Университетти Лениндик стипендия менен окуган. Акын Калдыбаев тууралуу 8 факты

© Фото / Pixabay / Free-PhotosКитептер. Иллюстративдүү сүрөт
Китептер. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2023
Жазылуу
Курбанбай Калдыбаев "Тууган жерим – туу казыгым" деген биринчи китеби менен чоң акын болорун далилдеп коюп, анан эле күтүлбөгөн жерден бул дүйнө менен кош айтышып, окурмандарынын үмүтүн үзүп, келбес жайга кете берди.
Биз бүгүн кыргыз поэзиясына кошор салымы арбын болсо да, ал максатына жетпей кеткен акын Курбанбай Калдыбаев тууралуу 8 факт сунуштайбыз.
Ак-Теректе калган балалык. Курбанбай Калдыбаев 1938-жылы 20-мартта туулган. Анын киндик кан тамган жери Өзгөндүн Жалпак-Ташына караган Ак-Терек деген тоо боорундагы айыл. Адегенде ошол айылда "Үлгүлүү" деген жети жылдык мектепте 1945-жылдан 1952-жылга чейин билим алып, анан Куршаб селосундагы Ворошилов атындагы мектепте окуган. Куршаб – орус оторчулары алгач келип отурукташкан айыл болуп, ушул күнгө чейин ал жердегилер орус маданиятына, орус тилине жакын. Мунун сөзсүз жаш жигит үчүн таасири болгон сыяктанат. Кыргыз акын-жазуучуларын чыгаруунун устаканасы болгон университеттин филология факультетине ал башкалардан бир топ айырмалуу биография менен келип кирди. Онду бүткөн соң кесиптик-техникалык окуу жайында соода тармагы боюнча окуп, анан айылда эки жылча сатуучу болуп иштеди, демек, эл менен аябай жакын жүрдү, кийин 1960-1962-жылдарда үч жыл аскердик кызматын аткарды, ушундай турмуштук бай тажрыйбадан өтүп анан жогорку окуу жайына кириши жана өзгөчө жөндөмү аны дароо эле лидер катары алдыга алып чыкты.
Лениндик стипендия менен окуган. Кыргыз мамлекеттик университети ал кезде таланттуу жаштарды тандай алчу. Филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүндө Аман Токтогулов, Омор Сооронов сыяктуу болочоктун мыкты адабиятчылары менен бир группада билим алды. Чү дегенден эле камчы салдырбай окуп, Лениндик стипендияга жетти, университеттин комсомол комитетине секретарь болду, окуп жүрүп эле төмөнкү курстардан зачёт, экзамен алууга жардамдашты. Университеттин кызыл диплому аны түз эле Ош пединститутуна окутуучулук кесипке алып келди. Фрунзедеги университетте 1962-1967-жылдары алган билимин эми оштук студенттерге бере баштады. Дал ушул жылдары поэзия дүйнөсүнө жан оту менен берилди, дүйнөлүк адабиятты аябай окуду, тун уулуна түрк акынынын ысымын ыроолоп Назим деген ат берди.
Агайдын адабий ийрими. Ош пединститутунун кыргыз тили жана адабияты бөлүмүндө окутуучу болуп иштеп жүргөндө ал Жоомарт Бөкөнбаев атындагы адабий ийримди жетектеп, анын органы болгон "Сапар түйшүгү" деген дубал газета чыгарууга жетекчилик кылган. Ошол ийримдин мүчөлөрү Маркабай Ааматов, Карбалас Бакиров, Атантай Акбаров кийин Кыргыз Республикасынын эл акыны деген ардактуу наамга жетишкен. Чымындуу жаштарга Жолон Мамытов, Курбаналы Сабыров, Кайыр Жээналиев, Таш Мияшов, Шабданбай Абдыраманов, Тазагүл Закирова, Эгемберди Эрматов ж.б. акын-жазуучуларды жолугушууларга алып келип жүрдү.
