Куттуктоолор менен каалоо-тилектерге Sputnik кошулуп, скауттан КМШнын Аткаруу комитетинин башчысына чейинки татаал жол тууралуу сүрөт түрмөк жарыялайт.
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин баш катчысы Сергей Лебедев 9-апрелде өзүнүн 75 жылдыгын белгилөөдө.
Куттуктоолор менен каалоо-тилектерге Sputnik кошулуп, скауттан КМШнын Аткаруу комитетинин башчысына чейинки татаал жол тууралуу сүрөт түрмөк жарыялайт.
Лебедев Өзбек ССРинин Жизак шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, апасы Ленинград блокадасын баштан кетирген.
Ошол жылдардагы көптөгөн балдардай эле Сергей да космонавт болууну кыялданчу. Анын Герман Титовго арнаган ыры "Пионерская правда" газетасына жарыяланган.
Бирок тагдыр башкача чечим кабыл алган. Комсомолчу тез эле контрчалгындан байкалды. Ал жерден кийин СССР КГБсынын Биринчи башкы башкармалыгына кызмат кылууга кетип, 1975-жылы чет өлкөгө: адегенде ГДРге, андан кийин Боннго (ГФР) жөнөтүлгөн.
Лебедев 2000-жылдын 20-майында Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору болуп дайындалган. Үч жылдан кийин ага Армиянын генералы наамы ыйгарылат.
Жаңы кызматында Лебедевге татаал, Россиянын Тышкы чалгындоо кызматы менен чет элдик чалгын кызматтарынын өз ара иштешкен пунктуларын табуу миссиясы жүктөлгөн. Сүрөттө Сергей Лебедев ЦРУнун башчысы Жорж Теннет менен.
Тышкы чалгындоо кызматын жетектеп турган жети жыл бою Сергей Николаевич дүйнөнүн ар кайсы аймактарын кыдырып, башка мамлекеттердин атайын кызматтарынын өкүлдөрү менен жолугушкан
Лебедев КМШнын Аткаруу комитетинин башчысы катары өзүнүн миссиясын мындайча баяндаган: "Мен үчүн биздин элдерибиздин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты сактоо – ыйык иш".
Лебедев "Мекен алдындагы кызматы үчүн" ордени менен сыйланган. Андан тышкары, Өзбекстандын "Дустлик" ордени, Беларустун "Ардак" ордени, Молдованын Улуу Стефан ордени жана коңшу мамлекеттердин көптөгөн сыйлыктарынын ээси.