Байсалов: бетке кармабагыла, бюджеттин тартыштыгында эч кандай кризис жок

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2022
Жазылуу
Аткаминер бул жылдагы бюджеттин тартыштыгы жөн гана сан экенин айтып, иш жүзүндө ал үч эсеге аз экенин белгилеген.
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасына бюджеттеги тартыштык эч кандай каатчылыкты шарттабай турганын жазды.
Аткаминер бюджеттеги 30 миллиард сом тартыштыкты айрым компетентсиз сынчылар бетке кармап, бийликти айыптоо үчүн чоң курал катары колдонуп жатканын белгилеген.
"Журналисттер муну "рекорддук дефицит" деп жазып, бүтүндөй дүйнөгө жар салып жатат. Ошол эле учурда алар Садыр Жапаров иштеген үч жыл ичинде бюджет эки эсеге көбөйгөнүн айтышкан жок. Эл маяна, пенсия, пособиенин буга чейин болуп көрбөгөндөй көбөйтүлгөнүн көрүп жатпайбы. Бардыгы мамлекетибиздин ар тараптан динамикалуу түрдө өнүгүп жатканына күбө. Бирок үйдө баатыр болгон биздин бул сынчылар ушул дефицитке эле жармашып калышты", — деп жазган Байсалов.
Ал, мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы менен финансы министри бюджеттеги тартыштык боюнча түшүндүрмө беришкенин, бирок бул түшүндүрмө айрымдарга такыр жетпей койгонун кошумчалаган. Байсалов "тартыштыктын ойдон чыгарылган сандарына" байланыштуу кам санабоо үчүн бир нече мисалды келтирген.
"2022-жылга республикалык бюджеттин кирешеси 282,2 миллиард сом көлөмүндө бекитилген. Ал эми чыгым 291,2 миллиард сом. Бюджеттин бекитилген бул долбооруна ылайык, тартыштык 9,1 миллиард сомду түзүшү керек болчу", — деп белгилеген Байсалов.
Ал кирешенин 8,4 миллиард сомго азайып кетиши — баарынан мурда соода санкцияларынан бажы кирешелеринин жана ЕАЭБ бажы төлөмдөрүнүн жалпы казынасынын азайышы менен байланыштуу деген. Бюджеттик кирешенин акыркы суммасы 273,7 миллиард сом болот деп болжолдонууда.
"Сентябрь айындагы окуядан улам бюджеттен пландалбаган 15 миллион сомго жакын каражат коротулгандыгы эч кимге сыр эмес. Республикалык бюджеттин тиешелүү чыгымдары 12,8 миллиард сомго көбөйүп, жыйынтыгында 304 миллиард сомду түзөт. Мындан бюджеттин тартыштыгы 304-273,7=30,3 миллиард сом чыгууда", — деп жазылат Байсаловдун билдирүүсүндө.
Ал өзүнүн постунда бул "тартыштык" кайда деп суроо салып, мунун баары каатчылыктын көрсөткүчү жана белгиси боло албайт деген.
"Бюджеттик кодекстин бухгалтердик татаал эрежелерине байланыштуу 30,3 миллиард деген суммага өткөн жылдагы түзүмдөрдүн атайын эсептери боюнча мамлекеттик кирешелерден 6,7 миллиард сом дагы кошулганын билесиңерби? "Тартыштык" делген бул сумма 2021-жылдын калдыгы, бирок ал 2022-жылдын бюджетине кирбей калган. Биздин сынчылар "тартыштыктагы" дагы 12,9 миллиард сомду мамлекеттик инвестициялар түзөрүн, башкача айтканда, ар кандай тышкы булактардан алынган сумма экендигин билишеби? Кайталап айтсам, бюджеттик эрежелерге ылайык, ал каражаттарды киреше деп эсептөөгө болбойт, ошондуктан ал "дефицитке" кирет. Бирок ал акча бар да, бүт камсыздандырылган. Жашоодо эч кандай артка кетүү болгон жок!" — деген Байсалов.
Анын айтымына караганда, жалгыз эле эске алуучу дефицит бар, ал бюджеттик киреше менен чыгашанын эле айырмасынан келип чыккан сан, ал 10,7 миллиард сомду түзөт.
"Өзүңөр көрүп тургандай, бул сумма 2022-жылдын бюджеттик долбоорунда пландалгандан 1,6 миллиард сомго гана көп болуп жатат. Эч кандай каатчылык жок. Биз өнүгүп жаткан өлкөбүз. Чечүүгө аракет кылып жаткан миллион маселе бар, бирок ага азырынча каражат жок. Бирок буга карабастан бардык бюджеттик милдеттер өз учурунда толугу менен аткарылып жатат. Айлык, пособие, пенсия өз мөөнөтүнөн кечиктирилбей берилип жатат. Бул жылы мамлекет тышкы карыздын 26 миллиард сомго жакынын төлөдү", — деди Байсалов.
Аткаминер бюджеттеги тартыштык кадимки эле көрүнүш экендигин белгилеп, буга АКШнын мамлекеттик бюджеттеги дефицити бул жылы 1 миллиард 38 миллион долларды түзгөнүн мисал келтирген.
5 миң сомдук купюра. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2022
Бюджеттин 35 млрд. сомдук тартыштыгы эмнеден келип чыкты? Түшүндүрмө
Жаңылыктар түрмөгү
0