Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

НАТО Украинада керемет болуп кетет деп ишенип тургандай... Сереп

© AP Photo / JONATHAN ERNSTАткаминер жана аскерлер НАТОнун логотиби жанында. Архив
Аткаминер жана аскерлер НАТОнун логотиби жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Жазылуу
Дүйнөнүн ар кай бурчунан ок өткөрбөс эски техника, ок-дары топтоп киевдик режимди камсыздап жаткан АКШ менен НАТО ушул тапта Украина Куралдуу күчтөрүнүн көктөмдөгү контрчабуулуна басым жасоодо.
Бул аркылуу атайын аскердик операция зонасында Россия армиясын "талкалоону" көздөйт өңдүү. Жамааттык Батыш менен анын "кол куурчагын" реалдуулукка кайтаруу аларга оор тиет деп боолголойт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Вашингтон менен анын европалык желдеттери Россиянын жеңишине жол бербестен украиналык жаңжалды кантип токтотуунун айласын таба албай турушат. Эч кандай пландары жок эле адатынча эскилиги жеткен куралдар менен жабдууда. Украина Куралдуу күчтөрүнүн бул жаздагы контрчабуулунан алар көптү күтүп жатышат.
Пентагондун башчысы Ллойд Остиндин айтымында, ийгиликке жетүү үчүн "мүмкүнчүлүктөрү көп". АКШнын коргоо министри Сенаттын тийиштүү комитетинин алдында ушундай бүтүмдү чыгарганына караганда, РФ Куралдуу күчтөрүнүн ресурстарын эске албаса керек.
Андан мурдараак Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы Донецк Эл Республикасы, Запорожье жана Херсон облустарына чыгуучу "кургактагы коридорду" жок кылуу үчүн Пентагондун генералдары менен апрелде Крымга контрчабуул жасоонун стратегиясын иштеп чыккан. Днепрди күч менен кесип өтүп, Мелитополду басып алып, Армянск менен Геническиге сокку урууну көздөшөт. Бирок мунун баары кагаз жүзүндө жеңил...
Батыштын виртуалдык дүйнөсүндөгүлөр украиналык контрчабуул Москваны Киевдин шарттарында кепке келтирүүгө жардамчы болоруна ишенишет. Анткен менен элүү чакты донор өлкөлөрдүн биргелешкен көмөгү да, украиналык армиянын дарамети да АКШнын "каалоосунун" аткарылышына, "согуш талаасында Россияны жеңүүгө", ал түгүл атайын аскердик операция зонасында күчтөрдүн салмагын өзгөртүүгө да өбөлгө боло албайт.
Жамааттык Батыш менен кол куурчагына айланган киевдик режим өз "согушунда" эбак утулушкан, бирок "жыгылган күрөшкө тойбойт" өңдүү. Миллиарддаган доллар, евролор украиналык жаңжалдын "кара туңгуюгуна" кирип кетти. НАТОнун буга кеткен чыгымын эсептеп чыгып, каттоого, "Батыш демократиясынын" геосаясий жеңилиши үчүн жооп берүүгө эч ким даабайт.
РФтин үч регионунун территориясында 29-мартта Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрү менен Новосибирскинин "Ярс" ракеталык бирикмесинин масштабдуу машыгуулары башталды.
Кремлдегилер кечээ Украина менен болгон жагдайда атайын операциянын максатына саясий-дипломатиялык ыкма менен жетүү мүмкүн эмес (https://ria.ru/20230329/tseli-1861519360.html). Мурдараак РФтин Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Россия өлкөгө коркунуч туудурган кимди болбосун жок кыларын билдирди (https://ria.ru/20230327/oruzhie-1860934870.html).
Украиналык президент Владимир Зеленский Associated Press басылмасына берген маегинде Батыш өлкөлөрү Украинага авиация бербей, башка куралдар менен жабдууну да кечеңдетип жатканын, анан да абадан коргонуу тутумунун жарактан чыккан бирдиктерин пайдаланууга туура келип жатканын айтып кейиген.
Чындап эле Вашингтондун европалык желдеттери "поезддин алдына түшүп чуркагысы жок". Польша мурда убада кылган МиГ-29 истребителдерин Украина Куралдуу күчтөрүнө берүүдөн баш тартты. Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорнюнун да Украина менен сүйлөшүүлөр жөнүндөгү билдирүүсү да тегин жерден четке кагылган жок. Эске салсак, Mirage 2000 истребителдеринен 40 бирдик берүү жөнүндө эле.
