Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамырбаев: эми автоунаанын техкароодон өткөнүн бирдиктүү тутумдан билсе болот

© Sputnik / Асель СыдыковаЗаведующий отделом координационной работы по техническим регламентам и стандартам национального органа аккредитации при Министерстве экономического развития Канай Мамырбаев
Заведующий отделом координационной работы по техническим регламентам и стандартам национального органа аккредитации при Министерстве экономического развития Канай Мамырбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2023
Жазылуу
Экономика жана коммерция министрлигинин техникалык регламенттер, стандарттар боюнча иштерди координациялоо бөлүмүнүн башкы адиси Канай Мамырбаев өлкөдө техникалык шайкештикти баалоо боюнча 33 диагностикалык борбор иштерин айтты.
Кыргызстанда азыркы учурда мыйзамга ылайык, жүргүнчүлөрдү, жүк, кооптуу жүктөрдү ташыган автоунаалар, ошондой эле адистештирилген транспорттор техникалык кароодон өткөрүлөт. Бул тууралуу Канай Мамырбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Мамырбаев: эми автоунаанын техкароодон өткөнүн бирдиктүү тутумдан билсе болот
Анын айтымында, эми автоунаа техникалык кароодон өткөнүн бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык тутумдан билсе болот.
"Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден баштап, алардын техникалык регламенти менен иш жүргүзө баштадык. Дөӊгөлөктүү транспорттордун коопсуздугу тууралуу 018/2011 техникалык регламентинин талаптарына ылайык, союзга мүчө ар бир мамлекет техникалык кароону өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык жүргүзөт деп жазылат. Ошонун негизинде Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, техникалык кароодон атайын адистештирилген техникалар (Тез жардам, өрт өчүрүүчү, крандары бар, жыгач ташуучу автоунаалар, самосвал ж.б.), жүк, эл ташуучу автокөлүктөр өтүшү керек. Бул ишкерлердин ишине көмөктөшүү, коопсуздукту сактоо үчүн жасалат. Мамлекеттин аймагында техникалык шайкештикти баалоо боюнча 33 диагностикалык борбор иштейт. Мыйзам боюнча элди жана кооптуу жүктөрдү ташыган транспорттор техникалык кароодон жылына эки ирет өтүшү зарыл. Учурда "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү боюнча жаңыланган Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизди. Анын жардамы менен кызыккан тараптар автокөлүктүн техникалык кароодон өткөнүн жана анын кайсы учурга чейин жарактуу экендигин так биле алат. Ал үчүн сайтка автоунаанын мамлекеттик номерин киргизүү керек. Система транспорт каражаты тууралуу маалыматтарды пайдалануу, топтоо жана сактоону камсыз кылат. Ал өлкөдөгү каттоодон өткөн бардык диагностикалык борборлорго туташкан. Бул онлайн тартипте техникалык кароодон өткөн автокөлүк боюнча тиешелүү маалыматтарды берет", — деди Мамырбаев.
Ал жеке менчик автоунаалардын ээлери техникалык кароодон өздөрүнүн ыктыяры менен өткөрсө болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0