Таңда Кыргызстанда эки ирет жер титиреди

© AP Photo / Irwin FedriansyahСейсмограф. Архив
Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2023
Жазылуу
Жер биринчи жолу саат 03:42де, экинчисинде 05:58де силкинген.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Таңда Кыргызстанда эки ирет жер титиреп, күчү алты баллга жакын болду. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.
Жер биринчи ирет саат 03:42де (5.1 балл), экинчи жолу 05:58де (5.6 балл) силкинген.
Анын күчү эпиборборунда 6 баллга (магнитудасы 5.6) чукулдап, очогу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы Какшаал тоолорунда болгон.
Бул Ысык-Көл облусундагы Таш-Короо айылынан түштүк-чыгышты карай 50, Эчкилүү-Таштан 55, Кургак айылынан 58, Эңилчек, Кең-Суудан 60, Каракол шаарынан түштүк-чыгышты карай 130 чакырым аралыкта экени айтылды.
Жердин силкинүү күчү Таш-Короо, Кургак, Эңилчек айылдарында 4, ал эми Эчкилүү-Таш, Кең-Сууда 3.5 балл болгон.
Жер титирөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2023
Тажикстанда магнитудасы 7,3кө жеткен жер титирөө катталды
Жаңылыктар түрмөгү
0