Беларуска өзөктүк курал жайгаштыруу. Чечимдин өзгөчөлүгү эмнеде?

© Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүү"Буревестник" өзөктүк кыймылдаткычы бар канаттуу ракета. Архив
Буревестник өзөктүк кыймылдаткычы бар канаттуу ракета. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2023
Жазылуу
Беларусь Республикасынын аймагына россиялык өзөктүк курал жайгаштыруу – Батыштын агрессивдүү саясатына РФтин союздаш мамлекетинин кыйла олуттуу жообу.
Вашингтондун жетегиндеги НАТОнун Чыгыш Европада географиялык жана функционалдык кеңейиши акылга сыярлык эмес. Мындай жагдай альянстын өзүнүн жана АКШнын кыйроо коркунучун жаратары мыйзам ченемдүү экенин белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Эгер Вашингтон көп полярдык дүйнөнүн реалдуулугуна, тең ата жана бөлүнгүс коопсуздук алгоритмдерине моюн толгой бере турган болсо, Россиянын өзөктүк куралдары планетанын Америка үчүн талуу түйүндөрүндө "акыйкаттыкты чагылдыра" баштаары турулуу.
Беларусь тараптын демилгеси менен Минск менен Москва аталган республиканын территориясына россиялык өзөктүк куралды жайгаштырууга макулдашты. РФ президенти Владимир Путин 25-мартта: "3-апрелден тарта экипажды окутууга киришебиз. 1-июлга чейин тактикалык өзөктүк куралды атайын сактоочу жайдын курулушун бүтүрөбүз", — деп тактаган.
Путин белгилегендей, Россия Беларуска "Искандер" ракеталык комплексин берип, учактарын кайра жабдууга кол кабыш кылган. Улуу Британиянын Украинага акталган уран кошулган ок-дары менен камсыздоо жөнүндөгү билдирүүсү россиялык-беларустук долбоордун ишке ашырылышын тездетти.
РФке союздаш мамлекеттин коопсуздугун чыңдоо кадамы эки өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин бузбайт. Бүгүнкү күндө Москва менен Минск ондогон жылдар бою Вашингтондун европалык союздаштары менен биргеликтеги ишмердигиндей эле аракет этүүдө. Пентагон Германия, Италия, Бельгия, Нидерланды жана Түркиядагы авиабазаларда Россияга НАТОнун көп улуттуу Аскер-аба күчтөрүнүн катышуусундагы болжонгон чабуулу үчүн жүздөгөн термоөзөктүк B61 бомбаларын сактап келери жашыруун эмес.
Кокус чектешкен мамлекеттердин арасынан кастарын тиккен өлкө менен жаңжал тутанып кетсе, Беларустун колунда коргонуу үчүн абдан майнаптуу инструменти – тактикалык куралы болот. Россиялык кесиптештери менен макулдашкан соң аларды беларустук учкучтар жана ракетачылар душманынын мизин кайтарууга ыкчам түрдө колдоно алышат.
Натолук абадан коргонуу тутумдарына кармалбас "Искандер" ыкчам-тактикалык ракеталык комплексинин гиперүндүү ракеталары 500 чакырымга чейин жетери белгилүү. Мындай аралык беларустук адистерге Украинаны айтпаганда да, Польша, Словакия, Литва, Латвия, Эстониянын бүт территориясын мээлеп турууга мүмкүндүк берет. Мындан ары Беларустун чек арасында ою бузук коңшулары абайлап калышат.
Кошмо Штаттар өзүнүн Украинадагы агрессивдүү саясаты өзөктүк согушка кептебей турганына бүт дүйнөнү ынандырууга тырышкан. Минск менен Москва ошол уламыштын бетин ачып койду. Батыш РФке союздаш мамлекеттин өзөктүк курал менен бекемделишинен катуу чочулап, кырдаал "улам кооптуу жана коркунучтуу" болуп баратканын эми гана сезишти.
АКШ "анын кесепеттерине көз саларын" билдирди. НАТО Путиндин билдирүүсүн "жоопкерчиликсиз" деп бааласа, Европа биримдиги жаңы санкциялар менен опузалады. АКШнын экс-президенти Дональд Трамп мекендештерин "сыйынууга" үндөдү. Чындап эле коркунучтуу. Капыстан Россия "америкалык практиканы" эле андан ары өрчүтүп, планетадагы көптөгөн өлкөлөрдүн улуттук коопсуздугун РФтин тактикалык өзөктүк калканы менен бекемдеп койсо эмне болот? Андай абал америкалыктарга жакшылык алып келбейт.
Беларусь менен Россиянын "өзөктүк кызматташтыгы" мүмкүн экени былтыр июнь айында айтылыптыр. Беларуска РФ тарабынан "Искандер-М" ракеталары берилип, беларустук Аскер-аба күчтөрүнүн өзөктүк куралдарды ташый ала турган Су-25 учактарын заманга бапташтыруу тууралуу талкууланган. Ошол иш-чарада россиялык президент Владимир Путин Беларусь жакынкы айларда "кадимки да, өзөктүк ок-дарыларды да" пайдалана турган баллистикалык жана канаттуу ракеталар менен жабдыла турганын билдирген эле.
