Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

БУУнун Башкы Ассамблеясы Украина боюнча антироссиялык резолюцияны кабыл алды

© AFP / ANGELA WEISSБУУнун логотиби. Архив
БУУнун логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2023
Жазылуу
Коопсуздук кеңешинин резолюциясынан айырмаланып Башкы Ассамблеянын документи милдеттүү болуп саналбайт.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. БУУнун Башкы Ассамблеясы Батыш мамлекеттери тарабынан даярдалган "Украинадагы туруктуу тынчтыктын негизинде жаткан принциптер" тууралуу антироссиялык резолюцияны кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Документти 141 мамлекет колдоого алып, жети өлкө каршы чыкса, 32 мамлекет добуш берүүдөн карманган.
Россия, Беларусь, Түндүк Корея, Эритрея, Мали, Никарагуа жана Сирия резолюцияга каршы болгон. Добуш бербегендердин катарында Армения, Кытай, Индия, Куба, Иран, Казакстан, Түштүк Африка, Эфиопия, Вьетнам, Өзбекстан, Кыргызстан, Пакистан жана башкалар бар. Сербия менен Венгрия документтин кабыл алынышына макул болду.
Резолюцияда "Башкы Ассамблея БУУнун уставына ылайык адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетүүнүн зарылдыгын белгилей турганы" жазылган.
Маалыматта документтин тексти "адилеттүү дүйнөгө" украиналык көз караш менен мамиле жасоого ыктаганы айтылган. Анда "Башкы Ассамблея мүчө-мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды, БУУнун уставына ылайык, Украинадагы адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты орнотуу боюнча дипломатиялык аракеттерди күчөтүүгө чакырганы" белгиленди. Башкы Ассамблея Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана биримдигин колдой турганы, Россиядан Украинанын аймагынан аскер күчтөрүн чыгарып кетүүнү талап кылары айтылган.
Мындан тышкары, текстте Москваны тез арада Украинанын маанилүү инфраструктурасына сокку уруусун токтотуп чабуул жасабаганга чакырык ташталган. Ал эми Киевге ушундай эле маанидеги чакырык айтылган эмес. Буга катар Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Донбассты аткылоосун токтотуусу тууралуу да сөз жок.
Бул Башкы Ассамблеянын атайын операция башталгандан берки кабыл алган алтынчы антироссиялык резолюциясы. Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Киевдин "тынчтык" демилгелери жүзөгө ашпай турган сунуштар экенин айткан.
Эскерте кетсек, Коопсуздук кеңешинин резолюциясынан айырмаланып Башкы Ассамблеянын документи милдеттүү болуп саналбайт.
Кытайдын желеги менен экрандын жанында турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай украин кризисин чечүүнүн принциптерин сунуштады. АКШнын жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0