Кийинки аптада Таласта аба ырайы кандай болору айтылды

© Sputnik / Михаил ДудинГород Талас. Архивное фото
Город Талас. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кийинки аптада Таласта аба ырайы кандай болорун Кыргыз гидрометеорология агенттиги айтып берди.
Облус аймагында 27-28-мартта жана 1-2 апрель күндөрү жаан-чачын болбойт.
29-мартта күндүз тоолуу райондордо, ал эми 30-31-март күндөрү айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Балыкчы шаарынын кичи районундагы турак-жай имараттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2023
Ысык-Көлдө жамгыр жаайбы? Келе жаткан жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0