Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Путиндин маалыматтык “бомбасы”. Россиялык лидердин кеби кызуу талкууда

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2023
Жазылуу
Батыштын контрагенттери "депутинизациядан" сөз козгой баштаганда Россия президенти өз сөзү менен бүт дүйнөнүн көңүлүн бурду.
Анын Федералдык жыйында сүйлөгөн сөзү алдыңкы маалымат агенттиктери аркылуу берилип, сөзүн жыйынтыктап бүтө электе дүйнөлүк басылмаларда кызуу талкуулана баштаганын белгилейт Виктория Никифорова. Серепчинин кезектеги макаласы да РИА Новости сайтына жарыяланган.
Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливанга "Украина Россияга коркунуч туудурган деген пикир маңызсыз" туюлгандай. НАТОлук аскердик техника, инструкторлор, Донбасста улам-улам, Одессада 2014-жылдын 2-майында жай жарандардын өлтүрүлүшү, өзөктүк курал менен кайрадан куралдануу кооптуулугу, айтор, батыштагылардын оюнда булардын баары дүйнө жүзүндөгү тынчтыкты сактоо үчүн болгондой...
"Биз эмес, баарын кылган Путин" деген пикирди британиялык Guardian да, америкалык The New York Times да, жалпыга маалымдоо жана интеллектуалдык басылмалар да коомчулукка таңуулап келет. Алар НАТОнун Чыгышка карай кеңейиши Россияга таптакыр коркунуч туудурбагандай таасир калтырууну самашат.
Путиндин Стратегиялык куралдануу жөнүндөгү келишимдин мөөнөтүн токтото туруу чечими Батыш истеблишментин катуу бушайманга салды. Россиялык лидердин кебинин төркүнүн алар так түшүнүшкөн өңдүү. Батыштагылар үчүн РФ президентинин сөзүнүн маңызы дал ушул чечим болду.
Энтони Блинкен Путиндин чечимин "ийгилик алып келбес, жоопкерчиликке жатпаган кадам катары" баалап, Америка Кошмо Штаттары "Россиянын бул багыттагы аракеттерине тыкыр көз саларына" сөз берди. Чынында АКШнын мамлекеттик катчысы эч кандай техникалык мүмкүнчүлүгү жок экенин кошумчалоону унуткаргандай. Азырынча аталган держава Россияга каршы ачык эле прокси-украиналыктар менен салгылашууда.
Өзөктүк сыноолорду калыптандыруу боюнча Путиндин убадасы Guardian газетасы тарабына дароо эле "Россиянын Украинада өзөктүк курал колдонуу опузасы" катары чагылдырылды. Жамааттык Батыштын өкүлдөрү Россиянын логикасын түшүнбөгөндөй түр көрсөтүп жатышканы менен глобалдык Түштүк жана Чыгыш өлкөлөрүндө Путиндин кебин дароо аңдашты.
Кытай маалымат каражаттары Вашингтондун дүйнөлүк гегемония жаатындагы дооматтарына жол берилбестигин белгилешсе, кытайлык окурмандар Россия менен Батыштын тирешин Улуу Ата Мекендик согушка салыштырышты.
Колониялык тарыхы бар ар бир өлкө Россиянын президентинин сөзүнүн өзөгүн жакшы түшүнүшөт. Дүйнө жүзүндө согуш отун тутантып, башкалардын канын төктүрүп, дайым жалган жана аеосуз эксплуатация менен Батыштын кул сатуучулары байлык жыйнап, өздөрүнүн “алтын миллиардын" түптөшкөн. Ошол урап, кыйрап баратканда алар Россияны “стратегиялык жактан жеңип”, байлыгын сактап, куру дегенде анын ыргагын жайлатууну көздөөдө. Эгер Россия ага туруштук бере албаса, анда Вашингтон каалаган өлкөнү тоноо менен өз абалын чыңдап алууга барары ажеп эмес.
Албетте, андай тизменин биринчи сабында Кытай турары бышык. Кытайлык жолдоштордун интернеттеги пикирлеринде "Россия Батыш үстөмдүгүнө каршы күрөштө негизги ролду ойноп жатышканын" белгилешкени кадыресе көрүнүш. Бирок Кытайдан тышкары андай күнгө дүйнөнүн ар бир мамлекети кабылып калышы толук ыктымал. Эгер бүгүн Россия чабалдык көрсөтсө, Батыш капиталынын көзөмөлсүз гегемониясы ондогон өлкөнүн суверенитетин, экономикасын, улуттук ар-намысын басмырлай турганы турулуу иш.
Желеде Путиндин сөзүнө карата карапайым адамдардын пикирлери жайнайт. Аларда учурдагы тарыхый тирештеги Россиянын ролун аңдап-түшүнүү да, сый-урмат да камтылат. Россия президенти өз сөзүндө абдан жөнөкөй нерселерди баяндады. Атап айтсак, нагыз эгемендүүлүк, өлкөсүн коргоодогу тайманбас чечкиндүүлүк, жаңы, кыйла адилеттүү дүйнө жөнүндө айтты. Булардан сөз козгогон Путин Батыш каймактарына гана кулак кагыш кылбады, бүт дүйнө россиялык президентти тыңдады.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2023
Путиндин Федералдык жыйынга жасаган билдирүүсү. Урунттуу учурлар
Жаңылыктар түрмөгү
0