Лавров түркиялык кесиптеши Чавушоглу менен жолукту. Талкууланган маселелер

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүРоссия менен Түркиянын ТИМ башчылары Сергей Лавров менен Мевлют Чавушоглу
Россия менен Түркиянын ТИМ башчылары Сергей Лавров менен Мевлют Чавушоглу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2023
Жазылуу
РФ ТИМинин жетекчиси Түркияга барган.
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Россия менен Түркиянын ТИМ башчылары Сергей Лавров менен Мевлют Чавушоглу жолугуп, Украина, Ливия, Тоолуу Карабахтагы кырдаалды, ошону менен бирге эки тараптуу мамилелерге байланышкан маселелерди талкуулашты. Дипломаттар жолугушуунун жыйынтыгы менен журналисттердин суроолоруна жооп бергенин Sputnik радиосу жазды.
"Алгач өзүбүзчө сүйлөштүк, андан кийин делегациялар жолукту. Албетте, Украина темасы талкууланган башкы маселе болду, бир катар регионалдык көйгөйлөр айтылды. Дагы бир ирет эл аралык укуктун негизинде сүйлөшүү жолу менен согуш аягына чыгарына ишенип турганыбызды билдирдик. Абалды жөнгө салуу үчүн Анкара бардык аракетин көрөт", — деген түркиялык министр.
Жолугушууда Ливиядагы кырдаал жана Армения менен Азербайжандын ортосундагы мамилени калыбына келтирүү дагы талкууланган.
Лавров Чевушоглу менен "Аккую" атомдук электр станциясынын ишке кирүүсү тууралуу да сүйлөшкөнүн кабарлады. Буга катар ал "Түндүк агым" түтүктөрүндөгү жарылуунун иликтенишине да токтолгон. Министрдин айтымында, терактыны териштирип жаткан мамлекеттер "улуу жолдошунун" буйругунан аттап өтүп, иликтөөнүн жыйынтыгын коомчулукка алып чыгары күмөн.
Лавров, мындан тышкары, Киев менен сүйлөшүүлөрдү Россиянын мыйзамдуу кызыкчылыгы менен тынчсыздануусу эске алынса гана ишке ашышы мүмкүн экенин белгиледи.
"Президент да, РФтин бир катар расмий өкүлдөрү да буга чейин бир нече ирет сүйлөшүүлөрдөн баш тартпай турганыбызды айтышкан. Бирок бул сүйлөшүүлөр Россиянын мыйзамдуу кызыкчылыгы менен тынчсыздануусу эске алынганда гана ишке ашат. Биз бул тууралуу көп жыл бою батыштагы кесиптештерибизге айтып келдик. Бирок алар баарын текебердик менен четке кагып келишти", — деди Лавров.
Жолугушууда учурда актуалдуу болуп турган эгин келишими да талкууланды.
"Эгин келишиминин ишке ашуусу тууралуу кеп кылдык. Макулдашуунун мөөнөтүн узартуу Россия менен Украинадан эгин алып чыгуу үчүн эле эмес, дүйнөлүк азык-түлүк каатчылыгынын кесепетин азайтууда да маанилүү. Россиядан жер семирткич алынышына болуп жаткан тоскоолдуктарды жоюу керек деген оюбуз бир чыкты. Бул багытта Россия менен биргелешип жасай турган кадамдарыбыз талкууланды", — деди Чавушоглу.
Андан соң Лавров Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолукту.
РФ Тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Лондон Киевге акталган уран кошулган снаряд ташыса кесепетин өзү тартат
Жаңылыктар түрмөгү
0