Алайда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

© AFP / BAY ISMOYOСейсмографтын маалыматтары. Архив
Сейсмографтын маалыматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2023
Жазылуу
Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында болгон.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Түндө Ош облусунун Алай районунда жер титиреди. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.
Ага ылайык, 28-февралдын түнү саат 01:36да Кытайдын аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен силкинүү катталган. Анын эпкини Алай районуна дагы тийип, Нура айылында 4 балл, Эркеч-Там жана Икизяк айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2023
Таңда Кыргызстанда эки ирет жер титиреди
Жаңылыктар түрмөгү
0