Мураталиев: Ноорузду жаңы жыл деп түшүнүү туура эмес
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев
Жазылуу
"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев кыргыздар жазгы күн менен түн теңелген учурду Улуу күн деп атап, чоң жыйын өткөрүп келишкенин айтты.
Бул майрамды кыргыздар эгемендүүлүк алгандан бери эле “Нооруз” деп атап калдык. Ага чейин көбүнесе “Улустун улуу күнү” деген аталышы элге жайылган болчу. Мунун өз мааниси бар, анткени кыргыз үчүн күн менен түн теңелген бул жазгы убак жаңы жыл эмес, башка маңызды туюнткан. Мындай пикирин Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мураталиев: Ноорузду жаңы жыл деп түшүнүү туура эмес
Анын айтымында, перс элинин тарыхында да Нооруз күн менен түндүн теңелишинен улам келип чыккан майрам эмес.
"Нооруз – Чыгыш элдери үчүн орду чоң майрамдардын бири. Перс эли “Нооруз” деген аталыш менен белгилеп келген. Кыргыздар да бул майрамды майрамдашкан, бирок биздин ата-бабалар башка улуттардан айырмаланып бир аз башка өңүттө өткөрүшкөн. Байыркы кыргыздар жазгы күн менен түндүн теңелишине өзгөчө көңүл бурушкан. Караңгылык кыскарып, күн узарат, демек, жамандыкты жакшылык жеңет деген мааниде ушул күнү улуттук улуу жыйын өткөрүшкөн. Анда чечилбей келе жаткан талаш маселелер, таарынычтар айтылып, узарган күндөй жакшылыгы мол болсун, жамандыгы кыскарсын деген тилек менен чечимдерди кабыл алышкан. Кыргыздар үчүн азыркы 21инен 22-мартка караган календарлык күн ушундай болгон. Ал эми перс элдери “Нооруз” деп белгилеп калганынын себеби ошол замандарда Жамшуд деген бир падыша шайланып, ал такка отурган күнү чоң майрам уюштурулуп, жыл сайын аны өткөрүү салтка айланган. Бул версиясы “Шахнаме” китебинде айтылат. Ушул эле чыгарманын дагы бир вариантында, ошол эле перс элдеринде Сиявуш деген баатыры болуп, ал калкына абдан күйүмдүү чыгат. Жылдардын бир жылында жаздын күн менен түн теңелген учурунда Сиявуш баатыр көз жумат. Аза күткөн калың журт "эл баккан баатырыбыздан айрылдык, эми мындан ары биздин күнүбүз башкача болот" деген мааниде жыл сайын ушул күндү башка замандын, башка күндүн келиши катары белгилеп калганы айтылат", — деди Мураталиев.
Кыргыз таануучу Нооруз майрамынын дагы бир аталышы катары кыргыз тилинде “Улустун улуу күнү” деп айтылышы да байыркы кыргыздардын ушул күнгө болгон мамилесин туюнтуп турарын кошумчалады.