00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Участие и роль ЕАБР в развитии Евразийского региона
08:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Айыл чарба тармагында бул жылы аткарылган ат көтөргүс иштер
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
От импорта к производству: как меняется мукомольная отрасль Кыргызстана
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Атайын билим берүү: система жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселелери
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Парламентте гендердик квотаны 50 пайызга жеткириш керекпи? Серепчи менен маек
13:05
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

БУУнун Коопсуздук кеңешинде "Түндүк агымдагы" терактыны изилдөөчү резолюция өткөн жок

© AFP / ANGELA WEISSБириккен Улуттар Уюмунун логотиби. Архив
Бириккен Улуттар Уюмунун логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2023
Жазылуу
Россия газ түтүгү жардырылган эл аралык диверсияны иликтөө боюнча резолюция долбоорун мындан ары добушка койбой турган болду.
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши (КК) "Түндүк агымдардагы" жардырууну изилдөө үчүн Россия сунуштаган эл аралык комиссия түзүү боюнча резолюциянын долбоорун кабыл алган жок.
РИА Новости Россия, Кытай жана Бразилия бул документке макулдугун билдирип добуш берсе, калгандары "калыс" деген позицияны карманганын жазды. Резолюцияны колдош үчүн 15 добуштун ичинен тогуз добуш берилиши зарыл. Буга кошумча, Коопсуздук кеңештин туруктуу мүчөлөрүнүн бири да каршы болбошу керек.
Россиянын БУУдагы ыйгарым укуктуу, туруктуу өкүлү Василий Небензя добуш берүү боюнча мындай картинадан кийин "Түндүк агымдардагы" терактылардын артында ким тургандыгы боюнча мурдагы шектенүүлөр ого бетер күчөгөндүгүн айтты.
"Вашингтон жана анын НАТОдогу союздаштарынын катыштыгы бардыгы боюнча далилдер улам көбөйгөн сайын батыштык лагерь эл аралык иликтөөнүн кереги жок деген нерсеге улам көбүрөөк басым жасап айта баштады", — деген ал.
Дипломаттын айтканына караганда, Россия зарыл болгон бардык жыйынтыкты чыгарат. Небензя кылмыш кандай жасалып, артында кимдер тургандыгы аныкталарына ишенимин билдирди.
Былтыркы жылдын сентябрында россиялык газды Европага экспорттогон "Түндүк агым" жана Түндүк агым — 2" түтүктөрүндө ири жарылуу болгон. Германия, Дания жана Швеция бул атайылап жасалган диверсия болгондугун четке каккан эмес. Владимир Путин муну теракт деп атаган.
Эгерде документ колдоого алынганда Коопсуздук кеңеши БУУнун башкы катчысына "диверсиянын бардык аспектилерин ар тараптуу, калыс, транспаренттүү изилдөө жана терактыны жасагандарды, буюртма кылгандарды, уюштуруучуларды, алардын шериктештерин аныктоо үчүн эл аралык көз карандысыз комиссия түзүүнү" өтүнүп, кайрылмак.
Башкы катчы 30 күндүн ичинде мындай комиссиянын түзүлүшү боюнча Коопсуздук кеңешине отчет бермек. Документке ылайык, КК иликтөөгө буга чейин изилдөө аракеттерин кылып келген бир катар мамлекеттерди кошмок. Кеп Швеция, Дания жана Германия туурасында жүрүп жатат. Мындан сырткары, бул диверсияны жасоого, уюштурууга, каржылоого катышкандар жоопкерчиликке тартылмак.
Небензя Россия бул эл аралык диверсияны иликтөө боюнча резолюция долбоорун мындан ары добушка койбой тургандыгын журналисттерге билдирди. Ага Москва мындай демилгени кайрадан көтөрөбү деген маанайдагы суроо берилген.
"Жетиштүү деп ойлойм. Бул (добуш берүү — ред.) аталган маселеге карата реалдуу мамилени көрсөттү", — деген дипломат.
Пулитцер сыйлыгынын бардыгын алган америкалык журналист Сеймур Херштин айтымында, диверсиянын авторлору — АКШ жана анын НАТО боюнча өнөктөштөрү.
Ал 8-февралда Европага газ экспорттогон россиялык газ түтүктөрүндөгү теракт боюнча иликтөөсүн жарыялаган. Өз маалымат булагына таянуу менен журналист жардыруучу түзүлүштөр магистралдын алдына 2022-жылдын июнь айында Baltops машыгуусуна жамынып АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн суучулдары орнотконун жазган. Херштин айтымында, аларга норвегиялык адистер көмөктөшкөн. Журналист операция боюнча чечимди АКШ президенти Жозеф Байден тогуз айлык талкуудан кийин кабыл алганын белгилеген эле.
Кийинчерээк британиялык The Telegraph гезити Батыштын атайын кызматтары "Түндүк агымдагы" терактыларга украиналык бизнесмендин тиешеси бар деген пикирде экенин жазып чыккан. Ал эми The New York Times гезити россиялык газды Европага жеткирүүнүн негизги маршрутун украиналык топ жарактан чыгарганын, бул адамдардын планынан Киев бийлиги кабардар болбогонун маалымдаган.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков мындай билдирүүлөр алагды кылууга багытталган аракет экенин белгилеген болчу.
Түндүк агымдагы жардыруусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
"Түндүк агымдагы" жардырууга АКШнын тиешеси бар. Путин Херштин иликтөөсүн колдойт
Жаңылыктар түрмөгү
0