Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШ: Украинага F-16 истребителдери, Abrams танкалары керек эмес

© AP Photo / Susan WalshАКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан. Архив
АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2023
Жазылуу
АКШ Украинага бериле турган куралдар боюнча мурдагыдан башка билдирүүлөрдү жасай баштады.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Америка Украинага азыр F-16 истребителдерин, Abrams танкаларын берүүнүн кереги жоктугун айта баштады, тагыраагы, бул туурасында АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан билдирген.
РИА Новости ага шилтеме кылып жазган маалыматында Украина тараптан болчу контрчабуул туурасында да сөз кылган.
"Алар (украиналыктар) контрчабуулга даярданып жатышат. Биздин пикирибизче, F-16лар контрчабуул үчүн маанилүү делген мүмкүнчүлүктү жаратпайт", — деген Салливан.
Кеңешчи, андан сырткары, Abrams танкалары туурасында да айткан.
"Президент Жозеф Байден аскер адистеринин Abrams танкаларын бул согушта пайдалануунун кажети жоктугу туурасындагы пикирлерин, берген баасын укту. Аларга азыр Leopard танкалары керек", — деген Салливан CNN эфиринде.
Ал Германия өзүнүн техникаларын жөнөтүү боюнча койгон шарттан улам гана АКШ бул танкаларды берип жатат деген тейдеги пикирин билдирген.
Буга чейин РФ НАТОнун мамлекеттерине Украинага курал-жарак берип жатканы үчүн нота жөнөткөн. Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу максатында жөнөтүлгөн жүктүн кандай гана түрү болбосун, Москва үчүн мыйзамдуу бута болорун эскерткен. Мындай кадамдарды жасап, НАТО от менен ойноп жаткандыгын кошумчалаган. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Батыштын Украинаны курал-жаракка толтурушу россия-украин сүйлөшүүлөрүндө ийгилик жаратпастыгын жана өзүнүн терс таасирин тийгизерин айткан.
Лавров АКШ менен НАТО курал жөнөтүп, андан сырткары, Улуу Британиянын, Германиянын, Италиянын жана башка мамлекеттердин аймагында согуштук кадрларды Украинага кайра даярдап берип, аталган өлкөдөгү чатакка толук аралашып жатканын белгилеген.
Leopard 2 танкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина НАТО танкаларынан ала элек жатып кол жууп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0