Келе жаткан аптада Баткенде аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

© Sputnik / Табылды КадырбековБаткен облусундагы Максат айылы. Архив
Баткен облусундагы Максат айылы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2023
Жазылуу
Аптанын башында көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Синоптиктер алдыдагы аптада Баткен облусунда аба ырайы кандай болорун кабарлашты.
16 жана 17-апрель күндөрү түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
18-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
19-22-апрелде күн ачылып, жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-апрелде жана 17-апрелде күндүз айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.
Бишкектин Эркиндик бульварында сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Күн катуу ысыйбы? Май айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0