00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
14:55
5 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутат Айдарова: ИИМ башчысынын орун басары Бийбосунов менден качып жүрөт

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2023
Жазылуу
Эл өкүлү ИИМде иштеп кеткен пенсионерлерге, жетим-жесирлерге, майып болгондорго ипотекага үй берүү маселесин көтөргөн.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдун андан качып жүргөнүн айтты.
Эл өкүлү милицияда иштеп кеткен пенсионерлер, жетим-жесирлер, майып болуп калгандар биринчи кезекте турганына карабай Мамлекеттик ипотекалык компаниядан (МИК) турак жай ала албай жатканын билдирди.
"Ички иштер министринен "эмне себептен алар жаңы салынган 216 батирден турган үйдөн ала албай жатышат?" деп сурадым эле. Себеби алар биринчи кезекке турушу керек. Орун басары Адылбек Бийбосунов кат түрүндө жооп бериптир, бирок ичинде эч кандай түшүндүрмө жок. "Өкмөт кандай токтом берсе ошону аткарабыз, анда пенсионерлер, жетим-жесирлер, майыптар боюнча жок. Ошондуктан алардын тизмесин МИКке бере албайбыз" деп жатат. Ушинтип өкмөттүн мүчөлөрүн күнөөлөп жооп беришиптир. Муну ИИМ чече албаса, анда өкмөт чечип берсин. Убагында кызматын пайдаландык, эми кереги жок болуп калдыбы алар?" — деди Айдарова.
Депутаттын айтымында, Бийбосунов пенсионерлер, эл өкүлүнүн жардамчысы барса да кабыл албай ар кандай шылтоолор менен качып жүрөт.
"Ушул жерде сүйлөөгө мажбур болуп жатам. Мага келсин, тиштебейбиз, отуруп чечишип алалы дегенге карабай качып жүрөт. Мейли, кача берсин, бирок бул менин көйгөйүм эмес да, ошону түшүнбөй жатат. Адылбек Качкынбекович, азыр мени көрүп жатсаңыз, пенсионерлерди кабыл алыңыз же мага келип түшүндүрүп бериңиз. Качпаңыз, булар биздин ардагерлер, сый-урмат менен узатышыбыз керек", — деди депутат.
Андан соң Айдарова президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бул маселе боюнча өкмөттүн тийтиштүү кызматтарына тапшырма беришин суранды.
Депутат Карим Ханджеза. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2023
Депутат Ханджеза: идеологиялык тарбия жок, жаштар хайп кармоого өтүп алды
Жаңылыктар түрмөгү
0