ЖМК: жашыруун документтер ачыкталып, АКШ союздаштарына жооп бере албай жатат

© Sputnik / Михаил Тургиев / Медиабанкка өтүүВашингтондогу Ак үй. Архив
Вашингтондогу Ак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
Жазылуу
ЖМКлар Пентагон социалдык тармактарга материалдардын чыгып кеткени боюнча ишти иликтей турганын жазган. Анда украин күчтөрүнүн абалы жана АКШ менен НАТОнун аны бекемдөө пландары тууралуу айтылган эле.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. АКШ социалдык тармактарга Пентагондун жашыруун маалыматтары чыгып кеткенден кийин кырдаалды жөнгө салууга аракет кылып жатат. Бул туурасында Sputnik радиосу Politico басылмасына шилтеме кылып кабарлады. Андагы маалыматтарда Лондондун, Брюсселдин, Берлиндин, Дубай жана Киевдин расмий адамдары Вашингтонду бул маалыматтардын интернетке чыгып кеткени боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылганы айтылат. Басылма алардын маңыздуу жооп ала электигин да билдирген.
АКШнын Европа менен Перс булуңундагы союздаштары бул жаатта тынчсыздануусун билдирип, Америкадан окуянын залалын азайтуу жана мындан ары да калган маалыматтардын тарап кетпеши үчүн көрүлгөн чаралар боюнча отчет талап кылган.
Американын чалгын кызматынын, Мамлекеттик департаменттин жана Пентагондун жогорку даражалуу аткаминерлери бул иш боюнча иликтөө жүрүп жаткандыгын айтышкан. Учурда адистер жашыруун делген маалыматтардын элге тарап кеткен бөлүгүн аныктап жатканы маалым болду.
Politico басылмасына документтердин ачыкталып кеткен ыкмасы жана анын мазмуну башкачараак болуп жатканын америкалык чалгындын мурдагы аналитиги айтып берген.
"Сноудендин файлдары" сымал журналисттердин тобунан өтүп, анан социалдык тармактарга жайылып кетпей, жөн гана жайгаштырылган мындай көлөмдөгү жана кеңири форматтагы учурду эстей албай жатам", — деген экс-чалгынчы аналитик.
Жашыруун маалыматтардын жайылып кетиши
Буга чейин ЖМКлар Пентагон социалдык тармактарга материалдардын чыгып кеткени боюнча ишти иликтей турганын жазган. Анда Украина күчтөрүнүн абалы жана АКШ менен НАТОнун аны бекемдөө пландары тууралуу жазылган эле. New York Times марттын башындагы дата коюлган документтер "россиялык өкмөткө ыктаган Telegram-каналдарда" жайылып жатат деген маалыматты берген. Интернетке 100дөн ашуун документтин жайылып кетиши жана анын келтирген зыяны оңбогондой эле болушу ыктымалдыгы айтылды.
Пентагондон РИА Новостиге маалыматтын кантип ачыкталып кеткенин иликтеп жаткандыгын айтышты. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул боюнча суроолорго жооп берип жатып чатакка АКШ, НАТОнун түз же кыйыр тиешеси бардыгынан Москва шек санабай турганын билдирди.
РИА Новостиге АКШнын коргонуу министринин эл аралык коопсуздук боюнча мурдагы жардамчысы Чэс Фримэн Американын жашыруун документтеринин жайылып кетишин Украина боюнча кырдаалдын туура эмес бааланышына нааразы болгон адам уюштурушу мүмкүн деген пикирин айткан.
Украинанын аскер кызматкерлери Киев облусунда аскердик машыгуудан өтүп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
CNN: Киев сыр документтер чыгып кеткендиктен "аскердик планын" өзгөрттү
Жаңылыктар түрмөгү
0