40тан ашык өлкөнүн өкүлдөрү Москвага русофилдердин кыймылын түзүүгө келет

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүРоссиянын желектери менен адамдар. Архив
Россиянын желектери менен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2023
Жазылуу
Съездде РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавровдун, ТИМдин АКШ, Япония менен гуманитардык байланыштар жаатындагы атайын өкүлү Стивен Сигалдын сүйлөшү күтүлүүдө.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Евробиримдикти, АКШны кошкондо кырктан ашык мамлекеттин өкүлдөрү бүгүн Москвада Русофилдердин эл аралык кыймылын түптөө боюнча съездде (конгресс) жолугат. Бул туурасында РИА Новостиге иш-чараны уюштуруучулар билдирген.
"Бүгүнкү күндө ал тургай Батыш мамлекеттеринде да өздөрүн "русофилбиз" деп атоодон чочулабаган адамдар бар. Ким биздин өлкөнү, анын тарыхын, маданиятын жакшы көрсө, өлкөнүн жана анын элдеринин салттуу баалуулуктарына негизделген Россиянын көп уюлдуу адилеттүү дүйнөлүк тартипти орнотуу боюнча күрөшү менен тилектеш болсо, ошол адамдар келишти. Дал ушул кишилер 14-мартта Москвада Русофилдердин эл аралык кыймылынын (РЭК) конгрессинде жолугат. Бул түптөөчүлөрдүн кездешүүсү", — деп РИА Новостиге айтып берген уюштуруучулардын өкүлү.
Анын билдиргенине караганда, РЭК "Россияны жакшы көргөн, орус маданиятына, орус тилине кызыккандардын башын кошуп", ар кыл диндеги жана саясий ынанымдагыларды консолидация кылат.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, конгресс конокторунун арасында кырктан ашык мамлекеттен, анын ичинде АКШдан, Евробиримдик өлкөлөрүнөн, Африка, Азия мамлекеттеринен келген өкүлдөр бар.
Съездде РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавровдун, "Царьград" компаниясынын башчысы, бүткүл россиялык элдик собордун төрагасынын орун басары Константин Малофеевдин, ТИМдин АКШ, Япония менен гуманитардык байланыштар жаатындагы атайын өкүлү Стивен Сигалдын сүйлөшү күтүлүүдө.
Испаниянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2023
Испанияда Россияны колдоо акциясына 2000ден ашуун адам катышты
Жаңылыктар түрмөгү
0