Путиндин ЭКСтин камоо боюнча ордерине жасаган реакциясын Песков айтып берди

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир Путин. Архив
РФ президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2023
Жазылуу
Ал Россиянын президенти кадимки калыбында иштеп жаткандыгын кошумчалаган.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кремль Эл аралык кылмыш сотунун РФ лидери Владимир Путинди камоо боюнча ордер берген чечимине эч нерсе болбогондой эле мамиле жасап, аны "жүрөккө жакын кабыл алган жок". Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биздин өлкөгө да, президентке карата да ачык билдирилген дүйнөдөгү кастык маанайдагы кадамдарды байкап жатабыз. Албетте, буларды белгилеп коюп жатабыз. Эгерде душмандашкан мындай нерселердин баарын жүрөккө жакын кабыл ала берсек, кыязы, андан жакшы деле эс нерсе чыкпайт", — деген пикирин билдирген президенттин администрациясы.
Маалымат катчы президент кадимки калыбында иштеп жаткандыгын кошумчалады.
"Андыктан муну эч нерсе болбогондой эле кабыл алабыз, баарын дыкаттык менен каттап, белгилейбиз, өз ишибизди жасай беребиз. Башкысы, президент өзүнүн ишин кадимки калыбында улантууда", — деген Песков.
Эске салсак, 2023-жылдын 17-мартында II Эл аралык кылмыш сотунун сотко чейинки палатасы Украинадагы абалга байланыштуу эки адамды — РФ лидери Владимир Путин менен балдар акыйкатчысы Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер берген. Чечим 2022-жылдын 24-февралынан бери Украинадан "балдардын мыйзамсыз чыгарылып кетишине" байланыштуу экени айтылган болчу.
Федерация Кеңешинин Конституциялык комитетинин башчысы Андрей Клишас бул ордердин юридикалык эч кандай укуктук негизи жоктугун айткан. Кызыл чеке болгон талаштын кесепетинен соң ЭКС өзүн-өзү жоюу жолунда экендигин кошумчалаган.
Кремль спикери администрация маселенин өзүнүн мындай коюлушун чектен чыккандык жана кабыл алынууга болбой турган нерсе деп баалап жатканын белгилеп, Россия Эл аралык кылмыш сотун жана анын юрисдикциясын тааныбай турганын айтты.
РФтин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова да бул соттун мындай чечимин юридикалык маанисиз нерсе экенин билдирген эле.
"Россия Рим статусунун Эл аралык кылмыш сотунун катышуучусу эмес жана ал боюнча эч кандай милдетти мойнуна алган эмес. Бул орган менен Россия кызматташпайт. Ал эми Эл аралык соттун камакка алуу жөнүндөгү "рецепттери" биз үчүн юридикалык маанисиз нерсе бойдон кала берет", — деген Захарова.
Буга чейин президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россия Эл аралык кылмыш сотун жана анын юрисдикциясын тааныбай турганын айткан.
Аталган соттун юрисдикциясын Россиядан сырткары АКШнын өзү, Кытай, Индия, Израиль, Иран да тааныбайт.
Россиянын АКШдагы элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2023
РФ элчилиги Путин боюнча Эл аралык соттун позициясына АКШ макулдугу боюнча үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0