00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Переход на 12-летку в КР. Как педагоги адаптируются к обучению первоклассников?
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
09:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Миграция, энергетика, инфрастурктура — беседа о развитии ЕАЭС
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө 11 мал союучу жай ЕАЭБ талабына ылайык иштейт — быйыл эпизоотиялык абал кандай болду?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Экспорттун көлөмү эмнеге азайды? — Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча иштер күчөтүлөт
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Эпосы как тайная история тюркских народов — беседа с ученым из Алтая
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кепилдик фонддун ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын жыйынтыгы: ишкерлерге колдоо жана санариптештирүү
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кызым ооругандан кийин тилин таба албай жатам. Эненин каты

© Фото / Pexels / SHVETS productionПсихологдун кабыл алуусунда болгон аял. Иллюстративдик сүрөт
Психологдун кабыл алуусунда болгон аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялыкты сактоо менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына кызынын ден соолугуна сарсанаа болуп, арга издеп, жан алакетке түшкөн аял кат жазган.
Саламатсыңарбы! Мен 55 жаштамын. Айылда турабыз. Кичүү кызым быйыл студент болуп, азыр шаарда турат. Жакында эле мугалими шашылыш чакыртканынан жетип келдим. Көрсө, кызым сабакта отуруп эле дубалга сүйөнгөн боюнча бир жерди карап, жарым сааттай жалдырап тура бериптир. Жанындагылар жулкулдатса да болбой катып, көзү токтоп калыптыр. Андан кийин дароо айылга алып барып үй-бүлөлүк дарыгерге көрсөтсөм дароо Жалдагы оорукананын неврологуна багыттама жазып берди. Келип көргөздүм, ошондон бери өзүмө келе албай ыйлап-сыктап жүрөм. Айрымдар кыргызчылык деп жатат. Билбейм, молдого алып барсам кичинесинде катуу коркуп калганын айтат. Невролог мени чыгарып жиберип өзү менен сүйлөшкөндө кызым "жеңем менен жакшы сүйлөшчүмүн, сырдашчумун. Байкем менен урушуп, жеңем кетип калган. Жакында эле жеңем "болду, келбейм" дегенде аябай кыжалат болуп, нервденгем" дептир. Ошол жеңесине сырдашчу экен. Кичинесинен эле түнт кыз. Элден обочолонуп турат. Сырын айта бербейт. Мени менен сырдашпайт. Өзүм деле көп ашыкча сөз айтчу эмесмин. Кыялы түнт болгондуктан эч кимибиз катуу айтпай, көп сүйлөгүсү келбесе жайына койчубуз. Азыр сурамыш этип сөзгө тартсам, мурда мектептен да ушинтип ээси ооп туруп калган учуру болгонун айтты. Бирок бизден жашырыптыр. Ушинтип туруп калганда эмне болгону эсинде жок экен. Жанындагыларды унутуп каларын айтат. Жүрөгүм түшүп жатат. Кызым менен сүйлөшөйүн десем мени менен ачылып сүйлөшпөйт. Кантип өзүмө тарсам болот? Кандай туура мамиле кылууну билбей жатам. Мындайда этияттап мамиле кылуу керектигин айтып жатышат. Учурда психологиялык оор абалда. Бирок кызымды өзүмө тартуум керек. Унчукпай эле жүрөт. Кантем?
Психолог Сажира Абдыкаимова: Саламатсызбы?! Сиз кызыңызга эмне кылганда жардам бере аласыз? Анын жашоосу канткенде жеңилдейт? Жаныңыздан чыгарбай карайсызбы? Врачтардын айтканынын бирин дагы калтырбай жасадыңызбы? Же кызыңыз жасап жатабы? Эгер көйгөй бар болсо, чечүү жолу дагы бар чыгар. Кандай ойлойсуз, кызыңыз мындан ары кандай жашоодо жашайт? Кызыңызды ойлогондо сиз өзгөчө эмнеден коркуп кетесиз? Эмне үчүн мектептеги окуяны сиздерге айткан эмес? Эгер депрессияда болсо, аны аныктоо үчүн психотерапевтке кайрылыңыздар.
Бир сөз менен айтканда, бул кызга психолог эмес, психотерапевт керек. Балким, ар кандай дары-дармек да жазып берет. Кызына кандай мамиле жасоо керектигин үйрөнүү максатында апасына дагы психолог керек өңдүү. Бул жерде кыз өтө авторитардык үй-бүлөдө чоңойгонун көрүп турам. Өзүнө кам көрүү, эс алуу, өз оюн айтуу деген нерсе да жок болгондуктан өз көйгөйүн жашырып айткан эмес. Корккон же апасын аягандыр.
Бул жерде көп көйгөй болушу мүмкүн. Балким, ата-энесинин ден соолугу жакшы эмес же турмушунда оор кырдаал болгон. Бир гана кеңеш - создуктурбай тез арада психотерапевтке кайрылгыла.
Аялга карата зордук-зомбулук. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2023
Кызганычтан кол көтөргөн жигитке кантип турмушка чыгам. Кыздын даты
Жаңылыктар түрмөгү
0