3 күндөн бери турабыз! Айдоочулар Эркеч-Тамдагы бажычыларга арызданып кайрылды

© Фото / Семетей Азимжан уулуКытайдан жүк ташыгандар "Эркеч-Там" өткөрүү пунктунда 3 күнгө чейин кезек күтүп жатат
Кытайдан жүк ташыгандар Эркеч-Там өткөрүү пунктунда 3 күнгө чейин кезек күтүп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Жазылуу
Жүк ташуучулардын айтымында, кезекке турган унаалар 18 чакырымга чейин созулуп кеткен. Бажычылар мурда убадалагандай күнү-түнү иштебей, кечинде токтотуп коюуда.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргыз-Кытай чек арасынын "Эркеч-Там" өткөрүү пункту аркылуу каттаган жүк ташуучулар үч күнгө чейин кезек күтүп жатканын айтып, Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылышты.
Айдоочулардын бири Чыныбек Эгежанов Кыргызстандын бажы терминалдары жакшы иштебей, узун кезек жаралып жатканын билдирди.
"Бажы терминалына эки жүк таразасын койгон, бирөөсү иштебей турат. Анын себеби белгисиз. Бир унааны таразага тартканга бир сааттай убакыт кеткен учур көп болот. Анан өзүбүзгө кире турган жүктү рентгенге тартса болот да, Өзбекстанга өтчү транзитти дагы киргизип атпайбы. Ага да бир топ убакыт кетет. Мурдагы күнү бир күн иштебей турушту, көрсө сейф-пакет даярдоочу кагазы түгөнүп калыптыр. Аны бул жактан жаап берсе, кийинки терминалга барганда бажычылар өзү ачышы керек. Канча машина чыгарын билет, запасы менен алып келип коюшса болот да, түгөнгүчө отура бербей. Анан Бажы кызматынын жетекчиси терминал 24 саат иштей турганын айткан эле, бул жакта 10 саат иштеп эле жаап коюшууда", — деп нааразы болду айдоочу.
Эгежановдун айтымында, Кыргызстан ашып кетсе күнүнө 150 унааны өткөрөт, ал эми Кытай тарап сегиз саатта эле 300дөй машинаны чыгарууда. Мындан улам кезек 18 чакырымга чейин созулуп кетүүдө.
© Фото / Семетей Азимжан уулу

Кыргыз-Кытай чек арасынын "Эркеч-Там" өткөрүү пункту аркылуу каттаган жүк ташуучулар үч күнгө чейин кезек күтүп жатканын айтып, Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылышты

Кыргыз-Кытай чек арасынын "Эркеч-Там" өткөрүү пункту аркылуу каттаган жүк ташуучулар үч күнгө чейин кезек күтүп жатканын айтып, Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылышты - Sputnik Кыргызстан
1/3

Кыргыз-Кытай чек арасынын "Эркеч-Там" өткөрүү пункту аркылуу каттаган жүк ташуучулар үч күнгө чейин кезек күтүп жатканын айтып, Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылышты

© Фото / Семетей Азимжан уулу

Айдоочулардын бири Чыныбек Эгежанов Кыргызстандын бажы терминалдары жакшы иштебей, узун кезек жаралып жатканын билдирди

Айдоочулардын бири Чыныбек Эгежанов Кыргызстандын бажы терминалдары жакшы иштебей, узун кезек жаралып жатканын билдирди - Sputnik Кыргызстан
2/3

Айдоочулардын бири Чыныбек Эгежанов Кыргызстандын бажы терминалдары жакшы иштебей, узун кезек жаралып жатканын билдирди

© Фото / Семетей Азимжан уулу

Эгежановдун айтымында, Кыргызстан ашып кетсе күнүнө 150 унааны өткөрөт, ал эми Кытай тарап сегиз саатта эле 300дөй машинаны чыгарууда. Мындан улам кезек 18 чакырымга чейин созулуп кетүүдө.