Украин аскерлери Артемовск шаарына жакын жерде турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Артемовск менен Авдеевка — демилитаризациянын негизги түйүнү. Атайын операция
Варшава менен Париж европалык бөлөк өлкөлөр сыяктуу эле көбүнесе Вашингтондун бул жаңжалга баш-оту менен киргенине жараша аракет этүүдө. Маселен, Франция Украинаны 155 мм калибрдеги снаряддар менен жабдуу үчүн куралдын көлөмүн эки эсе көтөрүүгө, ай сайын 2000ге чукул бирдикке жеткирүүгө ниеттенет. Бул – болжол менен Украина Куралдуу күчтөрүнүн бир суткалык "ченеминин" жарымы. АКШ азыр ушул эле калибрдеги дүрмөттөрдүн өндүрүшүн ай сайын 20 миңге жеткирүү ниетинде экенин да эске сала кетели. Ошондой эле америкалык аскер-өнөр жай комплекси НАТОнун бардык мүчөлөрүнүн аскердик өндүрүшүнүн 90 пайызын түзөрү белгилүү.
Америкалыктар өз үстөмдүгүн сактап калуу үчүн күрөштө союздаштарынын көбүн курмандыкка чалууга кайыл. Өз коопсуздугу, РФтин өзөктүк потенциалынын реалдуулугуна өтө олуттуу карайт.
Пентагондун башчысы Ллойд Остин 28-мартта Куралдуу күчтөр боюнча сенаттык комитеттин жыйынында америкалык F-16 истребителдери согуштун азыркы баскычында Украинага жардам бере албастыгын дагы бир жолу баса белгиледи. Киев бул учактарга "келечекте" ээ боло алар, ал эми бүгүн абадан коргонуу тутумдары, ыраакка ок атуучу куралдар, ок өткөрбөс техникалар маанилүү имиш. Ачыгы, Украина Куралдуу күчтөрүнө бериле турган америкалык "Абрамстар" азырынча даяр эмес, ал эми Германия, Канада, Португалия менен Польшадан келчү "Леопарддардын" саны ийгиликтүү контрчабуул үчүн жетишсиз экени айдан ачык.
Киевге берилген заманбап НАТОлук танк жана пехота машиналары жүзгө жетпейт. Согуш талаасындагы САУ Panzerhaubitze-2000, Patriot жана NASAMS зениттик-ракеталык комплекстери өтө эле аз. Украиналык согуштук аракеттер театрында эски М113, Spartan менен Stryker ок өткөрбөс транспортерлору байкалып калат. Булардын акыркысы өз замбиреги тепсе жыгылып калчудай.
Украина Куралдуу күчтөрүндө "Хаммер", армиялык жүк ташуучу унаалар, базаларда кайра калыбына келтирилген М109 тибиндеги өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүштөр бар. Артемовскинин четинде да украиналык артиллеристтер 1946-жылкы үлгүдөгү советтик Д-44 замбиректерин пайдаланганы маалым.
Киевге НАТОлук стандарттарга ылайык контрчабуул үчүн күч жетишсиз, айрыкча кургактагы күчтөргө авиациялык колдоо жок. Украина Куралдуу күчтөрү согуштук аракеттер зонасында артыкчылыкка ээ россиялык истребителдер менен күрөшүүчү каражаттарга муктаж. "Альтернативдик" сокку уруучу дрондор бүгүн абалды өзгөртө албаганы анык.
Россия Аба-космостук күчтөрү Украина Куралдуу күчтөрү тарабынан жасала турган контрчабуулдун мизин кайтарууга даяр. Атайын аскердик операция зонасында россиялык күчтөрдүн тобу жүздөгөн жаңы Т-90М жана Т-72Б3М танкалары менен жабдылды.
РФтин коргоо-өнөр жай комлексинин ишканаларында ок-дары жана курал чыгаруу көп эсе көбөйтүлдү. Россиянын Коргоо министрлиги киевдик режим менен НАТОнун учурдагы жана алдыдагы "чыгымдарынын" деңгээлин так билет. Өткөн суткада эле атайын аскердик операция зонасында Украина өзүнүн Куралдуу күчтөрүнө таандык үч танк, беш пехота машинасынан жана БТР, жети гаубица, ок өткөрбөс 15 унаасынан, анан да 535 аскер кызматкеринен ажырады (https://t.me/mod_russia/25202).
Бир жыл аралыгында украиналык армия 8 400дөн ашуун танк жана ок өткөрбөс машина, 5 520 артиллериялык курал жана зениттик октун реактивдүү тутумунан, 3 620 учкучсуз аппарат, 630 учак жана тик учак, 410 зениттик-ракеталык комплексинен кол жууду (https://t.me/mod_russia/25203).
Белгилүү басылмалардын бири American Conservative АКШнын Россияны чабалдатуу боюнча алдыны көрө албаган саясаты көп полярдык дүйнө түзүмүнө өтүүнү ылдамдатат. Тилекке каршы, набыт болгон жүз миңдеген украиналык жоокер Киев менен Вашингтондогулар Бандера жана Байден жаатында кандай жаңылышканын билбей калышат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Буревестник өзөктүк кыймылдаткычы бар канаттуу ракета. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2023
Беларуска өзөктүк курал жайгаштыруу. Чечимдин өзгөчөлүгү эмнеде?
Жаңылыктар түрмөгү
0