Кызымдын кыялы өзгөрүп, кандай мамиле жасоону билбей калдым. Эненин каты

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучу кыз. Архив
Окуучу кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына өткөөл курактагы кызынын мамилесине, кыял-жоругунун өзгөргөнүнө кабатырланган эне кат жазган.
Саламатсыңарбы! Биз шаарда жашайбыз. Үч балам бар. Жолдошум экөөбүз тең иштейбиз. Улуу кызыбыз 6-класста окуйт. Азыр өткөөл курак болуп жатабы, айтор, мүнөзү абдан өзгөрдү. Кичине урушуп койсом же бир жакка жибербей койсом кыялын көрсөтөт. Мурда үй ишине жардам берип, бөбөктөрүнүн сабагын карап турчу. Азыр андай эмес. Телефон чукуп, өз сабагын араң карайт. Керек болсо мага атаандашып калганын байкайм. Абдан ачуум келет, бирок ушундай курагында сокку болбосун, бир нерсе болуп калабы деп корком. Бирөөнү шылдыңдап күлүп, бирөөнү кемсинте сүйлөгөнүн угуп калам. Анын баарын теңтуш кыздары менен болгон бир орток түшүнүк болуп жатканын билип жатам, бирок мындай көрүнүш мага жакпайт. Акырын айтып да түшүндүрдүм, бирок мени уккусу келбегени байкалып турат. Анткени мени мурунку замандын кишиси, азыркы түшүнүктөн артта калгандай карап коёт. Ушунун айынан үйдө келишпестик көп болчу болду. Өзүм төрөгөн кыз менен ушундай акыбалда ойлонуп каларымды ойлобоптурмун. Абдан жаман болуп жатам. Жалгыз кызым. Болбосо кызым жакшы эле, болгону өзгөрдү. Үй жумушунан көбүрөөк жардам берип койсо, мага кадимкидей атаандашып, идиштерди тарсылдатып калат. Кызымдан кийинки экөө уул. Бирөө төртүнчү, кичүүсү биринчи класста окуйт. Чынында баарынын сабагын карап, тамак-аш, үй ишине кызымдын жардамысыз жетишпей калам. Эми азыр кадимкидей ал да өзүнчө кароону, мамилени, энергияны талап кылып жатат. Көрсө, бөбөктөрүнүн сабагын карап, өзүн-өзү эптегени мага чоң жардам болуптур. Кээде чоң энесине, туугандарына жибербей коём. Анткени ал кетсе дем алышта сырттагы иштерди да бүтүрө албай калам. Бөбөктөрүнө баш-көз болот. Андай кылганыма да нааразы, тамак ичпей коркутат. Чоң энесине мени жамандаган адат таап алды. Акырын айтсам, кайра айтышканда "бар анда ошол энеңе" деп койгом. Ошондон бери "чоң энемдикинде тургум келет" деп атасын көндүрүп, ал да макулдугун бериптир. Атасы да "кызым апама жакын" деп сүйүнгөнү менен коопсуздугун ойлогон жок. Мен эле каршы болуп жаман көрүнүп жатам. Себеби секелек кызды башка үйдө жашатуудан корком. Ар кандай окуялар болуп жатат. Кайындарым бизден өтө деле алыс жашабайт. Маршрутка менен жарым сааттык жол. Бирок үйүнө киши көп келет. Кайнимдин достору кээде түнөп калат. Аны түшүнүп, менин оюмду угуп койгон киши жок. Өткөөл курактан кантип жеңил өтүүгө болот? Азап экен. Кийин кайра мурунку калыбына келеби? Кызым эмнегедир кыжырданып жаткандай сезилип жатат.

Психолог Гүлнара Жасоолова

— Ар бир курактын өнүгүүсү жана кризистик учуру болот. Өспүрүм курак өзгөчө. Дене түзүлүшү, психологиялык жактан таанып-билүү чөйрөсү да өзгөрөт. Кошо өсүп-өнүгүшү керек. Өткөөл курактын опурталдуулугу — гормондору толук иштелип бүтө элек убак болот. Баланын өзүнүн талаптары, медициналык жактан да муктаждыктары байкалат. Бул кезде өспүрүмдөр ачуулуу тартып, өзүнчө болгусу келип, башкарууну каалап калат. Өзүнүн "менин" көргөзгүсү келет. Бирок жашоодо өз алдынча болууга даяр эмес, ошондуктан ата-эне менен мамиле курууда кыйынчылыктар жаралат. Бул куракта социалдык жактан жүрүм-турум нормалары моралдык жактан өздөштүрүлөт. Ар бир бала ар кандай көтөрөт. Айрымдар пассивдүү куракта өткөөл мезгилге кабылгандыктан тынч эле өтөт. Кээде балдар ата-энесинен жашынып, качып калат. Чоңдор көбүнчө өзүбүзгө салыштырып, "биздин убакта мындайды билген эмесмин" деп айта беребиз. Кат жазган эне кызынын кызыкчылыгын эмес, өзүн ойлоп жатат. Бөбөктөрүн карачу, үй жыйначу деп жатпайбы. Эне өзүнүн жашоосун, түйшүгүн балага таңууласа да анда ушундай реакция пайда болот. Мектептен кемсинткен мамиле көрсө, реакциясын үйдөн чыгарат. Үйдө болсо мектептен чыгарат. Ошондуктан бала менен мамиле түзүп, ата-энеден кеңеш алууга үйрөтүү керек. Ушул учурда позитивдүү мамиле кылса бала да бул курактан жакшы өтүп кетет. Медицинада 16 жашка чейин баланын 80 пайызы калыптанары айтылат. Андан ары да 20-25 жашка чейин толук кандуу чоң адам катары жетилет. Үйдөн негативдүү мамиле болгондо да бала турмуштук тажрыйбасы болбогондуктан жүрүм-турумунан чыгарат.
Психологдун кабыл алуусунда болгон аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2023
Кызым ооругандан кийин тилин таба албай жатам. Эненин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0