00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жумабеков: өкмөткө уят, пенсияны көбөйтө албай Конституциялык сотко даттаныптыр

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Дастан Жумабеков. Архив
Депутат Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Жазылуу
Депутат өкмөттүн кадамын уят иш катары сыпаттап, Конституцияда белгиленген нерсе так аткарылышы керектигин белгиледи.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Министрлер кабинети Баш мыйзамда белгиленген пенсия, жөлөк пулдарды жашоо минимумунан төмөн болбосун деген норма талаштуу экенин айтып Конституциялык сотко кайрылды. Бул туурасында аталган органдан билдиришти.
Аталган маселени расмий чечмелеп берүү жөнүндө сунуштаманы Конституциялык сот 10-февралда өндүрүшкө кабыл алган.
"Жашоо минимумунун өлчөмү мыйзам менен белгиленбей Улуттук статистика комитети тарабынан атайын методикага ылайык квартал сайын эсептелет. Мамлекет жарандардын экономикалык эркиндигин, активдүүлүгүн жана мүмкүнчүлүктөрүн чектөөчү мамлекеттик камкордук формасына өтпөөгө тийиш. Жогоруда жазылгандардын негизинде Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүн расмий чечмелеп берүүнү суранабыз", — деп кайрылган өкмөт.
Ал эми парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Дастан Жумабеков "Конституцияда жазылган беренеге ишенбей жатасыңарбы?" деп кайрылуунун себебин сурады.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаСоцфонддун төрагасы Бактияр Алиев
Председатель Социального фонда Бактияр Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев
"Мындай демилге биз тараптан көтөрүлгөн жок. Министрлер кабинети кайрылган. Бул жерде Соцфондго эч кандай тиешеси жок. Пенсия бюджеттен бөлүнсө, биз ошону төлөп беребиз. Азыр топтолгон каражатты бөлүштүрөбүз да. Бирөөнүн акчасын башкага берип сала албайбыз", — деди Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев.
Андан соң депутат мындай иш уят экенин белгиледи.
"Конституцияда белгиленген нерсени чечмелөөгө бергени таң калычтуу болуп жатат. Бул уятыраак иш болуп калды да. Баш мыйзамда жазылдыбы, демек, ал аткарылышы керек. Өкмөт өзү Конституциялык сотко берип атса уят да", — деди Жумабеков.
Белгилей кетсек, Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүмүндө "Пенсиялар, социалдык жөлөк пул жана башка социалдык жардам мыйзамда белгиленген жашоо минимумунан кем эмес жашоо деңгээлин камсыз кылууга тийиш" деп жазылган. Бул мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген. Бирок учурда эң төмөнкү пенсия 3 170 сом. Ал эми пенсионерлердин жашоо минимуму 6 395 сом, жөлөк пул ала турган балдардыкы 6 099 сом болууда.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул норманы быйыл аткара албай турганын айткан. Ошол эле учурда Дастан Жумабеков эгер эл ушул иш боюнча Конституциялык сотко берсе, жооп беришерин эскерткен.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2022
Байсалов: бетке кармабагыла, бюджеттин тартыштыгында эч кандай кризис жок
Жаңылыктар түрмөгү
0