көздөшөт. Ал эми бул орчундуу маселе, себеби алар келечекте америкалык аскер-өнөр жай комплексин жүктөөнү каалашат.
Куралга ээ болуп калуу бир тең, аны ремонттоп, тейлеп, ок-дары сатып алып, пайдаланууну үйрөтүү иштери да чыгат. Куралдын артынан аскердик адис-инструкторлор, алардын артынан базалар уюштурулат. Ал эми соңку убакта Борбор Азияга америкалык аткаминерлердин байма-бай каттаганын эске алсак, ошондой эле америкалык генералдардын да чөлкөмгө аяк басып, анын ичинде кыргыз-тажик жаңжалынын зонасына барганы эмнени каңкуулайт? Мунун аларга эмне зарылдыгы бар? Балким куралдуу кагылыштын натыйжасында келтирилген зыянды, талкаланган объектилерди карап, талдап берип, андан кийин өз чечимин сунуштап же өз куралын сатуу үчүн консультативдик кызматтарын сунуштайт чыгар. Ошол эле учурда эксперттердин бир тобу чөлкөмдөгү кырдаалды туруксуздаштыруу жамааттык Батышка пайдалуу, ошондуктан мында анын белгилүү бир ролу бар деген пикирди карманышат.
Айрыкча, Батышка азыр экинчи фронтту ачуу зарыл. Буга дейре деле Беларусту чайпалтып, Армения менен Азербайжандын ортосуна от коюу менен Кавказга бүлүк салууга тырышкан. Казакстандагы январь окуялары ушул эле түрмөктөн экени айдан ачык, себеби ал жакта да Батыштын атайын кызматтарынын изи табылган.

Транспорт жана логистика

Батыш өз максатына жетүү үчүн ар тараптуу багытта далалат жасоодо деген бүтүмгө келүүгө болот. Транспорттук маселени алалы. Кытай өз товарларын Транссибирь магистралы жана Россия аркылуу жөнөтөрү белгилүү. Ортодо дагы бир коридор бар: Кытай Борбор Азия аркылуу Каспийге, андан ары Азербайжан, Тбилиси менен Европага чыгат. Бул багытта Батыш логистика менен эле арзаныраак жол табуу эле эмес, Россияны камтыбаган бардык транспорттук байланыштар аркылуу аны оолактатуу жана Борбор Азияны бөлүп алуу каалоосу күч.
Ошол эле учурда Батыш менен Кошмо Штаттар Борбор Азияны таптакыр бөлөк чөлкөм менен, атап айтканда, Пакистан, Индия, Бангладеш, анан, албетте, өздөрү кыйратып туруп чыгып кете беришкен Афганстандан турган Түштүк Азияга кошуп салгысы бар. Эми Батыш чөлкөмдөгү мамлекеттерди аны калыптандырууга тартып, коңшулар аталган өлкөнү өнүктүрүүнү өз жоопкерчилигине алуусун каалайт. Бирок эч бири андайга барбай турганы бышык.
Ошол эле парадигмада (Борбор Азия жана Түштүк Азия) Түркмөнстан — Афганстан — Пакистан — Индия (ТАПИ) газ түтүгү жана CASA-1000 электр өткөргүчтөрү жатат. Бирок Афганстандагы кырдаалды эске алганда, булар ишке ашары бүдөмүк. Борбор Азиядан Пакистан менен Индияга багытталган жол түйүндөрү да бар. Менимче, Борбор Азияны Афганстан менен бириктирүү – таптакыр натуура кадам. Борбор Азия өлкөлөрүнүн аталган аймактын калкы менен кайнаса каны кошулбайт. Ал түгүл Өзбекстан менен Тажикстандын эли Афганстандагы тажик жана өзбектерден таптакыр айырмаланат. Батыш тарабынан демилгеленген бул долбоорлордун баары географиялык жактан өтө татаал.
Биринчи кадам жасалган, 2021-жылы Өзбекстандан биринчи кербен Афганстан аркылуу өтүп, товарды Пакистанга жеткиришкен. Ал жакта автомобилдик гана эмес, Афганстандын территориясы аркылуу Пакистанга чейинки темир жолду салуу да каралган.
Албетте, Борбор Азияга Түштүк Азиянын көп өлкөлөрү менен иштешүү дурус, ары пайдалуу да. Бирок ошол эле ТАПИден да кыйла келечектүү долбоорлор бар эмеспи. Ушул тапта Россия — Түркмөнстан — Иран — Пакистан линиясы иштелип чыгууда. Ирандыктар Өзбекстанга Чабахар портуна чыгууну сунуштаган. Кезегинде ал Кошмо Штаттардын санкциясына кабылбаган жалгыз порт эле. Бул жол чындап эле иштеген, ал тургай Индия ага жарым миллиард доллар инвестиция салган.
Бирок Өзбекстан Ирандын санкция алдында турганын эске алып, бирдей аралыкты сактоо аракетинде. Андай көз караш деле түшүнүктүү, себеби бул транспорттук бөгөттөлгөн өлкө, ал эми эбегейсиз потенциалды пайдалануу үчүн өз товарын сатууга рынок керек.
Кыргызстан менен Казакстан бүгүнкү күндө Евразия экономикалык биримдигинде, мунун аркасы менен аларга 185 миллиондук рынок ачык. Ал эми Өзбекстан союзга мүчө эмес, ошондуктан өз товарын сатуу үчүн рынок издеши керек. Дал ушул себептен ал Евразия экономикалык биримдигине байкоочу катары кирген.
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина, Тайвань, акталган ураны бар снаряд... Батыш согушту кызытып жаткандай

