УКМК Бишкекте баңгизат жашырып жаткан окуучуларды кармады. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГКНБТуруктуу эл аралык баңги топторунун биринин кылмыштуу ишмердүүлүгү токтотулуп, ал топтун кармалган мүчөлөрүнөн синтетикалык баңгизат болгон мефедрон алынды
Туруктуу эл аралык баңги топторунун биринин кылмыштуу ишмердүүлүгү токтотулуп, ал топтун кармалган мүчөлөрүнөн синтетикалык баңгизат болгон мефедрон алынды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Жазылуу
Балдар эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү болгону айтылды.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Туруктуу эл аралык баңги топторунун биринин кылмыштуу ишмердүүлүгү токтотулуп, ал топтун кармалган мүчөлөрүнөн синтетикалык баңгизат болгон мефедрон алынды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГКНБ

Туруктуу эл аралык баңги топторунун биринин кылмыштуу ишмердүүлүгү токтотулуп, ал топтун кармалган мүчөлөрүнөн синтетикалык баңгизат болгон мефедрон алынды

Туруктуу эл аралык баңги топторунун биринин кылмыштуу ишмердүүлүгү токтотулуп, ал топтун кармалган мүчөлөрүнөн синтетикалык баңгизат болгон мефедрон алынды - Sputnik Кыргызстан
1/4

Туруктуу эл аралык баңги топторунун биринин кылмыштуу ишмердүүлүгү токтотулуп, ал топтун кармалган мүчөлөрүнөн синтетикалык баңгизат болгон мефедрон алынды

© Фото / пресс-служба ГКНБ

Маалыматта 27-март күнү Бишкектин Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчага баңгизаттарын жашырууга аракет кылып жаткан 11 жана 9-класстын окуучулары кармалганы айтылат

Маалыматта 27-март күнү Бишкектин Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчага баңгизаттарын жашырууга аракет кылып жаткан 11 жана 9-класстын окуучулары кармалганы айтылат - Sputnik Кыргызстан
2/4

Маалыматта 27-март күнү Бишкектин Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчага баңгизаттарын жашырууга аракет кылып жаткан 11 жана 9-класстын окуучулары кармалганы айтылат

© Фото / пресс-служба ГКНБ

Тинтүү учурунда баштыктарынан жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык Альфа PVP" баңгизаты жана 0,4 граммдан болгон 69 таңгак (жалпы салмагы 27,6 гр.) табылган

Тинтүү учурунда баштыктарынан жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык Альфа PVP" баңгизаты жана 0,4 граммдан болгон 69 таңгак (жалпы салмагы 27,6 гр.) табылган - Sputnik Кыргызстан
3/4

Тинтүү учурунда баштыктарынан жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык Альфа PVP" баңгизаты жана 0,4 граммдан болгон 69 таңгак (жалпы салмагы 27,6 гр.) табылган

© Фото / пресс-служба ГКНБ

Кармалгандардын баары УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кармалгандардын баары УКМКнын тергөө абагына киргизилди. - Sputnik Кыргызстан
4/4

Кармалгандардын баары УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

1/4

Туруктуу эл аралык баңги топторунун биринин кылмыштуу ишмердүүлүгү токтотулуп, ал топтун кармалган мүчөлөрүнөн синтетикалык баңгизат болгон мефедрон алынды

2/4

Маалыматта 27-март күнү Бишкектин Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчага баңгизаттарын жашырууга аракет кылып жаткан 11 жана 9-класстын окуучулары кармалганы айтылат

3/4

Тинтүү учурунда баштыктарынан жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык Альфа PVP" баңгизаты жана 0,4 граммдан болгон 69 таңгак (жалпы салмагы 27,6 гр.) табылган

4/4

Кармалгандардын баары УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Маалыматта 27-март күнү Бишкектин Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчага баңгизаттарын жашырууга аракет кылып жаткан 11 жана 9-класстын окуучулары кармалганы айтылат. Тинтүү учурунда баштыктарынан жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык Альфа PVP" баңгизаты жана 0,4 граммдан болгон 69 таңгак (жалпы салмагы 27,6 гр.) табылган.
"Аталган заттын 1 граммы базарда 10 миң сомду түзөт, бир таңгагы интернет-мессенджерлер аркылуу 5 000 сомдон сатылууда. Табылган 921 граммдан 2 302 доза чыгат, анын баасы 11 857 500 сомго жетет", — деп айтылат кабарда.
Натыйжада кылмыш иши козголуп, андан аркы ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 4-апрель күнү Жукеев-Пудовкин менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кезектеги ири партияны алып жаткан жеринен Бишкектин 19 жаштагы тургуну колго түшүрүлгөн.
Кармалгандардын баары УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Атайын кызмат бүгүнкү күндө синтетикалык баңгизат каражаттарынын жаңы түрлөрү пайда болуп, ошондой эле байланыштын коопсуз ыкмалары (интернет мессенджерлери, социалдык тармактар) пайдаланылып жатканын белгиледи. Маалыматта мындан улам баңгизаттарды жайылтууну жана сатууну уюштурууга акчалай сыйлык убадалап көбүнчө студенттер жана мектеп жашындагы балдар тартылып жатканы айтылган.
"Буга байланыштуу УКМК ата-энелерди балдарына кам көрүп, убактысын кантип өткөрүп жатканын жана чөйрөсүн көзөмөлгө алууга, ошондой эле тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай кылмыштар үчүн 14 жаштан баштап мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертебиз", — деп жазылат маалыматта.
Учурда аталган баңгизат каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланып, бул багытта активдүү иштер жүргүзүлүүдө. УКМК жарандарды баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катыштыгы бар фактылар болсо билдирип коюуга чакырып, анонимдүүлүк сакталарын убадалады.
Мындан тышкары, мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдар өз ыктыяры менен кызматташууга келсе, улуттук коопсуздук органдары мыйзам чегинде коргоп, жардам берерин белгилеп, 0312-66-04-75; 0312-62-65-04 номерлери аркылуу байланышууга чакырды.
Выявление синтетической нарколаборатории в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2023
Бишкектеги батирде баңгизат даярдап аймактарга тараткан балдар кармалды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0