Британиянын Challenger 2 танкы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лондон, уран кошулган снаряддын Борбор Азияга эмне тийиштиги бар? Пикир
Анда Европадагылар "АКШ менен НАТОнун чечкиндүү позициясы" Беларустун аймагында өзөктүк куралдын пайда болушуна жол бербестигине бекем ишенген. Вашингтон менен Брюсселдин ашкере өзүм билемдиги Минск менен Москванын чечимине таасир эте алган жок. Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко 2022-жылдын августунда: "Баары даяр!" — деди. Белоруссиялык фронттук бомбалоочу Су-24М учактары өзөктүк курал ташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Алар Батыш тараптан чагымдарга жооп кайтарууга даяр турушат. Андай жооп катары соккулардын буталары да аныкталган.
Су-24М күнү-түнү болушунча жапыз уча алгандыктан душмандын абадан коргонуу тутумдарынын каражаттарына дээрлик байкалбайт. Мындай өзгөчөлүгү бутасына карай тактикалык өзөктүк ок-дарыны жеткирерин кепилдейт. Су-24М 8 тоннага чейин жүк ташып, 1500 кг (УПАБ-1500) тескелүүчү бомбадан төрт чактысын ташый алат. Жерден боор көтөрөрдө ылдамдыгы – саатына 1400 км, ал эми бийиктикте – саатына 2320 чакырым. Аскердик радиусу 1300 чакырымга чейин.
Америкалык Military Watch басылмасы Россия Беларуска бир типтеги жүздөгөн машиналардан тышкары 30 Су-24М учагын бериши мүмкүн экенин боолголойт. Беларустук Аскер-аба күчтөрү өзөктүк куралдарды Су-30СМ оор истребителдери менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.
Россиялык "Искандерлер" менен бирге эле Минск Москванын колдоосу менен ыкчам-тактикалык ракеталык комплекстин беларустук модификациясын иштеп чыгууда. "Искандердин" гиперүндүү таамай ракеталары 8 Махтан жогорку ылдамдыкта учуп, украиналык согуштук аракеттер театрындагы буталарын таамай жок кыла алары ырас.
Албетте, Бельгия, Германия, Италия, Нидерланды, Түркия сымал эле Беларусь да өз аймагында тактикалык термоөзөктүк куралдарды жайгаштырып, пайдаланууга акылуу. Европаны Минск менен Москва глобалдык аскердик жаңжалга карай алып бараткан жок, ошентсе да алар агрессорго катуу жазалоону кепилдей алышат.
Батыштын кол куурчагына айланган киевдик режим Россиянын "өзөктүк шантажына" каршы туруу үчүн 26-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын талап кылды.
РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Россия менен анын союздаштарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн тийиштүү чараларды көрүүгө Москванын укуктары бар экенин эскертти. "АКШга баш ийген НАТОдон айырмаланып бул – расмий жалпы аскердик доктринага ээ союздаш мамлекеттин тегерегиндеги кадам. Ошондуктан союздаш мамлекеттин өзүнүн жалпы мамлекеттик территориясында коопсуздукту камсыздоо чаралары жөнүндө кеп болууда", — деп билдирди ал.
Ал эми Беларусь Тышкы иштер министрлиги Россия менен аскердик кызматташтык мыйзамдуу экенин белгиледи. Беларусь коңшу өлкөлөрдө НАТО потенциалын күчөтүшүнө чара көрүүгө аргасыз.
Өзгөчө ок-дары ташыган учактарды айдоочу беларустук учкучтарды окутуу, Беларусь аймагына өзөктүк ок-дарыны жайгаштыруу эл аралык укуктарга каршы келбейт.
Аны менен катар эле il Fatto Quotidiano газетасы Киев менен Вашингтондун көңүлүн чөгөрткөн бир көз карашты жарыялады. Италиялык белгилүү саясатчы, мурдагы депутат Барбара Спинелли: "АКШнын алты администрациянын жетекчилигинде кансыз согуштан берки ондогон жылдар бою Россияга карата Батыш тарабынан берилген убадалар, текеберлик, ички туюмдун жоктугу, катачылыктар үчүн Украина он миңдеген жоокерлеринин өлүмү менен жооп берүүдө. Кыраакылыктан ныпым да жок жол башчы соңку отуз төрт жыл ичинде болгон жердин башаламандыкка дуушар кылды. Анан да андай абалды "эрежелерге негизделген тартип" орноткон (болгондо да америкалык эрежелерге) болду", — деген.
Беларусь менен Россия көп полярдык дүйнө, басымдуу, тагыраагы, НАТОнун курамына кирбеген өлкөлөрдөгү көпчүлүк – адамзаттын 89 пайызы үчүн тең ата жана бөлүнгүс коопсуздуктун пайдасына ушул таптагы эрежелерди өзгөртүүдө. Батыштын караңгылыгы россиялык өзөктүк куралды Беларусь жергесине жайгаштырууга таасир эте албайт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Акталган уран менен снаряд. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия британиялык акталган уранга кандай чара көрөт? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0