Кытай геосаясий вектору

Батыш Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы күчтөрүсүз, Россиясыз, Кытайсыз өз алдынча интеграцияланышын сунуштайт. Муну Европа биримдиги да, Япония, Корея жана бөлүп-жарууну көксөгөн АКШ да самайт. Бирок бул бизге түк түшүнүксүз, алар географияны кайда катышат?
Кеңири Россия жана түпсүз мухит сымал Кытай турганда бизге Түштүк Азия рыногунун зарылдыгы эмне? Булар — биз үчүн пайдалуу жана көнүп калган багыттар. Бирок Батыш Кытайды Борбор Азиянын территориясында күч катары көргүсү келбейт. Ошондон улам "Бир алкак — бир жол" кытай долбооруна ар кандай ыкма менен каршы чыгып келишет. Кытайдын жылышына жол бербөө үчүн алар Blue Dot тутумун иштеп чыгышты. Бул — жемкорлук, көмүскөлүккө бөгөт болуу үчүн деген шылтоо менен портторго, жол түйүндөрүнө тастыктама берүү.
Мындай белгиси бар порттор Батыш өлкөлөрү койгон жогорку технологиялык жана башка талаптарга шайкеш келет имиш. Албетте, бул системаны АСЕАНдын бүт өлкөлөрү жана Япония дароо кош колдоп жактап чыгышты. Бирок Blue Dot тутуму Кытай жана башка өлкөлөргө кысым көрсөтүү үчүн Батыш киргизүүнү самаган логистиканы көзөмөлдөөгө барып такалат. Батыш каймактары үчүн көзөмөл маселеси баарынан жогору коюлат. Биз пайдаланып жүргөн эле жалпыга маалым SWIFT, VISA, MasterCard системаларын алалы. Булар да – көзөмөлдөөчү, бирок мында каржыны тескей алчу эле тутумдар.

Энергетика да бөлүп-жаруу вектору катарында

Максатын жүзөгө ашырууда комплекстүү ойлонуп, ар тараптуу аракет этпесе Батыш Батыш болбой калбайбы. Энергетикалык сектордо деле ошол. Мисалы, Батыш институту электр тарифтерин жогорулатып, россиялык көгүлтүр оттон баш тартууну талап кылат. Албетте, борбор азиялык өлкөлөрдүн ордуна алар өз газын Каспий аркылуу Европага багыттоону сунушташкан. Бирок биз иш жүзүндө бул мүмкүн эместигин, анын үстүнө көгүлтүр от өз кызыкчылыктарына залал келтирбегидей экспорттоого мүмкүндүк бере тургандай көлөмдө эмес экенин түшүнөбүз го.
Быйылкы катуу кыш Казакстан да, Өзбекстан да совет убагында түзүлгөн газ-транспорттук түйүнү жана россиялык газ менен жабдуусуз маселени чече албай турганын даана көрсөттү. Себеби окумуштуулардын баамында, аталган мамлекеттерде 2030-2040-жылдары энергетикалык ресурс түгөнүшү мүмкүн. Ошону менен бирге эле алар мындай катаал убакта келечек реалдуу ресурска эгедер тараптыкы экенин так билишет. Бүгүнкү күндө виртуалдык эмес, машинаны от алдырып, тамак жасап, үй курууга мүмкүн болгон дал реалдуу ресурстар негизги ролду ойнойт. Ошол себептен Батыш Борбор Азияны Россиядан жулуп алышы чөлкөмдүн калкын ушул ресурстардан да ажыратып салууну каалаганын туюндурат.
Борбордук Азия мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2023
Борбордук Азияга түз санкция салуудан Батыш утпайт. Эксперт менен маек

