Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Артка жолу жок. Global Times АКШ акыры кыйрай турганын жазды

© AP Photo / Carolyn KasterВашингтондогу Капитолий имаратында АКШнын желектери. Архив
Вашингтондогу Капитолий имаратында АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2023
Жазылуу
Украинада жүрүп жаткан атайын аскердик операциядан улам АКШ Россияга кысымын күчөтүп, мындан улам бир катар мамлекеттер эсеп-кысабын улуттук валюта менен жүргүзүүгө өтө башташкан.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. АКШнын дүйнөлүк үстөмдүгүн сактап калуу аракетинен натыйжа чыкпайт. Бул тууралуу Global Times басылмасына таянуу менен РИА Новости жазды.
Макалада жаңы дүйнө түзүлүшүн жактап, ага ыктагандардын саны арбып бара жатканы белгиленген.
"Америкага бул нерсе жагабы-жакпайбы, мезгил ушундай. Дедолларизация башталды. Мамлекеттер регионалдык көп тараптуу кызматташууга багыт алууда. БРИКС күчтөнүп бара жатат, ал эми G7 таасири барган сайын азайып жатканына күбөбүз. Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу механизмдердин популярдуулугу артууда. Бул — АКШ душман күтүп да, кысымды күчөтүп да, өз түшүнүгүн таңуулап да артка кайтара албаган тенденциялар", — деп айтылат макалада.
Авторлор АКШ өз союздаштарына катаал мамиле жасап, Россия менен Кытайдын тизгиндөөгө аракеттенип, экономикалык конфронтация жүргүзүп жатканын, эми сүттөн ак болуп чыга келгиси бар экенин айтышкан.
"Буга азыр эч ким алданбайт", — деп айтылат басылмада.
Эскерте кетсек, Украинада жүрүп жаткан атайын аскердик операциядан улам АКШ Россияга кысымын күчөтүп, мындан улам бир катар мамлекеттер эсеп-кысабын улуттук валюта менен жүргүзүүгө өтө башташкан. Батыш эл аралык аренада көрүп жаткан катаал чаралар башка өлкөлөрдү анын таасирине каршылык көрсөтүүгө мажбурлап, регионалдык кызматташтык менен көп полярдуу дүйнөнүн концепциясына ыктоого аргасыз кылган.
АКШнын экс-президенти Дональд Трамп  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2023
Үчөө тең мыкты. Трамп Россия, Кытай жана Түндүк Корея лидерлерине баа берди
Жаңылыктар түрмөгү
0