№31 абактын дарыгери Цой тайбокс боюнча дүйнө чемпиону болду. Сүрөт
© Фото / пресс-служба Службы исполнения наказаний Минюста КР№31 абактын кызматкери, лейтенант Никита Цой тайбокс боюнча дүйнө чемпиону болду
© Фото / пресс-служба Службы исполнения наказаний Минюста КР
Жазылуу
Тиш дарыгери тайбокс боюнча дүйнө чемпионатында бешинчи ирет жеңүүчү болду.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. №31 абактын кызматкери, лейтенант Никита Цой тайбокс боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан кабарлашты.
© Фото / пресс-служба Службы исполнения наказаний Минюста КР№31 абактын кызматкери, лейтенант Никита Цой тайбокс боюнча дүйнө чемпиону болду
№31 абактын кызматкери, лейтенант Никита Цой тайбокс боюнча дүйнө чемпиону болду
© Фото / пресс-служба Службы исполнения наказаний Минюста КР
Беттеш Бангкок шаарында өткөн. Муну менен спортчу тайбокс боюнча дүйнө чемпионатында бешинчи ирет жеңүүчү болду.
ЖАК жалпы мемекенин жамааты Цой менен сыймыктанып келерин белгиледи. Ал Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 дарылоо-түзөтүү абагында тиш дарыгери.
27 жаштагы Никита дарыгерлердин үй-бүлөсүндө туулган, анын атасы дагы Жаза аткаруу тутумунда медицина кызматкери. Беттештерге машыктыруучу Сыргак Айталиев даярдап келет.