Маалыматтык согуш

Ошондо кыялдардын орундалышына туруштук берүү үчүн биз биргеликте болуубуз шарт. Бирок мында Батыш пайдаланып кете турган бир көйгөй бар. Мурдагы Советтер Союзунун бардык республикалары азыр өз-өзүнчө, ар бири өз улуттук батиринде, ар кимиси алына жараша жашоого жан үрөйт. Ал эми жалгыздап жүрсөк, бизди жөн эле тебелеп кетери түшүнүктүүдүр.
Дал ошондуктан Батыш ушул багытта жигердүү иш жүргүзөт. Бизди майдалап, бөлүп-жарат, кайрадан жуурулушууга жол бербөөгө ашыгат. Алардын милдети — адамдарда шек туудуруп, СССРде баары начар, баары жаман эле дегенге элди ынандыруу. Кыргыз, өзбек, казактар кыйналып жашаган деген ойду социалдык медиа аркылуу, ар кандай постторду жарыялоо менен сиңирүүгө аракет кылышат. Падышалык Россиянын тушунда болгон, советтик мезгилге эч тиешеси жок 1916-жылдагы кайгылуу окуяларга басым жасашат. Жалган маалымат жайылтып, шек санатчу ойлорду ортого салышат. Анан калса чындыкка кооштуруп чындыктан 30, жалган маалыматтардан 70 пайыз кылып курап, коомго "чачышат". Маңызында азыр толук кандуу маалыматтык согуш жүрүүдө. СССРде эртеңки күнгө ишеним, бекер билим берүү, медициналык тейлөө болуп, ар бир жаран иш менен камсыз болгонуна азыркы жаштар эми ишенбейт. Анткени алардын аң-сезими жана маалыматтык талаа лагерь, ачарчылык, репрессия жана башкалар жөнүндөгү бурмаланган кабарларга толтурулган.
Бүгүнкү күндө адамдарды бир биомассага айлантып салышты. Ал акыл калчабайт, ой жүгүртпөйт, сынчыл көз карашы жок. Буга билим берүү тутумун талкалап отуруп жеткиришти. Эмне үчүн? Анткени чүнчүгөн, бири-бирине кайнаса каны кошулбаган, сабатсыз коомду башкаруу жеңил. Анын аң-сезимине каалаганын, анын ичинде Германия жеңген болсо бүгүн баары бавариялык сыра ичип, барчылыкта өмүр сүрүшмөк деген ойду да сиңдире алышат. Башкача айтканда, нацизм акталууда. Баса, бүгүн биз Украинада да, улутчулдук баш көтөргөн бөлөк өлкөлөрдө да буга күбө болуп жатабыз. Ошондой белгилер Борбор Азия мамлекеттеринде да бар.

Евразиянын Хартланды* же чордону

Жамааттык Батыш узакка созулчу оюнду баштап койду, азыр болбосо да жакынкы беш жылда ал жакта эч ким тынчыбайт, иш уланат. Бүгүн аткара албаса он-он беш жылдан кийин көздөгөнүнө жетет. Батыштагы кайсы жагдайга суктанууга болот? Үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн саясий багытка, бир нуктагы күжүрмөн аракетти белгилөөгө болор. Демек, бийликтеги адамдар алмашканда да чечимдер өзгөрүлбөстөн, баары пландалгандай улана берет. Албетте, учурдун реалдуулуктарына жараша түзөтүүлөр киргизилет, бирок негизги багыт сакталуу калат.
Батыш үчүн мурдагы советтик мейкиндик, анда жашаган адамдар негизги атаандаш болуп, дүйнөлүк үстөмдүгүнө чоң коркунуч жаратууда. Эгер биз Батыштын кысымына каршылык көрсөтпөй койсок, акыр-түбү жөн гана жок болуп кетебиз. Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштардын максаты Россия жана бүтүндөй Евразия болгонун эске сала кетейин.
Бирок Евразияга ээлик кылуу үчүн аларга Борбор Азияны толук көзөмөлгө алуу зарыл. Маккиндерче айта турган болсок, Борбор Азия — бул евразиялык континенттин хартленди. Кимде-ким Борбор Азияны көзөмөлдөсө, ал бүтүндөй Евразияны колго алганы болуп саналат.
Дал ушул себептен Батыш билим берүү, маданият, экономика, геосаясат, энергетика, айтор, "бөлүп-жар да, башкар" деген принципти киргизип, чөлкөмдү көзөмөлдөө үчүн бардык тармакка бүлгүн салууга аракет кылган. Батыштагылар биздин бири-бирибизди түшүнбөй, орток маданияты, агартуучу мейкиндиги жок, ар башка тилде сүйлөшүп, кайрадан улут-улут болуп өз коңулубузга кирип алышыбызды самашат. Канчалык бөлүнүп, ойлорубуз кыска болуп турса, Батышка ошончолук пайдалуу. Аларга биздин кантип жашап, кантип жан сактаганыбыз баары бир, ал тургай Афганстандай кылып орто кылымга түртө салышы да ыктымал.
Кырдаалдан чыгуунун жападан жалгыз жолу — кайрадан китеп окуган, билимге умтулган сабаттуу улутка айлануу, билим берүү, маданият, илим жана техниканын жалпы борборуна ээ болуу. Ошого жетишкенибизде утуш биздики десек болот.
* Британиялык географ Хэлфорд Жон Маккиндердин (1861-1947) теориясына ылайык, Сибирден Польшага чейинки территорияны ким тескесе, ошол дүйнөлүк держава болот. Бул аймакты ал "чордон", "Хартленд" деп атаган. Окумуштуу адамзаттын тарыхындагы улуу каганаттарды ийне-жибине дейре изилдеп чыккан соң ушул чөлкөмдү атайын белгилеген.
Вашингтондогу Капитолий имаратында АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Артка жолу жок. Global Times АКШ акыры кыйрай турганын жазды
Жаңылыктар түрмөгү
0