Татарскийдин өлүмү: бюст тапшырылып, жарылуу болгон учурдун видеосу

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүВ Санкт-Петербурге при взрыве погиб военкор В. Татарский
В Санкт-Петербурге при взрыве погиб военкор В. Татарский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2023
Жазылуу
Тергөө аскердик кабарчы Владлен Татарский каза болгон кылмышты жасоо Украинанын аймагында ойлонуштурулганын айтты.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Интернет айдыңына шектүү Дарья Трепованын Санкт-Петербургдагы кафеге кирип белекти бергени жана жарылуудан кийинки видео тарады.

Окуянын төркүнү

2023-жылдын 2-апрелинде Санкт-Петербургдагы кафеде жарылуу жаңырган. Анын кесепетинен аскердик кабарчы жана блогер Владлен Татарский (чыныгы аты-жөнү — Максим Фомин) көз жумган.
Тартип сактоо органдарынын билдиргенине караганда, жарыла турган буюмду маркумдун чыгармачыл кечесине чакырылган коноктордун бири алып келген. Коробкада Татарскийге бериле турган белек — скульптура болгон. Тергөө шектүү катары Трепованы айтып жатат. Кийинчерээк Тергөө комитети ишти башкача квалификацияга өткөрүп, аскердик кабарчыны өлтүрүүгө пландалган теракт деп атады. Жарылуу болгондо Татарскийдин өлүмүнөн сырткары 32 киши жабыркаган. Алардын ичинен алтоонун абалы оор бойдон калууда. Тергөө бул кылмышты жасоо Украинанын аймагында ойлонуштурулганын айтты. Киевдин журналисттин өлтүрүлүшүнө тиешеси бар экендигин Антитеррордук улуттук комитет да айтууда. Алардын маалыматында адам өмүрүн алган жарылууну Украинанын атайын кызматы Алексей Навальныйдын тарапташтарынын катышуусу менен пландашкан.

Ажалдуу белекти тапшырган ирмемдер

Интернетте шектелип жаткан кыздын Татарскийге бюстту тапшырып, андан соң жарылуу болгон учурлардын видеосу тарады. Кадрдан Трепова даана көрүнүп турат. Кабарчы аны Настя деп атап, жакыныраак отурууну айткан. Ал эми конок "тартынып" жатканын билдирген.
"Видеонун бөлүгү кесилгени көрүнүп турат. Алгач Трепова аскердик кабарчынын жанында отурат, андан соң жайлатылган кадр кетет, жарылуунун учуру жабыштырылып койгон сымал болуп турат. Окуяга күбө болгондор мурдараак белекти тапшыргандан кийин жана жарылууга чейин 10 мүнөттөй убакыт өткөнүн билдирген", — деп жазган RT.

Жарылуу жаңырган учур

Кафеде жарылуу болгон ирмемдер да жарыяланган.

Жарылуудан кийин эмне болгон?

Социалдык тармактарга жарылуунун биринчи секундаларынын да видеосу чыкты. Анда Трепованын окуядан кийин кафеден чыгып (1:23) кеткен учурун көрүүгө болот.
Шектүү бюстту өзү жасашы мүмкүн. Анын Telegram каналын карап чыккандан кийин RT ушундай жыйынтыкка келген.
"Шектүү скульптура жөнүндө жазып, кызыккан сымал ар кыл скульпторлордун сүрөттөрүн койгон. Постторунун биринде бул анын сүйүктүү иши экендигин билдирген", — деп белгилеген басылма.
Өткөн жылдын декабрь айында Трепова россиялык ыктыярчынын скульптурасынын сүрөтүн жарыялап, өзүм жасадым деп билдирген.
"Постторуна караганда, келбеттерди жасоо менен алектенген. Демек, Владлен Татарскийдин чыгармачыл кечесине бюст-скульптураны өзү жасашы да мүмкүн. Эгерде андай болсо, Трепова анын ичинде жардыргыч бар экендигин билбеши мүмкүн. Анткен менен мурдараак күйөөсү ЖМКларга аялы ичинде жашыруун тыңшагычы бар бюстту берем деп ойлогон болушу мүмкүндүгүн айткан", — деп билдирди RT.
Шектүүнүн досторунун айтымында, оппозициялык көз карашта болуп, Трепова Навальныйдын "акылдуу добуш берүү" стратегияларына катышып жүргөн. Ал мурда түзгөн жашыруун тармактын активисти да болушу мүмкүн. Татарскийдин жана анын тегерегиндегилердин ишенимине кириш үчүн патриоттук каналды алып барган деген ойлор да айтылууда. Трепова каналында анын чыгармаларынан үзүндүлөрдү да келтирип жүргөн дешти.
Россиянын Тергөө комитетинин унаасы Москванын көчөсүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2023
Петербургдагы кафенин жардырылышына шектелген кыз кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0