Жазуучулар Жусуп Турусбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков жана Мукай Элебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2023
Жашоосу күлкү менен кайгыга толгон Мукай Элебаев тууралуу 16 факт
Биринчи китеп ийгилиги. 1973-жылы "Мектеп" басмасынан 38 бет көлөмүндө "Тууган жерим – туу казыгым" деген алакандай китеби жарык көрдү. Бул кичине китеп Түштүктөгү адабий чөйрөгө чагылган чартылдагандай жаңырык жаратып, ар бир китепкана, мектеп, окуу жайында анын автору менен жолугушуулар өтүп, калемгердин баркын аябай эле көтөргөн. Жыйнакта граждандык рухтагы ырлары арбын эле, акын өз катарындагы муундар сабында алдыңкы орунда келе жаткандыгын айгинелеген бир нече ырлары бул китептен орун алган. Анын айрым жакшы ырлары кынтыксыз сөз устасы экендигин көрсөткөн. Мына, анын "Тууган жер" деген ыры: "Мен сага сайылган чырпыкмын – кууратсаң, кыйсаң да кайылмын, каныңдан жуурулган уулуңмун – өлтүрсөң, урсаң да кайылмын, мен сенден жасалган кылычмын – бөлө чаап таштаймын темирди, түздөймүн аркайган тоолорду – тоо кылам түз жаткан сеңирди" ж.б. Мындай патетикалуу, бийик пафостуу ырлар жаш акындын дымагынын жогорулугун, турмуштан каалоо-көксөөсү көп экендигин айгинелөө менен Ата журт, жаштык, адамдын орду, акындык милдет-парз, сүйүү, пейзаж темасы анын чыгармачылыгынын башка багыты экендигин көрсөтүп турган. Бул жыйнактагы акындын дагы бир өзгөчөлүгү – поэтикалык саптар аркылуу табияттын сүрөтүн тартуу. Ушуну менен бирге ал ийгиликтер Курбанбай Калдыбаевди башка жолго жетелеп, ичкени көбөйүп, бир топ учурда жумуштан алаксытып, көчөдөгү чөйрөгө кошуп, ооматын колдон жулдура берген.
Журналисттик кесипке оошу. Акыры институттан кетти. Ош облустук телерадио комитетине редактор болуп орношту, бирок ал жерде да иши аксады. 1972-жылдан 1974-жылга дейре гана эптеп иштетишти ал жердегилер менен. Бетке чабар мүнөзү, эркин жүргөн стихиясы аны унчукпай иштөөгө көндүрбөдү. Дагы жалгыз калды. Жоро-жолдоштору жардам кылып, басманын планына кайра-кайра киргизип жатып, 1982-жылы "Кол табы" деген экинчи китебин чыгарды. Жеке турмушундагы кайгылуу күндөр дагы эле кайталана берди, бир туруп жакшы болуп, бир туруп жамандыктын көлүнө чөгүп отурду. Үй-бүлө жактан да аксады.
Мүнөзү, жүрүм-туруму. Жаш чагында өтө курч болгон, улутчул эле. Айыл чарба жумуштарына барганда кыштактардан келип, окууга жаңы кирген балдарды "жемиңерди жедирбегиле" деп турчу. Пахтада болсун, институттун тегерек залында болсун күпүлдөп ыр окучу, Жолон Мамытов менен кезектешип ыр окуса, өзүнчө бир керемет спектакль ойноп жатышкандай болчу. Оштук студенттердин эсинде анын "Акындар поэзиясынан" окуган лекциясы менен көбүнчө парктарда кызуу жүргөн элеси калды. Ичкиликке жеңилип берди. Же үйдөн, же жумуштан жок жүргөндө 1984-жылы 11-январда 46 жаш курагында көчөдөн машина уруп кетип каза болуп, акындык тагдыры аянычтуу аяктады.
Байдылданын баасы. Курбанбай Калдыбаев тууралуу кыргыздын кашкөй таланты Байдылда Сарногоев мындай деп жазган эле: "Ырың бар ыкчам аттын жүрүшүндөй, жарк этет жароокердин күлүшүндөй, өргө чап, өз эл тургай өзгө элге жак, Өзгөндүн өзүң жеген күрүчүндөй". Анын талантын Сооронбай Жусуев, Жолон Мамытов, Эрнис Турсунов сыяктуу акындар жогору баалаган.
Акындын мурастары. Курбанбай Калдыбаевдин 2007 саптан турган "Комуз", 2100 саптан турган "Апрель", 2800 саптан турган "Өмүргө жана сага жазган каттар" деген ыр топтомдору даярдалып, бирок ар кандай себептерден улам чыкпай калган экен. ОшМУнун ага окутуучусу Асылбек Айтмамбетов жүгүрүп жүрүп, акын каза болгондон жыйырма бир жылдан кийин 2005-жылы 186 бет көлөмүндө "Сапар түйшүгү" деп аталган ырлар, эскерүүлөр, каттардан куралган 12 басма табак көлөмүндөгү 1000 нускадагы китебин "Айат" басмасынан чыгарды. Бирок ошол китепти түзүүчүнүн маалыматына караганда, акындын ыр жазып, жанында алып жүргөн 28 чөнтөк дептерчеси болгон экен, алары жоголуптур. Булар да бир арман. Курбанбай Калдыбаев өз мезгилинде жакшы чыгып, бирок ошол талантын кармай албай калган адамдын бир мисалы сыяктанат.
Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2023
Жетим өсүп, өз киндигин өзү кескен. Акын Шайлообек Дүйшеев жөнүндө 6 факты
Жаңылыктар түрмөгү
0