Окуйм деп борборго бир жумада араң жеткен. Айша Карасаеванын сүрөттөрү
Окуйм деп борборго бир жумада араң жеткен. Айша Карасаеванын сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү, актриса Айша Карасаеванын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан чыгаан окумуштуунун сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт. 08.03.2023, Sputnik Кыргызстан
Айша Карасаева 1912-жылы 8-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Султаналы өз айылында мектеп ачып, сабатсыздыкты жоюу менен алектенген. Илимге умтулган кыз 11 жашында бир жума бою жол жүрүп борбор калаага келип, педагогикалык техникумга тапшырып, Петр Юдахинден сабак алган.1930-жылдары бири-бирин жактырып жолугуп жүргөн түрколог Кусеин Карасаевге турмушка чыгып, экөө Ленинград шаарына билим алганы кеткен. Ал жакта жумушчу факультетинин чыгыш бөлүмүндө окуп, СССР элдеринин тилдери жана жазмалары боюнча илим изилдөө институтунда беш жылдай кенже илимий кызматкер болуп иштеп, кыргыз тилинин стенографиясынын теориясын иштеп чыккан. Эмгекчил филолог пенсияга чыкканга чейин 30 жылдай окутуучулукту аркалап, бир топ кыргыз стенографисттерди тарбиялаган.Илимпоз 2014-жылы 103 жаш курагында көз жумган.Тема боюнча:
Бүгүн кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү, актриса Айша Карасаеванын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан чыгаан окумуштуунун сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Айша Карасаева 1912-жылы 8-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Султаналы өз айылында мектеп ачып, сабатсыздыкты жоюу менен алектенген. Илимге умтулган кыз 11 жашында бир жума бою жол жүрүп борбор калаага келип, педагогикалык техникумга тапшырып, Петр Юдахинден сабак алган.
1930-жылдары бири-бирин жактырып жолугуп жүргөн түрколог Кусеин Карасаевге турмушка чыгып, экөө Ленинград шаарына билим алганы кеткен. Ал жакта жумушчу факультетинин чыгыш бөлүмүндө окуп, СССР элдеринин тилдери жана жазмалары боюнча илим изилдөө институтунда беш жылдай кенже илимий кызматкер болуп иштеп, кыргыз тилинин стенографиясынын теориясын иштеп чыккан. Эмгекчил филолог пенсияга чыкканга чейин 30 жылдай окутуучулукту аркалап, бир топ кыргыз стенографисттерди тарбиялаган.
Жубайлар узак убакыт бирге түтүн булатып үч кызды татыктуу тарбиялап өстүргөн. Улуусу Людмила чейрек кылымдан ашык физикадан сабак берип иштесе, Галина химия илимдеринин кандидаты, кичүү кызы Алтынай медицина илимдеринин докторлугуна чейин жеткен.

Солдон оңду көздөй отурган белгилүү окумуштуу, котормочу Зияш Бектенов, чыгаан түрколог Константин Юдахин, колуна небересин көтөрүп турган Айша Карасаева (Түмөнбаева), анын жанында отурган Кусеин Карасаев жана четте "Известия" гезитинин кабарчысы Геннадий Комаров. Фрунзе шаары, 1960-жылдар