Кыргызстанды Россиядан ажыратуу аракети. Латын арибине өтүү тууралуу

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүОрус тил сабагындагы окуучу. Архив
Орус тил сабагындагы окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2023
Жазылуу
Борбор Азия мамлекеттери латын тамгасына өткөн күнү Батыштын жеңиши белгиленет дейт колумнист.
Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев менен Камила Талиева Кыргызстанды латын арибине өткөрүүнү демилгелеп чыгышты. Алардын айтымында, бул "кыргыз тилин сактоо жана чыныгы реформалар үчүн керек". Латын тамгасы кыргыз тилин сактоого кандайча кызмат кыларын эл өкүлдөрү түшүндүрүп беришкен жок.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Каныбек Осмоналиев парламентарийлердин суроолоруна жооп берип жатып, Жогорку Кеңеш менен президент саясий чечим кабыл ала турган болсо биздин илимпоздор латын арибине өтүүгө даяр экенин билдирди. Анын айтымында, бул багытта бир нече вариант иштелип чыгууда.
Sputnik колумнисти Эсен Усубалиев алфавитти өзгөртүүгө өзүнүн көз карашын сунуштады.
Ушу тапта Борбордук Азия мурунку Советтер Союзунун ичинен Россия менен ынак, жылуу мамилесин сактап калган жалгыз регион. Россияга кастарын тигип, жалпы советтик өткөн чагын чанып, качандыр бир кезде боордош элдер менен бир үй-бүлөдөй жашаган тарыхын таануудан баш тарткан Прибалтика менен Түштүк Кавказдай болгон жок.
Бекем байланышты сактоого себеп жетиштүү — Борбор Азия элдери республикалардын түзүлүшү жана өнүгүп-өсүшү үчүн советтик Россиянын жасаган эмгегин унуткарбайт. Анткен менен бул муун акырындап дүйнө таанымы жаңыдан калыптанып келе жаткан, көбүнесе сырт таасирге ыктаган муунга орун бошотууда. Алардын арасында көп учурда "инсандын, коомдун, мамлекеттин толук көз карандысыздыгы үчүн" зарыл болгон улутчул идеяларга сугарылганы да жок эмес.
Борбор Азиянын тышкы кысымга туруштук берери СССРди кыйраткан идеологдор тарабынан эске алынса керек. Кийин аталган аймакты өз кызыкчылыгы үчүн колдонуу ниети да болгон чыгар. Байма-бай чыккан чыр-чатактар, улут аралык жана дин аралык мамилелердин курчушу, улутчул маанайдын үстөмдүк кылышы, "толук улуттук көз карандысыздыкка" жетүү үчүн мыйзам чегинде чара көрүлүшү Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара да, Россия менен да болгон алакасын суутуп жибере алган жок. Бирок келечек бүдөмүк.
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2023
"Садыр аwа" деп эле жазалы. Депутат Осмонов алфавитти өзгөртүүнү сунуштады
АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Казакстан менен Өзбекстанга сапары, "G5 + 1" форматындагы кезектеги саммит жана АКШ "Борбор Азияны Россия менен Кытайдан ажыратууну" көксөп жатканын айткан билдирүүсү 1991-жылдан бери ушул багытта жасалып келген кадамдарга көз чаптырууга аргасыз кылат. Блинкен АКШ менен Батыштын ушул мезгил аралыгында жасап келген ишин көпчүлүккө шардана гана кылган сыяктуу.
Дароо эле Батыштын бир нече долбоору эске келет. Алардын айрымдары азыр иштеп жатат, кээси маанисин жоготту, бирок эң эле узак мөөнөттүүсү жана бир топ кесепеттүүсү — кириллицадан баш тарттырып, улуттук тилге латын арибин киргизүү. Региондогу мамлекеттер жаңыдан эгемендүүлүккө жеткен жылдары кириллицадан баш тартуу улуттук тилди бекемдөө жана советтик жашоодон биротоло арылуудагы чечкиндүү кадам катары сыпатталган. 1990-жылдардын ортосунда кириллицадан биринчилерден болуп баш тарткан Өзбекстан менен Түркмөнстан мунун кесепетин ушу кезге чейин тартып келет. Илимий жана билим берүүчү адабият менен жазууда эки шрифттин болушу калкка оорчулук келтирүүдө. Китеп басып чыгарууда, өзгөчө улуттук тилдеги китептерди чыгарууда региондун бир да өлкөсү СССР менен теңтайлаша албайт. 2025-жылы латын арибине өтүүгө даярданып жаткан Казакстанды да илимий-агартуучулук жаатта кыйла түйшүк күтүп турат. Кыйынчылыктар коомдук-саясий өңүт алып кетиши мүмкүн. Аягы кандай бүтөрү белгисиз. Жетекчиликтин саясий эркинен көз каранды болбогон нерселер да бар эмеспи.
Кыргызстан менен Тажикстан азырынча четте турат. Мындай кадамдын кесепети (экономикалык, саясий) кандай болорун, латын арибине өтүү эч кандай деле артыкчылык бербей турганын эки мамлекет түшүнүүдө. Анткен менен латын тамгасына өтүү — тарыхый-саясий мүнөздөгү маселе.
Борбор Азиянын акыркы эки өлкөсү латын арибине өткөн күн Батыштын жеңишин айгинелейт. Бул күнү Борбор Азия, Кыргызстан, Россиядан ажырайт. "Россия" деп аталган илимий, агартуучу, маданий борбор кириллицаны жаңы тилдер менен байыткан, орус тилинин, маданиятынын күчүнөн кайрат-дем алып, кайра жаралган Борбордук Азия менен байланышын үзөт.
"Эркин дүйнөнүн лидерлери" канчадан бери Жакынкы Чыгыш, Азия жана Африка элдеринин жашоосун "жакшыртууга" аракет кылып келет. Борбордук Азия мындай "жакшы жашоого" даяр болору күмөн. Бирок Блинкендин сөзү чыры менен сыры көп коңгуроо экени шексиз.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2023
Депутат Жамгырчиев: бөрк ал десе баш алып, расмий тилди басмырлагандар көбөйдү
Жаңылыктар түрмөгү
0