Эгежановдун айтымында, Кыргызстан ашып кетсе күнүнө 150 унааны өткөрөт, ал эми Кытай тарап сегиз саатта эле 300дөй машинаны чыгарууда. Мындан улам кезек 18 чакырымга чейин созулуп кетүүдө. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Эгежановдун айтымында, Кыргызстан ашып кетсе күнүнө 150 унааны өткөрөт, ал эми Кытай тарап сегиз саатта эле 300дөй машинаны чыгарууда. Мындан улам кезек 18 чакырымга чейин созулуп кетүүдө.

1/3

Кыргыз-Кытай чек арасынын "Эркеч-Там" өткөрүү пункту аркылуу каттаган жүк ташуучулар үч күнгө чейин кезек күтүп жатканын айтып, Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылышты

2/3

Айдоочулардын бири Чыныбек Эгежанов Кыргызстандын бажы терминалдары жакшы иштебей, узун кезек жаралып жатканын билдирди

3/3

Эгежановдун айтымында, Кыргызстан ашып кетсе күнүнө 150 унааны өткөрөт, ал эми Кытай тарап сегиз саатта эле 300дөй машинаны чыгарууда. Мындан улам кезек 18 чакырымга чейин созулуп кетүүдө.

"Буга чейин биздикилер Кытайга караганда бат иштеген. Азыр эмне болуп жатат билбейм. Мисалы, бүгүн эртең менентен бери Кытайдан 100 машина чыкты да, биздин чек ара пунктуна чейин нейтралдуу аймакка толуп калды. Кыргыз тарап 50дөй дагы унаа тейлей алган жок. Мындан улам бошогон сайын өткөрүп жатат. Кытайлар чек арасына жакын жерге унаа токтотуучу жай кылып берген. Бул жерде ажатканасы, ашканасы же бир суусу жок. Эч кандай шарты жок, чаңыган жерде эле турабыз. Ушинтип үч күнгө чейин жатып калып атабыз. Азык-түлүктү 1-2 күн сактасаң болот экен, андан кийин ачка калабыз. Жакын жерде дагы дүкөндөр жок", — деди Эгежанов.
Мындан улам Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Бажы кызматына кайрылып, жооп ала алды. Мекеменин маалымат кызматы "Эркеч-Там" өткөрүү пунктунда бажы кызматкерлери күнү-түнү эки смен менен иштеп жатканын билдирди.
"Негизи пункт суткасына 100 жүк ташуучу унааны өткөрүүгө ылайыкташкан. Бирок азыркы учурда күнүнө импорт жана транзиттик товар ташыган 350-400 автоунаа таризделип жатат. Андан сырткары, жеңил унаалар дагы бар. Узун кезектин негизги себеби Өзбекстанга жүк ташыган унаалардын кескин көбөйүп кеткенине байланыштуу. Мындан улам "Эркеч-Там" бекетиндеги бажы кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Инспектордук-кароо комплекси, тараза сыяктуу техникалык каражаттар үзгүлтүксүз иштеп жатат, бузулган учур катталган эмес. Беш күндүк иштөө тартиби жети күнгө өттү", — деп жооп берди Бажы кызматы.
Ошондой эле мекеме азыркы кырдаалдын жаралышына айдоочулар өздөрү убактысын туура пайдаланбай жатканы да себеп болорун белгиледи.
"Бажы операциясын жана көзөмөл жүргүзүүнү тездетүү үчүн жүк ташуучулар же жүктүн ээлери товары чек арага келгенге чейин эки саат мурун маалыматты алдын ала бажычыларга берүүгө милдеттүү. Бирок алар мындай талапты аткарбайт же өз убагында документин даярдап келишпейт. Мындан улам дагы унаалар топтолуп калууда. Өз кезегинде Бажы кызматы алдын ала маалыматты берүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Аны менен катар мекеме жүк ташуучулар Бажы кызматынан башка дагы чек ара, ветеринардык, фитосанитардык жана транспорттук кызматтардын көзөмөлүнөн өтөрүн кошумчалады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй баштаган кытай делегациясынын өкүлдөрү менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Кыргыз-кытай кызматташтыгына тоскоол болгон чектөөлөрдү алып салуу талкууланды
Жаңылыктар түрмөгү
0